26.06.20ж. №118 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын констиутциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бириктирилген маалыматтардын формасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
4. Тѳмѳндѳгүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 85 токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 26-июну
№ 118