16.06.2023-ж. №58
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
«№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек аралары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 5-сентябрдагы №684 токтому менен бекитилген.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 51 шайлоо участогу түзүлгөн.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 124 908 шайлоочу киргизилген.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 32 талапкерди каттаган, анын ичинен катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде үч талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого
29 талапкер катышты.
Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы №5/1 чечими менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (мындан ары - конституциялык Мыйзам), № 1062 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколунун маалыматына ылайык, 50 шайлоо участкасында жыйынтыктар чыгарылган:
- Айдаралиева Таалайкүл Муратовна - 151 (0,87%) добуш алды;
- Айтбаев Акыл Казакович - 964 (5,61%) добуш алды;
- Суваналиев Омурбек Исакович - 852 (4,96%) добуш алды;
- Сарылдык уулу Илгиз - 43 (0,25%) добуш алды;
- Субанов Айбек Манасбекович - 274 (1,60%) добуш алды;
- Аттокур уулу Илимбек - 889 (5,18%) добуш алды;
- Эмилов Темир Аттокурович - 209 (1,00%) добуш алды;
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович - 402 (2,34%) добуш алды;
- Скорняков Андрей Владимирович - 171 (1,00%) добуш алды;
- Айткулов Муктарбек Мукулович - 715 (4,16%) добуш алды;
- Тербишалиев Данияр Омурзакович - 470 (2,74%) добуш алды;
- Сагидаева Салтанат Ариповна - 326 (1,87%) добуш алды;
- Керимбеков Бакыт Макенович - 24 (0,14%) добуш алды;
- Искаков Эртай Дуйшобекович - 1299 (7,56%) добуш алды;
- Сариев Улан Алмасбекович - 2043 (11,90%) добуш алды;
- Камбаров Мирлан Адилбекович - 87 (0,51%) добуш алды;
- Бекназаров Руслан Азимбекович - 400 (2,33%) добуш алды;
- Касмалиев Ажыбек Кадыркулович - 205 (1,19%) добуш алды;
- Рысалиев Бактыбек Коржубаевич - 60 (0,34%) добуш алды;
- Исмаилова Карачач Джумаевна - 34 (0,20%) добуш алды;
- Булекбаев Эркин Касымович - 39 (0,22%) добуш алды;
- Тазабекова Гүлшат Алпамышовна - 17 (0,10%) добуш алды;
- Кунакунов Максат Касымжанович - 204 (1,19%) добуш алды;
- Мадылбеков Эльдар Туратбекович - 114 (0,66%) добуш алды;
- Ниязалиева Дамира Абаскановна - 6185 (36,02%) добуш алды;
- Бакир уулу Турсунбай - 374 (2,18%) добуш алды;
- Макешов Кубанычбек Бектемирович - 28 (0,16%) добуш алды;
- Токталиев Акин Усубалиевич - 56 (0,33%) добуш алды;
- Маликов Аким Маликович - 68 (0,39%) добуш алды;
-«Баарына каршы» позициясы үчүн - 372 (2,17%) добуш берилди.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 28 арыз, даттануулар жана билдирүүлөр келип түшкөн.
Келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.
Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык: «Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынан келип түшкөн материалдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечими менен конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузгандыгы үчүн № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылган, ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык талапкер Д.А. Ниязалиева боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.
Талапкер Д.А. Ниязалиева тарабынан соттук тартипте даттанылганда Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечими мыйзамдуу деп таанылып, күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесинин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык: «Кассациялык инстанциясынын сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт».
Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык эгерде талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүнүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыктарын анык эмес деп таанылат
Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколуна ылайык №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны 51 шайлоо участкасында 17 425 шайлоочуну түзгөн, алардын ичинен талапкер Д.А. Ниязалиева үчүн 6185 (36,02%) шайлоочу добуш берген, бул добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санынын үчтөн биринен ашыгын түзөт.
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: «Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого катыша албайт».
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1, 6-бөлүктөрүнө, 64-беренесинин 21-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколунун, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечиминин, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы чечиминин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 16-июнундагы токтомунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык талапкер Д.А. Ниязалиеванын пайдасына берилген 6185 добуш санындагы шайлоочулардын добуштарын камтыган шайлоо бюллетендери анык эместерге кошулуу менен жараксыз деп табылсын.
2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо анык эмес деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2023-жылдын 16-июну
№58