04.07.2024 №75 № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу
«№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы № 116 Жарлыгы менен № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.
Шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесине 122 975 шайлоочу киргизилген.
№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 5 талапкерди каттады. Мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо 5 талапкер шайлоого катышты.
№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгѳ 16 425 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 13.36% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:
1. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 10 623 добуш (64,68 %);
2. Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич - 780 добуш (12,8 %);
3. Турпанов Милан Калыбекович - 131 добуш (0,80 %);
4. Карамушкина Ирина Юрьевна- 1 930 добуш (11,75 %);
5. Алмаз уулу Аскар- 2 461 добуш (14,98 %);
6. «Баарына каршы» позициясына 376 шайлоочу добуш берген (2,29 %).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат».
№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 16 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 7, ЫЧКТга - 9) түштү.
Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 4-июлундагы отурумунда КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын, КР ИИМнин тергөө кызматынын, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө келип түшкөн сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду.
Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонунун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.
Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 30-июнунуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/) – көчүрмөсү тиркелет.
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер жана прокуратура органдарынын маалыматтарын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 4-июлу
№ 75