Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
|
|
Кыргыз Республикасынын |
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»
ЖОБО
(КР БШКнын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 317, 2021-жылдын 15-сентябрындагы №691, 2023-жылдын 5-майындагы №47 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн, ошондой эле шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер саясий партиялар жана башка шайлоо процессинин субъекттери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоо мыйзамдарын бир түрдүү пайдаланууну камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары - конституциялык Мыйзам), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссия) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1-глава. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү түшүнүгү жана мөөнөттөрү
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлерге (талапкерлердин тизмеси) же болбосо аларга каршы добуш берүүгө түрткөн же болбосо түртүү максатын көздөгөн шайлоо өнөктүгүнүн мезгилиндеги маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иштери шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 317 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин бардык тизмесин каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып башталат жана добуш берүүгө чейин 24 саат калганда токтотулат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоо өткөрүлгөндө конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан эркин үгүт иштерин жүргүзүү камсыз кылынат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, ар кандай талапкер талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
8. Шайлоо кампаниясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар талапкер талапкерлердин тизмесин сунуш кылган талапкердин, саясий партиянын макулдугу боюнча гана жана анын шайлоо фондусу аркылуу каржылоо талап кылынган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Үгүт иштери жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет басылмалар аркылуу чогулуштарда, митингдерде өткөрүлүшү мүмкүн. Үгүт иштеринин формасы жана усулу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
9. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерлердин тизмелерин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
10. Шайлоо өткөрүүдө үгүт иштери төмөндөгүлөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды кошпогондо, эл алдында ачык үгүт иштерин (митингдерди, чогулуштарды, теле дебаттарын) жүргүзүү аркылуу;
3) басылма, аудиокөрсөтүү жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;
4) конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда.
Кыргыз Республикасынын, саясий партиянын гимнин аткаруу концерт болуп саналбайт.
11. Үгүт жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга төмөнкүлөр укуксуз:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- байкоочулар;
- эл аралык байкоочулар;
- диний уюмдардын өкүлдөрү;
- кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү;
- 18 жашка чыга элек адамдар (шайлоо өнөктүгүндө эмблемалар, логотиптер, ураандар, слогандар же талапкердин сүрөтү менен талапкердин, саясий партиянын сүрөттөрүн кошо алганда, анын ичинде таратылган үгүт материалдарындагы мындай адамдардын билдирүүлөрүн колдонуу);
- чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
- жарандыгы жок адамдар;
-аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.
2-глава. ДСМЧ шайлоочуларды үгүттөөнүн өзгөчөлүктөрү
12. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, аудиокөрүү жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуктуу.
Талапкерлер, саясий партиялар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн окуу үчүн ыңгайлуу болгон чоңойтулган тамгалар менен басылган, сурдокоторууну жана субтитрлерди, ошондой эле Брайль тамгаларын пайдалануу менен, үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүт материалдарынын басылма жана башка нускалары же алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
3-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүү формасы
13. Шайлоо алдындагы үгүткө Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитештирилген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары катышууга укуктуу.
14. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүсүнө бирдей шарттар кепилденет.
15. Талапкерлер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин формасын жана мүнөзүн белгилеп алууга укуктуу.
16. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акысыз берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:
1) талапкерге, саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
2) (КР БШК нын 2023-жылдын 5-майындагы N47 токтомуна ылайык ылайык күчүн жоготту);
3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтарды терс комментарийлер менен таратууга;
4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.
(КР БШК нын 2023-жылдын 5-майындагы N 47 токтомунун редакциясына ылайык )
17. Талапкердин, саясий партиянын катталган тизмеден талапкерлердин чыгып сүйлөөсүн токтотууга, ошондой эле аны кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
18. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкер талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
19. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын уюштуруучулары жана бир эле учурда талапкерлер же болбосо конституциялык Мыйзамга ылайык алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже ушул Жободо каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында көрсөтүлгөн адамдар акысыз обо убактысын пайдаланганда үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
20. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
21. Ушул жобонун 20-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмаларда жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
22. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөттөрүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүк жарнагын, ошондой эле талапкерлерди көрсөткөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдаланган жарнакты төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү жана добуш берүү күнүнөн мурунку күнү мындай жарнакка, анын ичинде шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн жарнакка жол берилбейт.
23. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына же интернет-басылмаларда жарыялоо укугуна акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылмалардын ээси тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитациялоо максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
Берилген маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жалпыга маалымдоо үчүн шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 25 күндөн кеч эмес жарыяланат.
24. Катталган талапкерлери көрсөтүлгөн саясий партияларга эфирдик убакыт, басылма орундарын берген же интернет-басылмаларда укук берген телерадио уюмдар, интернет-басылмалар жана мезгилдүү басма сөз редакциялары (менчигинин түрүнө карабастан) ушул жободо белгиленген эсеп жүргүзүүнүн түрүнө жана тартибине ылайык алардын көлөмү жана баасы тууралуу өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн ар бир 10 күнүндө жана добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынан суроо-талап келип түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясы суроо-талап берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде ага жазуу жүзүндө маалымат берүүгө, ал эми зарыл болгон учурда суралган материалдардын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
3.1. Теле көрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
25. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, же интернет-басылмалар, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражаттары талапкер талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга бул телерадио уюмдарынын каналдарынан акысыз обо убактысын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу - саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.
26. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкер талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмү регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында жумушчу күндөрү отуз мүнөттөн кем болбоого тийиш.
27. Ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн телерадио уюмдары, шайлоонун деңгээлине жараша, талапкердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү талапкерлердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүсү тийиш. Сактамга калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир талапкер, саясий партия катталган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
28. Талапкерлерге, саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
29. Талапкерлерге, саясий партияларга менчигинин түрүнө карабастан обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.
30. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
31. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен катталышкан талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга чүчүкулак өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө билдирет жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтты алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн табыштамаларды каттайт.
Катталган талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тийиштүү телерадио уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тийиштүү шайлоо комиссиясы өткөрөт. Бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тиешелүү округдук шайлооо комиссиялары жүргүзүүгө укуктуу. Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен таризделет. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфирдик убакытты бөлүштүрүү графиги шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана тийиштүү түрдө мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.
3.2. Айтышууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
32. Биринчи жана экинчи абзац КР БШКнын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту.
Бөлүнгөн акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбү айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн талапкерлеринин тизмесин көрсөтүшкөн саясий партияларга гана берилет. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей негизде жол берилет.
Айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү жалпы улуттук деңгээлде жүргүзүлөт.
Ошондой эле айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү ушул Жобонун 20-пунктуна жараша аймактык телерадио уюмдарында жүргүзүлүшү мүмкүн.
33. Эгерде телерадиокомпаниялардын орун-жайлары бардык талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн бир учурда батыра албаса, айтышуулар бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бир учурда же талапкерлердин, саясий партиялардын топтору менен өзүнчө өткөрүлүшү мүмкүн. Айтышуулардын катышуучу топторунун курамы чүчүкулак тартуу аркылуу аныкталат.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына, ошондой эле регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга катталган талапкерлер, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.
Катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.
34. Бардык талапкерлерге, саясий партияларга айтышууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө чыгып сүйлөө үчүн бирдей убакыт берилет. Оппоненттерге суроо берүү үчүн жумшалган убакыт да жалпы эсепте эске алынат.
Берилген убакытты пайдаланууну программаны көрүүдө байкаса болот (ар бир телерадио уюмдар таймер коюп, талапкердин убактысын көрсөтүп турат). Убакытты эсепке алуу үчүн жоопкерчилик тийиштүү телерадио компанияларга жүктөлөт.
Эгерде талапкер тийиштүү раундга бөлүнгөн убакыттын лимитинен ашып кетсе, убакыттын ошол саны талапкер үчүн бөлүнгөн убакыттын жалпы санынан алынып салынат.
Айтышуулар, эреже катары, төмөндөгү компоненттерден турат:
1) талапкердин, саясий партиянын программасын көрсөтүү;
2) суроолорго жооп берүү;
(Айтышууларда берилүүчү талапкерлер үчүн суроолорду Борбордук шайлоо комиссиясы мөөр басылып чапталган конверттерде жөнөтөт, алар кошумча түрдө сейф-пакетте жайгаштырылат жана түз эфирде айтышуулардын жүрүшүндө ачылат. Талапкерлер конверттерди суроолору менен тандабай туруп алышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир катышуучуга суроолордун санын бирдей таркатууну эске алуу менен суроолорду бирдей санда даярдайт);
3) спикерлердин бири бирине суроолор (суроолордун саны айтышууга катышып жаткандардын (талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин) санына жараша аныкталат);
4) шайлоочуларга кайрылуу (калган убакыт аны тең бөлүштүрүү менен берилет).
35. Айтышуунун катышуучулары ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда эфирдик убакытты пайдаланууга укугу жок.
36. Шайлоо алдындагы айтышуулардын катышуучулары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айтышуунун ар бир компонентине бөлүнгөн убакыттын көлөмүнүн регламентин сактоого;
- чыгып сүйлөөнүн лимитинен ашып кетүүгө жол бербөөгө;
- айтышуунун тийиштүү тартибин бузбоого;
- айтышууну этикалык норманын алкагында жүргүзүүгө.
37. Айтышууну өткөрүүнүн тартибин сактоону айтышууну алып баруучу камсыз кылат.
3.3. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
38. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул жобонун 20-пунктуна ылайык колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалар талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана формада болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.
39. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар же интернет-басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
40. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана орун-жайларынан тышкары жерлерде жайгаштырылган үгүт басылма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берген күнү мурдагы орундарында тура берет.
4-глава. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу
41. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү тиешелүү округдук шайлооо комиссиясына берилиши мүмкүн.
42. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкерлердин же талапкердин, саясий партиянын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.
Тийиштүү шайлоо фондусунан алдын ала акы төлөөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого жол берилбейт.
43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 21-пунктка ылайык үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участкасында атайын орундарды бөлүп, жабдууга милдеттүү.
44. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
Эстеликтерге, эстелик мамылар жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттар тарыхый-маданий мурастар болуп саналат жана элдин турмушундагы тарыхый окуялар, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү, чыгармачылыктын материалдык жана руханий чыгармалары менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын субъекттеринин менчигинде турган тарыхтын жана маданияттын эстеликтери мамлекет тарабынан кайтарылат.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр тарыхый-маданий мурас объекттери катары таанылышы мүмкүн:
1) Кыймылсыздар, анын ичинде:
- тарыхый эстеликтер: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техникага, элдердин маданияты менен турмуш-тиричилигине, ошондой эле республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрүнө байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый көрүстөндөр жана мемориалдар;
- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, чалдыбарлар, дөбөлөр, төрткүлдөр, жер үстүндөгү жана суу алдындагы байыркы кыштактардын, чыңдоолордун, чеп курулуштарынын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар менен сугат тармактары, жолдор менен көпүрөлөр, айрым коргондор жана көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана аска бетиндеги жазуулар;
- шаардык курулуш жана архитектуралык эстеликтер: архитектуралык ансамблдер менен комплекстер, тарыхый борборлор, маалалар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу пункттардын байыркы пландаштырылыштарынын жана түзүлүштөрүнүн калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, диний архитектуранын, элдик курулуш өнөрүнүн курулуштары, ошондой эле аларга байланышкан монументалдык, сүрөт, декоративдүү-прикладдык, бак-шактуу парк жана башка искусство түрлөрүнүн чыгармалары".
45. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды, тоолордун жана жылгалардын беттерин, башка жаратылыш бөксөлөрүн пайдаланууга жол берилбейт.
46. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарда үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
47. Жалган жасалма үгүт материалдары же болбосо ушул Жобонун 40-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган Борбордук шайлоо комиссиясы, округдук шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
48. Басма үгүт материалдары көрсөтүлгөн обьекттердин менчик ээлеринин макулдугу жана тийиштүү шартта гана илинет (жабыштырылат, жайгаштырылат).
49. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, зыян келтиргендиги жана бузгандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
50. Ушул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар радио аркылуу жүргүзүлүүчү шайлоо алдындагы үгүт иштерине жайылтылбайт.
5-глава. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө
51. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
52. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды өткөрүү үчүн жайларды акысыз жана акы төлөп алуу укугуна ээ.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.
Талапкерлерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
53. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жай талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шартта пайдаланууга берилет.
54. Талапкерлер, саясий партиялар көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн менчиктин кандай болбосун түрүн келишимдик негизде акыга ижарага алууга да укуктуу. Жайдын менчик ээси тарабынан белгиленүүчү ижара акысынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш жана алар үчүн акы төлөө шайлоо фонддорунун гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
55. Митингдер, демонстрациялар аркылуу үгүт жүргүзүүдө талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аларды өткөрүүнүн эрежелерин сактоого, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көпчүлүк катышкан иш-чаранын орду, убактысы, катышуучуларынын болжолдонгон саны, маршруту жөнүндө кабарлоого; жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтирүүчү курал же буюмдар болбоого; үгүт иш-чараларын конституциялык түзүлүштү өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү тутандыруу, согушту үгүттөө жана зомбулук жана башка тыюу салынган чакырыктарга чакыруу максатында пайдаланбоого тийиш.
56. Тынч чогулуш өткөргөн убакта анын катышуучулары жана уюштуруучулары "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жана чогулуштун тынчтык мүнөзүн сактоого милдеттүү.
57. Пландаштырылган тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарландыруусу аны өткөрүү күнүнө чейин 30 күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана 2 жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарландыруу кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо башка ыкмада же формада берилиши мүмкүн.
Кабарландыруу уюштуруучу (уюмдун аталышы жана (же) жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана (же) адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын каттамы, датасы жана башталуу жана аяктоо убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу тууралуу маалыматтарды камтыйт. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарландыруунун мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу.
58. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландырган адамдар кабарландыруу алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарландыруу алууда ошол эле күнү жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу кабарландырууну кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарландыруу түшкөн датаны жана убакытты өзүндө камтуусу тийиш.
59. Тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электрстанцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн.
6-глава. Шайлоо алдындагы үгүт маселелери боюнча шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери
60. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт жана кетирилген мүчүлүштөрдү четтетүү боюнча чараларды көрөт.
61. Борбордук шайлоо комиссиясы:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн обо убактысын, басылма аянтын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары тарабынан жарыялоонун жана берүүнүн мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында кабарлайт жана маалымдайт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларга шайлоо мыйзамдары жана шайлоо алдындагы үгүткө катышуунун эрежелери боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан келип түшкөн документтерди кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын тизмелерин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырат;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын жарыялайт.
62. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга укуктуу.
63. КР БШКнын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту.
64. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
65. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо алдындагы үгүт иштеринде талапкерлерге, саясий партияларга бирдей шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Мында мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатуу укугу жок.
66. Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына жооп берген орун-жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орун же аянт берүүгө тийиш.
67. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоолор дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп берүүгө милдеттүү.
Талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар менен камсыз кылынууга тийиш. Үгүт материалдарын жайгаштыруучу жай шайлоочулардын баруусу үчүн ыңгайлуу жана ал жердеги маалыматтар менен шайлоочулар тааныша алгыдай болууга тийиш.
Талапкер талапкерлердин тизмесине катталгандарга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүчү басма материалдарын жайгаштыруусу үчүн бирдей аянт бөлүнүп берилүүгө тийиш. Бөлүнгөн аянт аларга шайлоо комиссияларынын маалыматтык материалдарын жана талапкерлердин, саясий партиянын басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болуусу зарыл.
Талапкерлер, саясий партия тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүчү басылма материалдарын жайгаштыруусу үчүн орун алууга укуктуу.
7-глава. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги
68. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.
69. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт, төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө;
- бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарга;
- согушту үгүттөөгө;
- башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка формаларына.
Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.
70. Шайлоо дайындалган учурдан тартып төмөндөгүдөй шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат:
- шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө;
- шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга;
- товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө;
- Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмекке ылайык талапкер талапкерлердин тизмесин көрсөткөн талапкерлердин, саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын эн белгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга;
- акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жазык жоопкерчилигин карайт.
Талапкерлердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.
71. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
"Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын пайда көздөбөй (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) берүү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, башка колдоолорду көрсөтүү боюнча ыктыярдуу ишти жүзөгө ашыруулары соопчулук иши деп түшүнүлөт.
Мыйзамдарга ылайык жакын туугандарга төмөнкүлөр кирет: ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер.
72 "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үч айда жана шайлоо мезгилинде юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жол берилбейт.
73. Талапкер талапкерлердин тизмесин көрсөткөн же шайлоонун катышуучусу катары катталган талапкерлер, саясий партиялар же алардын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү талапкерлердин, фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен шайлоочуларга маалыматтарды жайылтуу үгүт болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып жана талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилгис.
Талапкерлердин, аясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда талапкерлердин, фамилиясын, атын, атасынын атын саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.
74. Талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкер талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акысыз төгүндөө жарыялоого мүмкүнчүлүк берүүгө же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү.
Төгүндөө же түшүндүрмө берүү атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, интернет-басылмаларда - төгүндөө же түшүндүрүү келип түшкөн күнү, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
Төгүндөөнү же башка түшүндүрүүнү жарыялоо үчүн талапкерге, саясий партияга баштапкы маалымат жарыяланган сутканын убактысында эфирдик убакыт берилүүгө тийиш, жана анын көлөмү баштапкы маалыматты жарыялоо үчүн берилген эфирдик убакыттын көлөмүнөн кем болбоого, бирок эки минуттан кем эмес болууга тийиш.
75. Талапкерлерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында өзүнүн беделин коргоо иретинде ушул Жобонун 72-пунктунда белгиленген төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилигине тартуу жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациялоодон ажыратуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
76. Талапкерлер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар тарабынан ушул бөлүмдүн талаптарын бузулган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкерлер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.
8-глава. Шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик
77. Борбордук шайлоо комиссиясы, округдук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону көзөмөлдөйт жана кетирилген мүчүлүштөрдү четтетүү боюнча чараларды кабыл алат. Ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарды талапкерлер, саясий партия бузган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы бузуулар жөнүндө ага жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Ушул Жободо белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин талапкерлер, саясий партия бир нече жолу (эки же андан көп) бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана шайлоо мыйзамдарына ылайык аны жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (актысы) менен тастыкталган, ушул Жобонун 72-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бузулган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер талапкерлердин тизмесин жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
Ушул Жобонун талаптарын бузуу менен жалган басылма, аудиокөрүү жана башка үгүт материалдарын таркаткан учурда, ошондой эле ушул Жободо белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма сөз редакциялары, интернет-басылмалар тарабынан бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы укукка сыйбаган үгүт иштерине бөгөт коюу, мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жана телерадиоберүү уюмдарын, мезгилдүү басма сөз редакцияларын, түйүндүк басылма редакциясын, алардын кызмат адамдарын, ошондой эле башка адамдарды мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча укук коргоо органдарына, сотко, маалыматтык саясат, анын ичинде электрондук жана массалык, маалыматтык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштама берүүгө милдеттүү.
78. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин сактоо боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобун түзөт.
79. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.
80. Укук коргоо жана башка органдар укукка сыйбаган үгүт иштерине бөгөт коюуга, шайлоо алдындагы жалган жана мыйзамсыз басылма, аудиокөрүү жана башка үгүт материалдарын даярдоону болтурбоого жана аларды алып коюуга, андай материалдарды даярдагандарды жана ага акы төлөгөн булактарды издеп табуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле белгилүү болгон фактылар жана кабыл алынган чаралар жөнүндө токтоосуз түрдө тийиштүү шайлоо комиссияларына маалымдоого милдеттүү.