05.07.2024 №78 № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 109 Жарлыгы менен № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.
Шайлоону уюштуруу үчүн 54 шайлоо участогу түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесине 91 057 шайлоочу киргизилген.
№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 9 талапкерди каттады. Мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо 9 талапкер шайлоого катышты.
№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 4-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгѳ 25 701 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 28.23% түздү.
5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тобунан келип түшкөн арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы № 242 чечими менен № 5385, №5401, № 5452, № 5400, № 5380 шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүү чечими кабыл алынды.
КР БШКнын мүчөсү М.Д.Наспековдун катышуусунда 2024-жылдын 4-июлунда жогоруда аталган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо өткөрүлдү.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуштарды кайра саноодогу протоколдорунун маалыматарына ылайык көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктыры жана натыйжалары өзгөргөн жок. Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 4-июлунда Ноокат округдук шайлоо комиссиясы № 5385, № 5401, № 5452, № 5400, № 5380 шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра саноонун жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялардын протоколдорун эске алуу менен №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:
1. Дуванаева Гулнара Качыбековна– 360 добуш (1,40 %);
2. Марипов Бакытбек Асамидинович– 11 596 добуш (45,12 %);
3. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович– 4759 добуш (18,52 %);
4. Ажикулов Бакытбек Турсуналиевич– 627 добуш (2,44 %);
5. Толонбаев Санжарбек– 1785 добуш (6,95 %);
6. Кудайбердиев Элдар Абдималикович – 2222 добуш (8, 65%)
7. Айдосов Айболот Абдурахманович - 511 добуш (1,99%);
8. Абдикеримов Каныбек Айдарович- 158 добуш (0,61%);
9. Кыланов Касымбек Омурбекович - 3308 добуш (12,87%);
10. «Баарына каршы» позициясына 101 шайлоочу добуш берген (0,39 %).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат».
№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 26 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 14, ЫЧКТга -11, көзөмөлдөө-текшерүү тобунуна - 1) түштү.
Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган жана түшүндүрмөлөр берилген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 5-июлундагы отурумунда КР УКМКнын Ноокат району боюнча башкы башкармалыгынын, КР ИИМнин тергөө кызматынын, Ноокат районунун ички иштер органдарынын, Ноокат прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө келип түшкөн сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду.
Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонунун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.
Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 30-июнунуна дайындалган № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/) – көчүрмөсү тиркелет.
№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 4-июлундагы протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер жана прокуратура органдарынын маалыматтарын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Марипов Бакытбек Асамидинович № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 5-июлу
№ 78