“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруужана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо

КР БШКнын 2017-жылдын 
3-августундагы № 320 токтому
менен бекитилген

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруужана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө”
Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1.    “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” ушул Жобо (мындан ары-Жобо) добуш берүүнү уюштуруу, инновациялык технологияларды колдонуу менен добуш берүүчү жабдууларды жана жайды даярдоо, шайлоочулардын добуштьарын эсептөө тартибин, участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандар тарабынан өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууда коопсуздук маселелерин жөнгө салат.

1.2. Ушул Жобонун максаты эркин, айкын, адилеттүү шайлоону уюштуруу,  шайлоо укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын камсыз кылуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө шайлоочулардын арыз беришин жөнгө салуу болуп саналат (№ 2 форма).

1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башка актыларынын негизинде иштелип чыкты.

II. Добуш берүү үчүн жайды жабдуу жана добуш берүү процесси боюнча шайлоо комиссиялардын ишин уюштуруу. Добуш берүү үчүн жайдын жабдылышына карата негизги талаптар.

2.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык добуш берүү процессин уюштуруу шайлоо комиссияларга жүктөлөт.

2.2. Шайлоо комиссиялар мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында добуш берүүгө даярдоону уюштурат, добуш берүү үчүн жайды даярдайт, аларды добуш берүүнү өткөрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонууну эсепке алып, ченемдик талаптарга ылайык аларды жабдуулап, шайлоочулардын эрк-ниетин белгилейт, шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү ишке ашырат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктайт жана шайлоонун натыйжаларын белгилейт.

2.3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы;

2) аймактык шайлоо комиссиялары;

3) участкалык шайлоо комиссиялары.

    1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга: зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоону даярдоо жана токтоолсуз өткөрүү менен байланышкан шайлоо комиссияларынын кай1рылууларына жооп берүүгө милдеттүү.
    2. Шайлоо процесстин  субъектилери шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоону даярдоо учурунда - эки жумушчу күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.
    3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар ошондой эле алардын кызмат адамдары  добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, добуш берүү үчүн жайда байланыш каражаттардын, электржарыктыктын жана жылуулугун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
    4. Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, мыйзамдарда белгиленген мөөнөт бузулган учурда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, таалпкерлер саясий партиялар жана шайлоо процесстин башка субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
    5. Добуш берүүнү өткөрүү үчүн добуш берүүчү жай бөлүнүп берилет. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.
    6. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана жазуу буюмдары, мониторлор, башка зарыл жабдуу менен жабдылган атайын жасалган кабиналар, шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулар жана добуш берүү үчүн үкөктөр, башка зарыл жабдуулар жайгаштырылат. Добуш берүү үчүн жайда ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жайгаштырылат.
    7.  Жарык кылуу тутуму аны алмаштыруучу жарык берүү булагына, кол чырактарга жана шамдарга ээ болуусу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү жарык кайра берилгенге чейин (негизги же аны алмаштыруучу булактын эсебинен) токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын жумушуна натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында, байкоочулар, Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкерлердин өкүлдөрү добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын ишмилдеттерин аткарууларын толук көрүп турууну камсыз кылгыдай аралыкта турууга укуктуу.
    8.  Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда Кыргыз Республикасынын Президенттигине  бардык катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар Кыргыз Республикасынын Президенттигине  катталган талапкерлердин маалыматтарын камтыбашы керек. Бул үлгүлөр участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарда дагы жайгаштырылат.
    9.  Шайлоо бюллетенине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президенттигине катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтар  маалыматтык материалдарда шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенде аныкталган ыраттуулукта жайгаштырылат.
    10.  Маалыматтык керегеде Конституциядан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченемдердин бөлүгүндөгү кылмыш-жаза, административдик мыйзамдарынан үзүндүлөр жайгаштырылышы мүмкүн.
    11.  Көрсөтүлгөн материалдар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар алар менен эркин таанышууга мүмкүн болгон түрдө жайгаштырылат.
    12.  Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендери берилүүчү орун, добуш берүүчү кабиналар, мониторлор, башка зарыл жабдуу жана добуш берүү үчүн үкөктөр бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылышы керек.
    13.  Добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы болууга тийиш, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталган сайын маалыматтарды киргизүү үчүн арналган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы шайлоо участкасында добуш берүү күнү чүчүкулакты өткөрүүгө чейин илинет.
    14.  Добуш берүү үчүн жай жайгашкан имаратта шайлоо участогунун номери көрсөтүлгөн көрнөк болууга тийиш. Жайга кире бериш жерде участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө сааты көрсөтүлгөн көрнөк болууга тийиш, мында ушундай эле көрнөктү участкалык шайлоо комиссиясынын жайы жайгашкан имаратка кире бериште да жайгаштыруу керек.
    15.  Добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл технологиялык жабдуулар жана материалдар менен катар техникалык жабдуулар: жазуу үстөлдөрү, отургучтар, кагаздар жана кийимдер үчүн шкафтар, сейф же металл шкаф, добуш берүү үчүн үкөктөрдү жана шайлоо документтерин мөөр басып бекитүү үчүн материалдар, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, калькулятор, канцелярдык буюмдар, телефон, улагычтар да болууга тийиш.
    16.  Шайлоочулардын тизмелери менен ишти алып барган участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн арт жагындагы тамдарда шайлоочулардын алфавит боюнча тамгаларын же шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын катар номерлерин көрсөтүү менен табличкалар жайгаштырылат (Мисалы 1-500; 501-1000 ж.б.).
    17.  Добуш берүү үчүн жайда автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүү үчүн ящиктери сапатында жайгаштырылат.
    18.  Добуш берүү үчүн жай автоматтык эсептөөчү урналар аларды пайдаланууда урналар участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.
    19.  Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жетимдүүлүгүн камсыз кылуучу ыкмалардын бири болуп саналат.
    20.  Добуш берүүнү жана шайлоочулардын добуштарын саноону өткөргөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо комиссияларынын протоколдору түзүлөт.
    21.  Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде тиешелүү аймактарында Президентти шайлонун добуш берүүнүн жыйынтыктарын өз отурумдарында аныктайт жана документацияны токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
               Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол катуу отчеттуулуктагы документ болуп саналат, анын коргоо формасы жана даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
    22.  Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун формасы жана толтуруу тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

III. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын шайлоо укуктарын жөнгө салуунун тартиби

3.1. Шайлоочу катталган бир эле калктуу конуштун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чектеринде арыз боюнча (№ 2 форма) шайлоо дарегин өзгөртүүгө жол берилбейт жана мындай арыздарды шайлоо комиссиялары кабыл албайт.

3.2. Эрежеден тышкары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору, добуш берүү күнү коомдук тартипикамсыз кылуучуукук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз (№ 2 форма) берген учурда бир эле калктуу конуштун чектеринде шайлоо дареги өзгөртүлүшү мүмкүн.

3.3. Паспортунда (ID-карта) Бишкек шаарында каттоо белгиси жок жарандар шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз (№ 2 форма) берген учурда Бишкек шаарында кошумча түзүлгөн участокторго гана № 2 форма боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

IV. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү

4.1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет.

4.2. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4.3. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

4.4. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

4.5. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

4.6. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек.

4.7. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

4.8. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арыздарды берген шайлоочулардын реестринин негизинде, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмесин түзүп, ал менен добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочуларга барат.

4.9. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмесинин формасы Борбордук шайлоо комиссиясынан добуш берүү күнү шайлоо участкаларында колдонуу үчүн алынган шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган ошол эле графаларды камтыйт.

4.10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин шайлоочулардын биротоло тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.

4.11. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.

4.12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4.13. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган МККнын оператору менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

4.14. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону МККнын оператору менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет.

4.15. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт.

4.16. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.

4.17. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.

4.18. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4.19. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аяктаганы тууралуу акт түзүлөт, анда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, берилген шайлоо бюллетендеринин саны, берилген чектердин саны, пайдаланылбаган бюллетендердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны тууралуу маалыматтар камтылат.

4.20. Актыга участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар кол коёт.

4.21. Акт түзүүдө катышкан ар бир адамга актыга кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.

4.22. Жайдан тышкары добуш бергенденди идентификациялоо боюнча чектер өзүнчө пакетке таңгакталат.

4.23. Көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен кошумча мөөрлөнүп (пломбаланат) сейфте (шкафта) сакталат.

4.24. Шайлоочулардын биротоло тизмесинин тиешелүү графасында “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.

4.25. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

4.26. Көчмө үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

V. Добуш берүү күнү добуш берүү башталганга чейин участкалык шайлоо комиссиясынын аракеттери

5.1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дөн саат 20.00гө чейин өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта добуш берүү добуш берүү өткөрүлүп жаткан өлкөнүн жергиликтүү убактысы боюнча саат 8.00дөн саат 20.00гө чейин өткөрүлөт.

Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү. Кайталап добуш берүүнү өткөрүү учурунда участкалык шайлоо комиссиялар кайталап добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү.

5.2. Шайлоо күнү, добуш берүү башталар алдында эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайда өзүнүн жыйналышында комиссиямүчөлөрүн чүчүкулакменен аныктайт, алар:

-добуш берүү күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары – МКК) операторунун ишин контролдойт жана аны менен бирге шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;

-шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде жарандарды каттоону жүзөгө ашырат;

-шайлоо бюллетендерин берет;

-шайлоочулар жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга өтүшүнө, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн үкөктөргө салышына контролдук кылат.

Мында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана АЭУнун оператору чүчүкулакка катышпайт.

5.3. Чүчүкулакты өткөргөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда гербдүү мөөр чапталып бекитилген сейфти (шкафты) ачат, анда төмөнкүлөр болот: тиешелүү участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер.

5.4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы сейфтен (шкафтан)шайлоочулардын кагаз тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси бар башка зарыл жабдууну алып чыгат, ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын жарыялайт жана шайлоочулардын санын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизет.

5.5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоочулардын кагаздагы жана электрондук тизмелерин катышып олтургандарга көрүп таанышууга жана салыштырууга мүмкүнчүлүк берет, андан соң аны участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратат, алар шайлоочуларды каттоо жана добуш берүү күнү шайлоочулардын кагаз тизмесин толтуруу үчүн жоопкерчилик тартат. Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмелери электрондук жана кагаз түрүндө түзүлөт. Шайлоочулардын электрондук тизмеси атайын ноутбукта болот.

5.6. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн үкөктөрдү (автоматтык эсептөөчү урналарды, стационардык үкөктөрдү) карап көрүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтөт, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участогунун номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн үкөктөргө салуу убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып олтурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ушул адамдар кол коет жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Андан соң добуш берүү үчүн үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басып чапталат (пломбаланат).

5.7. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аймактык шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт.

5.8. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүталапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендеринин санын кайра эсептейт жана жарыя кылат, андан соң аларды көрүп таанышуу үчүн катышып олтурган адамдарга берет жана участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясынан алган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизет.

5.9. Шайлоо бюллетендерин кайра эсептеп чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын чүчүкулакменен аныкталган мүчөлөрүнө ведомость боюнча 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар бюллетендерди алгандыгы үчүн колкоет жана шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

5.10. Төрага ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берилген шайлоо бюллетендеринин санын жарыялайт жана аны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизет.

5.11. МККнын операторунун ишин контролдогон жана жарандардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоо процессин бирге жүргүзгөн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуларды идентификациялоо тутумун иштетүүнү контролдойт, иштетүүнү МККнын оператору жүргүзөт.

5.12. МККнын оператору тутумда ийгиликтүү авторлоштургандан кийин серверде дата жана убактысы белгиленет жана шайлоочуларды идентификациялоонун баштапкы отчету басылып чыгат, аны МККныноператору добуш берүү аяктаганга чейин сактоого милдеттүү. Баштапкы отчет участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет.

5.13. Участкалык шайлоо комиссиясынын АЭУнун иши үчүн жооптуу мүчөсү АЭУну иштетүүгө, смарт-картаны (администратордун карточкасын) салууга, паролду, участкалык шайлоо комиссиясынын номерин киргизүүгө, датаны жана убактыны коюуга, «Добуш берүүнү баштоону» басууга, шайлоо жөнүндө маалыматтын шайкештигин текшерүүгө милдеттүү.

5.14. АЭУну даярдоону аяктагандан кийин добуш берүү башталаар алдында добуш берүүнүн башталышы жөнүндө отчетту – АЭУнун баштапкы (нөлдүк) отчетун басып чыгаруу жүргүзүлөт. АЭУнун баштапкы отчету бардык байкоочуларга жана талапкерлердин өкүлдөрүнө берилет.

5.15. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документти жана идентификациялоодон кийин өзүнө берилген чекти көрсөткөндө берилет. Шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документтерге мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери кирет.

5.16. Добуш берүү үчүн жайда чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү МККнын операторлору менен бирдикте шайлоочуну анын биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча идентификациялоону жүргүзөт. Шайлоочуну анын биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

5.17. Мында шайлоочулардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүп турган жерде илинген монитордо төмөнкүдөй маалымат көрүнөт:

-тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

-ушул учурга карата ушул шайлоо участогунда идентификациялоодон өткөн жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чекти алган шайлоочулардын саны;

-идентификациялоодон өткөн шайлоочунун фото-сүрөтү;

-Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен бирдикте аныктаган башка маалымат.

5.18. Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек басылып чыгат. Добуш берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн чекте башка маалыматтардан тышкары шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун номери камтылат.

5.19. Чекти шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал ага чектин ордуна добуш берүү үчүн бюллетенди берет.

5.20. Шайлоо бюллетендерин берүү учурунда чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаз тизмесинде каттайт, ага жарандын ким экендигин тастыктаган документтин сериясын жана номерин коет жана анда шайлоо бюллетени берилгендиги жөнүндө кол коет.

5.21. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуулардын тууралыгын текшерет жана шайлоо бюллетенин алгандыгы жөнүндө шайлоочулардын кагаз тизмесине кол коет.

5.22. Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесинде турган шайлоочуну идентификациялоодон баш тарткан учурда жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек бербей койгондо жана мында идентификациялоо боюнча бир нече жолу көрүлгөн чаралар натыйжа бербегенде, участкалык шайлоо комиссиясынын идентификациялоону контролдоо үчүн жооптуу мүчөсү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына маалымдайт жана жабдуу баш тарткандыгы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Жабдуу баш тарткандыгы жөнүндө актыга участкалык шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессине контролдук кылуу үчүн жооптуу мүчөсү, МККнын оператору жана тиешелүү шайлоочу кол коет. Жабдуунун баш тарткандыгы жөнүндө актынын бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, ал шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин бул актыларды чара көрүү үчүн МККга жөнөтөт. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт. Бардык актылар жогору турган шайлоо комиссиясына берилет.

5.24. Шайлоочуга чек болбостон шайлоо бюллетенин берген учурда участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мүчөсү мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

5.25. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же атайын жабдылган башка жерде толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн купуялыгын жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга же жасалууга (бөлүнүп берилүүгө) тийиш.

5.26. Шайлоочу шайлоо бюллетенинде анын пайдасына тандоо жасалган талапкерге же болбосо «Бардыгына каршы» позициясына тиешелүү чарчыга тиешелүү белгини коет.

5.27. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда ката кетирдим деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө бузулган бюллетендин ордуна өзүнө жаңы шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесинде ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белгини коет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

5.28. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамын пайдаланууга өзүнүн ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.

5.29. Добуш берүү үчүн жайда жүргөн адамдар бюллетендеги шайлоочунун белгисин тааный албашы үчүн добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайын жабдыган жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашык эмес аралыкта жайгашууга тийиш.

5.30. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

5.31. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар автоматтык эсептөөчү урналарга (АЭУ) салат. Эгерде автоматтык эсептөөчү урна көрүлгөн бир нече жолку аракеттерге карабастан шайлоочу толтурган бюллетенди кабыл албаса, шайлоочу өзүнө жаңы бюллетень берүү өтүнүчү менен участкалык комиссиянын төрагасына кайрылууга укуктуу. Жаңы бюллетень берилген учурда участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетенди берген мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коет. Мында шайлоочу мурда толтурган, автоматтык эсептөөчү урна кабыл албаган бюллетень бузулду деп таанылат, керектен чыгарылат жана акт түзүлөт.

5.32. Бюллетенди автоматтык эсептөөчү урнага салуу эрежелери жагынан кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча УШКнынАЭУ үчүн жооптуу мүчөсү чакырылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин салып жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүү үчүн жайда жүргөн адамдарга айлананы жабууга же добуш берүү үчүн үкөккө байкоо жүргүзүүгө башкача ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

5.33. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда тартипке көз салат.

5.34. Шайлоо комиссиясынын багытында коомдук тартипти коргоону ички иштер органдарынын кызматкери жүзөгө ашырат. Мында ички иштер органынын кызматкери шайлоо участогунун кире беришинде турат жана төраганын (төрага жок болгон учурда – катчынын же ушул комиссиянын ал ыйгарым укук берген башка мүчөсүнүн) тиешелүү уруксаты болмоюнча добуш берүү үчүн залга кирүүгө укуксуз.

5.35. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурларда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам сурап кайрылууга укуктуу. Алар тартипке келтиргенден кийин добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган буйруктарын добуш берүү үчүн жайда катышып жаткандардын бардыгы аткарууга милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жокто анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же ал ыйгарым укук берген ушул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

5.36. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу жана башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан чыгарылат, эгерде аларшайлоо комиссиясынын ишине жана Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн купуялыгын бузууга аракет кылса. Бул жөнүндө чечимди участкалык шайлоо комиссиясы жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

5.37. Автоматтык эсептөөчү урна шайлоо күнү иштебей калган учурда добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага бардык катышып отурган участкалык комиссиянын мүчөлөрү АЭУнун операторлору, талапкерлердин катышып отурган өкүлдөрү, байкоочулар кол коюп, акт түзүлгөн убакыт көрсөтүлөт.

5.38. Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда добуш берүү добуш берүү үчүн стационардык (тунук) үкөктүн негизинде ишке ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы ошондой эле акт түзөт, ага бардык катышып отурган участкалык комиссиянын мүчөлөрү АЭУнун операторлору, талапкерлердин катышып отурган өкүлдөрү, байкоочулар кол коюп, акт түзүлгөн убакыт көрсөтүлөт.

5.39. Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулушунун ар бир учуру жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобуна ыкчам кабарлоого милдеттүү.

5.40. Добуш берүү аяктагандан кийин бузулуп калган автоматтык эсептөөчү урнада болгон шайлоо бюллетендери алынып чыгат жана байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда иштеп жаткан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

5.41. Эгерде запастык автоматтык эсептөөчү урнаны оңдотконго чейин участокто добуш берүү үчүн стационардык (тунук) үкөк колдонулган болсо, анда добуш берүү аяктагандан кийин бузулган автоматтык эсептөөчү урнада жана добуш берүү үчүн стационардык тунук үкөктө болгон шайлоо бюллетендери алынып чыгат жана байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда иштеп жаткан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

5.42. Эгерде шайлоо участогунда негизги автоматтык эсептөөчү урна жана запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулушунун натыйжасында добуш берүү үчүн стационардык (тунук) үкөк колдонулган болсо, шайлоочулардын добуштарын алдын ала эсептөөнүн протоколу түзүлбөйт.

5.43. Бузулуунун натыйжасында алмаштырылган автоматтык эсептөөчү урналардын иштеши добуш берүү күнүнүн ичинде калыбына келтирилген учурда аларды добуш берүү үчүн пайдаланууну калыбына келтирүүгө жол берилбейт.

VI. Шайлоочулардын добуштарын саноо.

Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү жыйынтыктарын белгилөө

6.1. Добуш берүү убактысы саат 20да аяктайт, добуш берүүчү жай жабылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүчү жайда турган, башкача айтканда, добуш берүүчү жайга саат 20га чейин кирген  шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алууга жана добуш бере тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

6.2. Шайлоочулардын добуштарын саноо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана, анын жыйналышында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган таризинде шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча аткарылуучу иш-аракеттердин бардык натыйжалары тууралуу ырааттуу жарыялоо жана тиешелүү түрдө жол-жоболоо менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.

6.3. Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүмүндө талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, кино-көрмө тартылуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.

6.4. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктаары менен, шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлгөн жай ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жана шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында саноого катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек.

6.5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, добуштарды саноо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жазуучу буюмдарды пайдаланууга тыюу салынат.

6.6.МККнын оператору менен биргеликте шайлоочуларды идентификациялоону жүзөгө ашырган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү төрагага участок боюнча идентификациялоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту токтоосуз берүүгө милдеттүү. Мында идентификациялоону жүргүзүү жөнүндө жыйынтыктоочу отчеттун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү добуш берүүчү жайда турган талапкерлердин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет.

6.7. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу мүчөлөрү пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чарчыларды бузууга жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Ушундай эле жол менен участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендери керектен чыгарылат.

6.8. Пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендерин керектен чыгарууда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы талапкерлерге, талапкерлердин өкүлдөрүнө керектен чыгарылуучу шайлоо бюллетендерин сыртынан кароону камсыз кылат.

6.9. Керектен чыгарылган бардык шайлоо бюллетендери саналат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен бекитилген пакетке таңгакталат. Пакетке “Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери” деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.

6.10. Пайдаланылбаганшайлообюллетендерининжана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочуларкайтарыпбергеншайлообюллетендеринин саны, бардыкжоккочыгарылганшайлообюллетендерининсанынынсуммасы катары жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

6.11. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоого жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине добуш берүүчү жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын санынан (шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын кол тамгаларынын саны боюнча белгиленет) жана добуш берүүчу жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын санынан (добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесиндеги тиешелүү белгилердин саны боюнча белгиленет) келип чыккан тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

6.12. Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт.Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын аныкталган тариздеги шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө койгон колунун саны боюнча аныкталат.

6.13. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет. Мында шайлоочулардан шайлоо бюллетенин ордуна чектерди кабыл алууга жооптуу шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү өзүндө бар чектердин санын эсептейт жана өзүнчө пакетке салат. Пакетте участоктун номери, чектердин саны жана чектерди кабыл алууга жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ФАА көрсөтүлөт.

6.14. Шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө чектер салынган пакеттер кошулат жана бир жалпы пакетке мөөрлөнүп салынат. Пакетте шайлоо участогунун номери жана идентификациялоо жөнүндө бардык чектердин саны көрсөтүлөт.

6.15. Шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо жөнүндө чектер менен иш жүргүзүлгөндөн кийин чектердин саны жана шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акты түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

6.16. Шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо жөнүндө чектер менен иш жүргүзүлгөндөн кийинучасткалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат.  Андан кийин шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо жөнүндө чектер салынган мөөрлөнгөн пакет сейфке (шкафка) салынып коюлат.

6.17. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык комиссиянын мүчөлөрү, көчмө үкөктөрдү мөөрлөп бекитүүдө катышкан адамдар койгон колдордун сакталганын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан адамдардын колдору менен көзөмөлдөө барагын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын көрсөтөт.

6.18. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү жана берилген чектерди пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

6.19. Көчмө үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

6.20. Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны, алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экени белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери, үкөктүн номери жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат.

6.21. Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери жана маалыматтар жыйынтыктоочу протоколдун тиешелүү графасына жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

6.22. Добуштарды саноо учурунда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) таризи Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери деп таанылат.

6.23. Көрсөтүлгөн бардык иш-аракеттерден кийин жана шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыя кылынат.

6.24. Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш.

6.25. Автоматтык эсептөөчү урна АЭУнунотчетун берет, анда кайра иштелип чыккан бюллетендердин саны жана ошондой эле ар бир талапкерге жана “Баарына каршы” позициясына берилген шайлоочулардын добушунун санынын суммардык мааниси көрсөтүлөт.

6.26. Автоматтык эсептөөчү урнанын добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө кагаз түрүндөгү отчету добуш саноодо катышкандардын баарына берилет, юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп эсептелет.

6.27. Эгерде добуш берүү күнү, негизги жана запастык автоматтык эсептөөчү урна иштен чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан стационардык (тунук) урна колдонулган болсо, автоматтык эсептөөчү урнанын добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жөнүндө протоколу чыгарылбайт.

6.28. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине берүү добуш берүү күнү 20 саат 00 минутадан кийин, бирок саат 21ден кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.

6.29. Байланыш көйгөлөрүнөн улам маалыматтарды автоматтык эсептөөчу урнадан берүү мүмкүн болбогон учурда участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү акты түзөт жана маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине берүү талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда аймактык шайлоо комиссиясында жүзөгө ашырылат.

6.30. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендерин кол менен эсептөөнүн башталышы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана добуш берүүчү урнаны ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин алып чыгат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен добуш берүүчү үкөктөрдү мөөрлөөгө катышкан башка адамдардын колдору коюлган текшерүү барактарын чыгарышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы текшерүү барагын көрсөтөт.

6.31. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин ар бири үчүн, "Баарына каршы" берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.

6.32. Автоматтык эсептөөчү урнанын аныкталбаган бюллетендер үчүн жайындагы шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан өзүнчө саналат. Мында көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан алардын арасында жарактуу шайлоо бюллетендеринин бар экени каралып чыгууга тийиш. 

6.33. Андан кийин белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын саноо ар бир талапкер жана "Баарына каршы" берилген добуштар боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат.

6.34. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.

6.35. Ар бир талапкер жана "Баарына каршы" позициясына берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгиси (добушу) боюнча аныкталуучу алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

6.36. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери жараксыз болупэсептелет.

6.37. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп таанууда шектенүүлөр болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу белги участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

6.38. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат, ал шайлоочулардын эркин аныктоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.

6.39. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда, талапкердин өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.

6.40.Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет.

6.41. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.

6.42. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурундагы тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери менен участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда, протоколдун мазмууну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

6.43. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, идентификациялоо боюнча чек салынган пакеттер өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номери, шайлоо бюллетендеринин, шайлоочулардын тизмелеринин саны жана пакеттеги документтер көрсөтүлөт.

6.44. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө чектер салынган пакет менен кошо өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат.

6.45. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесинтаңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, ошондой эле аларга  мүшөккө же кутуга кол тамгасын коюу мүмкүнчүлүгү берилет.

6.46. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номуру жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат.

6.47. Ичинде шайлоо документтери бар мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

6.48. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулат, күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) коюлуу менен, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, протокол жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. АЭУнун отчету, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы жана жыйынтыктоочу отчеттор участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан бюллетендерди колдо саноонун негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет.

6.49. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары катышып олтурган бардык участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.

6.50. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун графикалык көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт жана корголгон каналдар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине жөнөтүлөт.

6.51. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун биринчи нускасы ага кол коюлгандан кийин, шайлоо бюллетендерин кошуп алганда шайлоо документтери, шайлоочулардын тизмелери, өзүнчө кутуга (мүшөккө)  идентификациялоо жөнүндө чектер салынган пакеттер, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол койгон добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелген идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет менен бирге добуш берүү күнүнөн кийинки күндөгү таңкы саат 6дан кечиктирбестен, тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарган аймактык шайлоо комиссиясына токтоосузжеткирилет.

6.52. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартуучу участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.

6.53. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн, участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

6.54. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

6.55. Ар бир шайлоо участогу боюнча алдын ала маалымат болуп эсептелген, юридикалык мааниге ээ болбогон добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүшүнө жараша анын сайтына жайгаштырылат. 

6.56. Ар бир шайлоо участогу боюнчадобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор добуш берүү күнүнөн тарта 18 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

6.57. Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси добуш күнүнөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

6.58. Шайлоого катышкан шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тизмесинин көчүрмөсү 3 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга илинет.

VII. Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тийиштүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө

7.1.Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары шайлоо документтери менен бирге, токтоосуз акт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 6дан кечиктирилбей өткөрүлүп берилет, ал тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

7.2.Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен жүзөгө ашырат.

7.3.Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн протоколдордогу маалыматтарды автоматтык эсептөөчү урналардын протоколдорундагы жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча отчеттордогу маалыматтар менен текшерет. Эгерде маалыматтарды текшерүүдө участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн протоколдордогу маалыматтар автоматтык эсептөөчү урналардын протоколдорундагы жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча отчеттордогу маалыматтар менен дал келишпестиги табылса, акты түзүлөт.

7.4.Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтаркиргизилет.

7.5. Аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблицаны эки нускада түзөт.

7.6. Жыйынды таблица шайлоо участоктору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтардын келип түшүшүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясынын системдик администраторунун маалыматтарды киргизүүсүнө жараша электрондук түрдө түзүлөт.

7.7. Маалыматтарды киргизүүдө ар бир системдик администратор өзүнүн логинин жана паролун колдонот.

7.8.Системдик администратор тарабынан жыйынды таблицага киргизилген маалыматтар автоматтык түрдө кошулат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде чагылдырылат. Көрсөтүлгөн маалыматтар юридикалык мааниси болбогон алдын ала маалымат болуп эсептелет.

7.9. Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет.

7.10. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протокол кол менен эки нускада түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

7.11.Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

7.12. Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин аймактык комиссиясынын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.

7.13.Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.

7.14. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбестиктер табылган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра саноону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноодо талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага "Добуштарды кайра саноо" деген белги коюлат. Протокол токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

7.15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

7.16. Аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:

-1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

-2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

-3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

- 4) соттун чечими боюнча.

-5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

7.17. Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.

7.18.Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.

7.19. Шайлоо участкасында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.

7.20. Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

7.21.Шайлоо участогунда кайра добуш берүү жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими тез арада жогору турган шайлоо комиссиясына берилет.

7.22. Жогору турган шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү күнүн 3 күндүн ичинде дайындайт.

7.23. Аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору добуш берүү күнүнөн тартып 19 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

VIII. Шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби

8.1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен аныктайт.

8.2. Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.

8.3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.

8.4. Биринчи турда добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочулардын   жарымынанкөп добушун алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордунашайланды деп эсептелет.

8.5. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.

8.6. Кайра добуш берүү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттөн эрте эмес өткөрүлөт. Кайра добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

8.7. Эгерде кайра добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин кызматына талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайра добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин, шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер кайра добуш берүү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп таанылат. Эгерде башка талапкерлер калбаган учурда, шайлоо бир талапкер боюнча өткөрүлөт.

8.8. Кайра добуш берүүдө добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун кыйла көбүрөөк санын алган талапкер шайланды деп эсептелет.

8.9. Эгерде башка талапкерге карата кыйла көп добуш алган талапкерге берилген шайлоочулардын добушу бардык талапкерлерге каршы берилген шайлоочулардын добушунан аз болсо, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөн жок деп табылат. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт. 

8.10. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоо бюллетендерин алуу жөнүндө шайлоочулардын койгон кол тамгаларынын, кошумча көзөмөл зарыл болгон учурда – ошондой эле идентификациядан өтүү жөнүндө чектердин  саны боюнча аныкталат.

8.11. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын төмөнкү учурларда жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүгө катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн камтыган шайлоо участокторунун бир бөлүгүндө жараксыз деп табылса;

2) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 4-пунктунда аныкталган учурларда;

3) соттун чечими боюнча.

8.12. Шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөн жок деп табылса, сот же Борбордук шайлоо комиссиясытарабынан жараксыз деп таанылган учурда, ошондой эле эгерде шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилип жана алардын бири да шайланбай калса, же болбосо кайра добуш берүүдө бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындайт.

8.13.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп табууга негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлө албайт.

8.14. Кыргыз Республикасынын Президентин кайрадан шайлоо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Мында шайлоо иш-аракеттери үч эсеге кыскартылат.

8.15. Шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары мыйзамда каралган тартипте даттанылса, шайлоонун натыйдаларын аныктоо аларды сот тарабынан биротоло каралганга чейин токтотула турат.

8.16. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырат.

8.17. Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган Президентти каттайт жана Президенттин кызмат ордуна киришип жатканда, ага Президент болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмалоо белгилерин - Президенттин төш белгисин жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырат.

IX. Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда аларга санкцияланбаганжетүүдөн коргоону камсыз кылуунун тартиби

9.1. Шайлоо документациясынын, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт. Коопсуздукту камсыз кылууда кол кабыш кылуу укук коргоо органдарына (ички иштер органдары) жүктөлөт.

9.2. Шайлоо документтерине шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (жоюлган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөнү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар кирет.

9.3. Шайлоо документтерин жеткирүүдө, өткөрүп берүүдө жана жогору турган шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алууда санкцияланбаган жетүүдөн коргоону камсыз кылуу максатында атайын сейф-пакеттер даярдалат.

9.4. Сейф-пакеттер атайын нымдуулукка чыдамдуу, ысыкта күйбөгөн материалдардан даярдалат, алардын сегиз сандык номерлери болот (мындан ары – идентификациялык номер), чапталуучу индикаторлук лента менен чапталат. Мыйзамсыз, өзүнчө жана анонимдик ачуу болбойт, анткени, ал ачык көрүнүп турган пломба-лентанын алдында OPEN (ачык) деген сөз менен коштолот, ошондуктан, пайдаланылган сейф-пакетти экинчи жолу чаптоо мүмкүн эмес.

9.5. Ондоолорду киргизүү максатында, сейф-пакетти ачуудан качуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды дыкаттык менен текшерип чыгуулары зарыл.

9.6. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасы, ошондой эле идентификациялоо жөнүндө баштапкы жана жыйынтыктоочу отчетторду сейф-пакетке тангактоо байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы тарабынан ишке ашырылат, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү, катышып жаткан адамдардын бардыгынын кол тамгалары болушу зарыл.

9.7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы тарабынан сейф-пакетке таңгакталат, бул тууралуу акты түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номери көрсөтүлүшү керек, актыга ошондой эле    бардык катышкан адамдар кол тамгасын коюуга тийиш.

9.8. Биринчи нуска, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен эки сейф-пакет участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы талапкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматчыларынын коштоосунда токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирет жана акт менен өткөрүлүп берилет, анда сөзсүз сейф-пакеттердин идентификациялык номери көрсөтүлүшү керек.

9.9. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, сейф-пакеттердин айрылма талондору, биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына берүү жөнүндө акты, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакет участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

9.10. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун биринчи нускасынын сейф-пакетин ачуу байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

9.11. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттер Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

9.12. Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына жана бириктирилген таблицага кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы аларды участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бардык протоколдор менен бирдикте сейф-пакетке таңгактайт, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номери көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн сейф-пакет участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү таңгакталган сейф-пакеттер менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

9.13. Аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколунун экинчи нускасы жана бардык шайлоо документациясы, сейф-пакеттин айрылма талону, ошондой эле жыйынтыктоочу протоколдун жана жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен сейф-пакетти Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу жөнүндө акт архивге өткөрүүгө чейин кайтарылуучу жайда аймактык комиссиянын катчысында сакталат.

9.14. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи нускасы жана аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынды таблицасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттерди ачууга Борбордук шайлоо комиссиясында акт боюнча жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү керек.

X. Шайлоо участогунда жана добуш берүү үчүн жайда коопсуздукту камсыз кылуу

10.1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуушайлоо участогунун жайына карата эң башкы талаптардын бири болуп саналат. Ошондуктан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы (шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы) , шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайды тандоодо төмөнкүлөрдү эске алуусу тийиш:

- жайда оң жана иштөөгө жөндөмдүү автоматтык өрт сигналынын жана жарыктандыруу жана өрт учурунда адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутумунун болуусун;

- өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык эвакуациялык чыгуулардын болуусун жана каралуусун;

- өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын болуусун;

- өрт чыккан учуруна эвакуациялоо планынын болуусун (анын ичинде добуш берүү жайынан).

10.2.Участкалык шайлоо комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнүн ичинен өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү адамдарды дайындайт жана өрт келип чыккан учурга участкалык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди (шайлоочуларды эвакуациялоо үчүн мүчөлөрдүн кимиси жооп берээрин, шайлоо документтеринин сакталышын ким камсыз кылаарын, өрт бөлүгүнө өрт жөнүндө ким билдирээрин жана д.у.с.) бөлүштүрөт.

10.3.Шайлоо участогунда жайды участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп бергенге чейин шайлоо участогу жайгашкан объектинин жетекчиси мамлекеттик өрт көзөмөлү органдарынын жазма буйруктарынын талаптарынын толук аткарылышын камсыз кылууга, анын ичинде буйругу менен өрткө каршы тиешелүү режимди белгилөөгө, өрткө каршыички суу түтүктөрүнүн (бар болсо), жарыктандыруу жана электр түйүндөрүнүн бузук эместигин текшерүүгө, автоматтык өрткө каршы коргоо тутумун иштетип текшерүүгө, өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын, байланыш жана кабарлоо каражаттарынын болушун, бузук эместигин жана колдонууга дайыма даярдыгын камсыз кылууга, шайлоо комиссиясынын төрагасы менен бирдикте өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы аракеттер жөнүндө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана участканы тейлөө үчүн тартылган персоналга кол койдуруп түшүндүрүүгө жана аларды жайлардын, эвакуация жолдорунун, эвакуациялык чыгуулардын жайгаштырылышы, өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын, телефондук байланыш каражаттарынын жана кабарлоо каражаттарынын жайгашкан орундары менен тааныштырууга тийиш.

10.4 Өрт кылган персоналга кол койдуруп түшүндүрүүгө жана аларды жайлардын, эвакуация жолдорунун, эвакуациялык чыгуулардын жайгаштырылышы, өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын, телеф эвакуациялоону камсыз кылуу боюнча тейлөөсү персоналдын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин аныктоочу нускамалар көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.

10.5 Ар бир телефондук аппараттын жанына өрттөн коргоонун жакынкы бөлүмүнүн телефону жазылган көрнөк орнотулат.

10. 6. Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда шайлоо участкасынын имараты жарык берүүнүн альтернативдик булактары, фонарлар жана шамдар менен камсыз кылынат.

10.7. Добуш берүү үчүн кабиналардагы жарыктандыруучу каражаттар лампанын чыңалуусунун 60 Вт. дан ашпаган кубаттуулугу менен күйбөгөн негиздерге орнотулат.

10.8. Шайлоо өткөрүү менен байланышпаган жайлар жабык болууга тийиш.

10.9. Өткөөлдөрдү жана коридорлорду тосмолоого, эвакуация жолдоруна соода түйүндөрүн жайгаштырууга тыюу салынат.

10.10. Шайлоо участкасынын жайлары өрт өчүргүчтөр менен камсыз кылынат. Шайлоо участкаларында чылым чегүүгө уруксат берилбейт.

10.11.Электр жабдууларынын абалы адис тарабынан текшерилүүгө тийиш, табылган кемчиликтер шайлоо башталганга чейин четтетилүүгө тийиш.

10.12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо башталаардын алдында жайларды карап чыгууга жана алардын өрт коопсуздугуна ынанууга милдеттүү.

10.13. Шайлоо участкасын ишке даярдоо мезгилинде имараттардагы мештик жылытуу (бар болсо) текшерилет жана зарыл болгондо өрткө каршы ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык оңдолот. Мештерди жагуу шайлоо участкасынын иши башталганга чейин бир сааттан кечиктирилбестен токтотулат.

10.14. Шайлоо участкаларынын имараттарына жакын жерде болгон өрт гидранттары, резервурлар жана суу көлмөлөрү оң абалда болууга, суу менен толтурулууга, тиешелүү көрсөткүчтөр менен белгиленүүгө, кышкы убакта жылууланууга, муздан жана кардан тазаланууга тийиш.

10.15. Добуш берүү күнүнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүндө иштин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүсү зарыл. Мында ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо комиссияларына олуттуу жардам көрсөтөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички иштер органдары участкалык шайлоо комиссияларынын жайларын жана шайлоо документтерин кайтаруу боюнча чаралардын комплексин ишке ашырат.

10.16. Участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин коопсуздугун камсыз кылууички иштер органдарынын маанилүү милдети болуп саналат. Бул максаттарда төмөнкү чаралардын комплекси ишке ашырылат:

-шайлоо бюллетендерин жогору турган шайлоо комиссиясынын участкалык шайлоо комиссиясынын жана кайра коштоо боюнча;

-участкалык шайлоо комиссияларынынжайларын, жабдууларын жана шайлоо документтерин кайтаруу боюнча;

-шайлоо күнү шайлоо участкасында жана добуш берүү үчүн жайда жана добуш берүү убактысы аяктагандан кийин алардын мыйзамдуу ишин жүзөгө ашыруусуна, анын ичинде эгерде аларга каршы аракеттер көрүлсө же коркунуч келтирилсе, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү боюнча;

-шайлоо мыйзамдарын бузууларды табууда жана четтетүүдө участкалык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү боюнча.

10.17.Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын жайын кайтаруу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча комиссияга шайлоо документтери: шайлоочулардын тизмелери келип түшкөндөн кийин, ал эми күнү-түнү кайтаруу – АЭУ жана шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын жайына сактоого келип түшкөндөн кийин жүзөгө ашырылууга тийиш.

10.18.Ички иштер органынын кызматкеринин турган орду (эреже катары. АЭУ, шайлоо документтери сакталган участкалык шайлоо комиссиясынын жайында) участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча аныкталат.