06.10.2021 №724 Ош облусунун Ноокат районунун №5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Ош облусунун Ноокат районунун №5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Ош облусунун Ноокат районунун №5526 шайлоо участкасынын имараты канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районунун №5526 шайлоо участкасынын дареги Жаш айылынын Ысаков Пазыл көчөсүндөгү толук эмес орто мектебинин эски имаратынан, Жаш айылынын Жаш көчөсү, 5 дарегиндеги орто мектебинин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.
2. Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегинин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-октябры
№724