01.11.2021 №766 2021-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2021-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

 

2021-жылдын 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы № 705 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жумаев Талант Аскаралиевич, Калматов Нурсултан Абдураимович, Туйчиев Алтынбек Шеркузуевич Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-октябрындагы протоколу менен Отуз-Адыр айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, Т.А. Жумаев - 10 добуш, Н.А. Калматов – 11 добуш, А.Ш. Туйчиев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-октябрындагы протоколу менен Калматов Нурсултан Абдураимович Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, арыз ээсине жооп кат түрүндо жиберилген (чыг. №Ж-747, 2021-жылдын  1-ноябры).

2021-жылдын 12-октябрындагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-октябрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1.  Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Калматов Нурсултан Абдураимович Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА           

  Бишкек ш., 2021-жылдын 1-ноябры

№ 766