08.10.2021 №726 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкадыров Замирбек Кочкорбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бошкоева Перизат Нуршамиловна комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары                                    Н. Койчукеев

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-октябры

№ 726