04.05.2024 №47 №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

«№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 77 Жарлыгы менен №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек аралары бекитилген. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55 шайлоо участкасы түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 125 386 шайлоочу киргизилген.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын   Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттаган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде талапкер Т.Ж.Кадыровду каттоо жокко чыгарылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги №97 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 14-бөлүгүндө белгиленген талаптардын бузулгандыгына байланыштуу (каржылоо эрежелерин бузуу) талапкер М.Б.Маматкуловду каттоо жокко чыгарылган.

БШКнын бул чечими соттук тартипте даттанылып, Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 27-апрелиндеги чечими менен күчүндө калтырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 98 чечими менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинде белгиленген талаптардын бузулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Эргешовду каттоо жокко чыгарылды.

БШКнын бул чечими соттук тартипте даттанылып, Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 27-апрелиндеги чечими менен жокко чыгарылган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 12 талапкер катышты.

«№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» Ош округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде добуш берүүгө 23 078 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 18,41% түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй добуштарын алышты:

  1. Мамаев Абдилазиз Абдырахманович - 910 добуш (3.94%);
  2. Танабаев Нурлан Исамидинович 108 добуш (0.47%);
  3. Бакир уулу Турсунбай получил 730 добуш (3.16%);
  4. Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич - 573 добуш (2.48%);
  5. Арзибаев Бекболот Осконбаевич – 3 093 добуш (13.40%);
  6. Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович - 1 291 добуш (5.59%);
  7. Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – 10 097 добуш (43.75%);
  8. Абдугапаров Авазбек Абибулаевич - 376 добуш (1.63%);
  9. Балтабаев Абдивали Жакыпович - 208 добуш (0.90%);
  10. Лилиенталь Юлия Викторовна - 337 добуш 1.46%;
  11. Караев Эмиль Жаныбекович - 564 добуш (2.44%);
  12. Эргешов Ильичбек Салыевич – 3 436 добуш (14.89%);

«Баарына каршы» позициясына 619 (2,68%) шайлоочу добуш берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын эң көп санын алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты болуп таанылат.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКга шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды бузуулар жөнүндө 17 арыз жана билдирүү келип түшкөн, алар компетенциясы боюнча шайлоо комиссияларында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык   чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестринде чагылдырылган (https:// shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij - deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/) – көчүрмө тиркелет.

БШКнын 2024-жылдын 4-майындагы жыйынтыктоочу жыйынында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (С.Б. Макилов), Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (К.А. Тургуналиев), Ош шаарынын прокуратура органдарынын (З.А.Тойчубаев, К.Ж.Насипов) камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР УКМК Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын (А.Молдоалиев) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу боюнча кѳрүлгѳн чаралар жѳнүндѳ  маалыматтары угулду.

Ош шаарынын ИИББ жана прокуратурасынын маалыматтарына ылайык, 26 билдирүү келип түшкѳн, алардын 24 боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Бир материал боюнча кылмыш иши козголгон (добуштарды сатып алуу), бир материал кылмыш ишинин алкагында бириктирилди.

Жүргүзүлгөн тергѳѳ амалдарынын жыйынтыгы боюнча «аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу» кылмыш иши боюнча ѳнүрүш токтотулган.

Ош шаардык прокуратурасы көзөмөл тартибинде кабыл алынган чечимдер текшерилип, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылганын билдирди.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары чыгарылган күнү добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизген бузуулар, аларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги жөнүндө текшерилбеген материалдар болгон эмес.

Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ош округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы №7 протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер жана прокуратура органдарынын маалыматтарын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун,  8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Эргешов Бекмурза Аскарбаевич №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 4-майы

№ 47