16.10.2023 №101 2023-жылдын 8-октябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 8-октябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы №183 жарлыгы менен (мындан ары - Жарлык) дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депуттарын шайлоо болуп өттү.
Жарлыктын 2-пунктунда төмөндөгүлөр каралган: «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
- убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын».
Жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында «2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтому кабыл алынган (2023-жылдын 27-сентябрындагы №94 токтомунун редакциясында).
Ушул токтом менен 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү формасы жана добуш берүү үчүн модернизацияланган жабдуулары пилоттук режимде апробациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган, ошондой эле пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилген. Аралыктан добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында аралыктан шайлоо участогу түзүлгөн.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 4 шайлоо участогу жана 1 аралыктан шайлоо участогу ачылган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен аралыктан добуш берүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясы түзүлдү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 3 шайлоо округу түзүлгөн.
Саруу айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 41 талапкер катталган, анын ичинен 13 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат аялдар.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 6062 шайлоочу киргизилген, анын ичинде 5952 шайлоочу – участоктордо добуш берүү үчүн киргизилген, ал эми 110 шайлоочу аралыктан добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген.
Добуш берүүгө бардыгы 1611 шайлоочу катышты, бул добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин жалпы санынын 26,58 % түздү.
5952 шайлоочудан 1547 шайлоочу участоктордо добуш берди, бул участоктордо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 25,99 % түздү.
110 шайлоочудан 64 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул аралыктан добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 58,18 % түздү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябындагы токтому менен бекитилген «Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жөнүндө» убактылуу жобого ылайык:
- №3190, №3191, №3192 жана №3249 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасынын 2023-жылдын 8-октябрныдагы протоколдордун негизинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депуттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85, 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомдоруна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы протоколу бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жана Саруу айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Саруу айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2023-жылдын 16-октябры
№ 101