«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2020-жылдын 26-июнундагы

№ 121 токтому менен бекитилген

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо

(КР БШК 2020-жылдын 18-ноябрындагы №346, 2021-жылдын 15-ноябрындагы №786, 2021-жылдын 15-декабрындагы №835  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» бул Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүү, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсү үчүн жайды жана жабдууларды даярдоо, анын ичинде шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын добуштарын саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн инновациялык технологияларын пайдалануу, ошондой эле жарандардын өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууда коопсуздукту камсыздоо тартибин жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасында эркин, адилет, айкын жана калыс шайлоону, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүн эң жогорку деңгээлде фиксациялоону жана шайлоо участокторунда, тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну камсыздоо жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо бул Жобонун максаты болуп саналат.

3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) актыларынын талаптарынын негизинде даярдалды.

2. Добуш берүү процессине карата даярдоо боюнча уюштуруу чаралары. Добуш берүү үчүн жайды жабдууга карата негизги талаптар

4. Мыйзамдарга ылайык добуш берүү процессин уюштуруу шайлоо комиссияларына жүктөлгөн. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга добуш берүү процессин даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшөт. Шайлоо комиссиялары мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде добуш берүүгө карата даярдоону уюштурат, добуш берүү үчүн жайларды даярдайт, аларды добуш берүү үчүн ченемдик талаптарга ылайык жабдыйт, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүү процессин, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдаланууну фиксациялайт, шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү жүзөгө ашырат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт жана шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

5. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы;

1-1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиялары (мындан ары – округдук шайлоо комиссиялары);

2) аймактык шайлоо комиссиялары;

3) участкалык шайлоо комиссиялары.

Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздык кепилдиктери мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө - зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоого; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.

Талапкерлер, саясый партиялардын талапкерлери жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоонун жүрүшүндө эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.

Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, ага тете мыйзамдарда белгиленген мөөнөт бузулган учурда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, талапкерлер, саясый партиялардын талапкерлери, башка коммерциялык эмес уюмдар жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Добуш берүүнү жүргүзүү үчүн добуш берүү үчүн жайлар бөлүнөт. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.

Добуш берүү үчүн жай жайгашкан имаратта шайлоо участогунун номуру көрсөтүлүү менен такта болууга тийиш. Жайга кире бериште участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө сааты көрсөтүлүү менен такта болууга тийиш, мында ошондой эле тактаны участкалык шайлоо комиссиясынын жайы орун алган имаратка кире беришке дагы жайгаштыруу керек.

Добуш берүү үчүн жай өрткө каршы коопсуздук боюнча тиешелүү ченемдерге, санитардык ченемдерге жооп берип, шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болууга тийиш.

Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен камсыздалган жана жазуу буюмдары, мониторлор, башка зарыл жабдуу менен жабдылган атайын жасалган кабиналар жана добуш берүү үчүн үкөктөр жайгаштырылат.

Жарык кылуу тутуму аны алмаштыруучу жарык берүү булагына, кол чырактарга жана шамдарга ээ болуусу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү жарык кайра берилгенге чейин (негизги же аны алмаштыруучу булактын эсебинен) токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын жумушуна натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын иш-милдеттерин аткарууларын толук көрүп турууну камсыз кылгыдай аралыкта турууга укуктуу.

Шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урналар стационардык үкөктөр катары жайгаштырылат.

Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендери берилүүчү орун, добуш берүүчү кабиналар, мониторлор, башка зарыл жабдуу жана үкөктөр бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылышы керек.

Добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон технологиялык жабдуулар жана материалдар менен катар техникалык жабдуулар – жазуу столдору, стулдар, кагаз жана кийим үчүн шкафтар, сейф же металл шкаф, добуш берүү үчүн үкөктөрдү жана шайлоо документтерин мөөр басып бекитүү үчүн материалдар, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, калькулятор, кеңсе буюмдары, телефон дагы туруусу керек.

Шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын тизмеси менен иш алып баруучу мүчөлөрүнүн артындагы дубалда же болбосо столдордун үстүндө шайлоочулардын алфавитинин тамгалары же шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын ирет номуру көрсөтүлүү менен тактачалар жайгаштырылат (мисалы: 1-500; 501-1000 ж.б.).

7. Участкалык шайлоо комиссиясынын орун жайында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте ага киргизүү үчүн арналган, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризи камтылууга тийиш. Добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколунун чоңойтулган таризи добуш берүү башталганга чейин илинет.

Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын орун жайында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризи жана ар бир УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун түшкөнү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн жыйынды таблица туруусу керек. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризи добуш берүү башталганга чейин илинет.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол катуу эсептеги документ болуп саналат, анын таризи жана корголуу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

Участкалык, аймактык, округдук шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду толтуруу таризи жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

3. Жарандарга маалымдоону камсыздоо боюнча уюштуруу чаралары

8. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда ар бир талапкердин катар номерлери кѳрсѳтүлүү менен бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Маалымат материалдарынын формалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын, саясий партиялардын аталыштарын камтыбашы керек.

Талапкер маалыматтык материалдардын формасы менен тексти бекип калгандан кийин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгып калган учурда, маалыматтык материалдардагы талапкер жөнүндө маалыматтар, талапкерлердин тизмесиндеги катар номери кошуп алганда толук көлөмдө чийип салынат.

9. Шайлоо бюллетенине киргизилген катталган талапкерлери, саясий партиялардын талапкерлери жөнүндө маалыматтар маалыматтык материалдарда шайлоо бюллетенинин таризин жана текстин бекиткенде аныкталган ырааттуулукта жайгаштырылат.

10. Маалыматтык кереге көрнөктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, жазык мыйзамдарынын, бузуулар жөнүндө мыйзамдардын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик белгиленген бөлүктөрүнөн үзүндүлөр жайгаштырылышы мүмкүн.

Аталган материалдар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар эркин таанышкандай жайгаштырылат.

11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участогунда атайын орун бөлүп, жабдууга милдеттүү. Үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн талапкерлерге, саясий партиялардын талапкерлерине бирдей шарттар камсыздалууга тийиш. Үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар шайлоочулардын келүүсү үчүн ыңгайлуу болуп, шайлоочулар аларда жайгашкан маалымат менен тааныша алгыдай жайгаштырылууга тийиш.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо

12. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсү жана анда добуш берүүсү үчүн талаптарга жооп берүүгө тийиш, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүүчү жана жөө жүрүүчү жолдор, жеке автотранспорт токтотуучу атайын жерлер, добуш берүү үчүн жайлардын имараттын биринчи кабаттарында жайгаштырылышы же болбосо лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кеңдиги, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлдөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарык менен камсыздалышы керек.

Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүүчү кабиналар жана үкөктөр), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүүчү кабиналар кресло-коляска пайдалануучу шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупалар жана башкалар), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек.

Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири ариптер жана (же) Брайль арибин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.

13. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыздоо, добуш берүү үчүн жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында тийиштүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.

Тийиштүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүүнү уюштурат.

Эгерде добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, тийиштүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү кайрылуусун жөнөтөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда тиешелүү чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

5. Шайлоо участогунда жана добуш берүү үчүн жайда коопсуздукту камсыздоо

14. Шайлоо участогунун жайына карата башкы талаптардын бири өрт коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Ошондуктан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы (шаар мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы), шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайды тандоодо төмөнкүлөрдү эске алуусу керек:

- орун жайда оң жана иштей турган автоматтык өрт сигнализациянын, өрт учурунда кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутумунун бар болушу;

- өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык эвакуациялык чыгуулардын бар болушу жана күтүлүшү;

- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын бар болушу;

- өрт чыккан учурда эвакуация (анын ичинде добуш берүү үчүн жайдан) планынын бар болушу.

Участкалык шайлоо комиссиялары жарандардын ѳмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч алып келүүчү вирустук инфекциянын таркап жаткан шартында шайлоолорду даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ тѳмѳндѳгү аракеттерди ишке ашырууга тийиш:

- добуш берердин алдында жана добуш берүү мезгилинде ар бир саатта добуш берүү үчүн жайларды дезинфекциялоону камсыздоону;

- добуш берүү үчүн жайларды дайыма желдетип турууну (улам аба алмашууну сактасын);

- добуш берүү үчүн жайга кирерде колдорун дезинфекциялоо менен ар бир шайлоочунун жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин дене табын текшерүүнү камсыздоону;

- медициналык бет каптарды жана бир жолку кол каптарды берүүнү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын добуш берүү үчүн жайда бет кап тагынуу режимин сактоосун кѳзѳмѳлдѳѳнү ишке ашырууну;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5 метрден кем эмес дистанцияны сактоого шарттарды түзүүнү жана аны уюштурууну;

- мезгил-мезгили менен жабдуулардын үстүнкү бетин дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап турууну.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы комиссия мүчөлөрүнүн ичинен өрт жана санитардык коопсуздук үчүн жооптуу адамдарды дайындайт жана шайлоо мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт (коргоо жана дезинфекция каражаттары, шайлоочуларды эвакуациялоо үчүн ким жооп бериши керек экенин, шайлоо документтеринин сакталышын ким камсыздай турганын, өрт жөнүндө өрт өчүрүү бөлүмүнө ким билдирерин ж.б.).

Шайлоо участогунда жайды участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп бергенге чейин шайлоо участогу жайгашкан объектинин жетекчиси мамлекеттик өрт көзөмөлү органдарынын жазма эскертүүсүнүн талаптарынын толук аткарылышын камсыздоого, анын ичинде буйругу менен тийиштүү өрткө каршы режимди белгилөөгө, өрткө каршы ички суу түтүгүнүн (бар болсо), жарык берүүчү жана күч түйүндөрүн оң экенин текшерүүгө, өрткө каршы автоматтык коргоо тутумун сыноого, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын, байланыш жана кабарлоо каражаттарынын бар болушун, оң экенин жана колдонууга даярдыгын камсыздоого, шайлоо комиссиясынын төрагасы менен биргеликте өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы аракеттер жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана участокту тейлөөгө тартылган кызматкерлерди кол койдуруп инструкциядан өткөрүүгө, аларды жайлардын жайгашкан орду, эвакуация, эвакуациялык чыгуулардын жолдору, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары, телефон байланыш каражаттары жана кабарлоо каражаттары жайгашкан жерлер менен тааныштырууга тийиш.

Өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоонун кабаттар боюнча пландары (схемалары), өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча нускамалар жана тейлөөчү кызматкерлердин жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн адамдарды, бюллетендерди жана мүлктү эвакуациялоону камсыздоо боюнча аракеттерин аныктоочу нускамалар көрүнөө жерлерге илинүүгө тийиш.

Ар бир телефон аппаратына өрттөн сактоонун жакын жайгашкан бөлүмчөсүн чакыруу үчүн телефон номуру менен тактача орнотулат.

Электр энергиясы өчкөн учурда шайлоо участогунун имараты жарык кылууну алмаштыруучу булак, кол чырактар жана шамдар менен камсыздалат.

Добуш берүүчү кабиналарда 60 Вт ашпаган чыңалуу лампаларынын кубаттуулугундагы күйбөс негиздеги жарык берүүчү чырактар орнотулат.

Шайлоо өткөрүүгө байланышы жок жайлар жабылууга тийиш.

Адам өтүүчү жолдорду жана коридорлорду тосмолоого, эвакуация жолдоруна соода түйүндөрүн жайгаштырууга тыюу салынат.

Шайлоо участогунун орун жайлары өрт өчүргүчтөр менен камсыздалат. Шайлоо участокторунда тамеки чегүүгө уруксат берилбейт.

Электр жабдууларынын абалы адис тарабынан текшерилүүгө тийиш, аныкталган мүчүлүштүктөр шайлоо башталганга чейин четтетилиши керек.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо алдында орун жайларды карап чыгып, алардагы өрт коопсуздугуна ынанууга милдеттүү.

Шайлоо участогун иштетүүгө даярдоо мезгилинде имараттардагы меш менен жылытуу (эгер бар болсо) текшерилет жана зарыл болгон учурда өрткө каршы ченемдер менен эрежелердин талаптарына ылайык оңдолот. Мешке от жагуу шайлоо участогунун иши башталганга чейин бир саат мурда аяктайт.

Шайлоо участокторунун имараттарына жакын жайгашкан өрт өчүргүч гидранттар, резервуарлар жана көлмөлөр оң абалда турууга, суу толтурулуп, тиешелүү көрсөткүчтөр менен белгиленүүгө, кыш маалында жылууланып, муз, кары тазаланууга тийиш.

15. Добуш берүү күнүнөн мурунку күнү участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүндөгү иштин коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүүсү зарыл. Мында шайлоо комиссияларына ички иштер органдарынын кызматкерлери олуттуу жардам көрсөтөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин коопсуздугун камсыздоо максатында ички иштер органдары участкалык шайлоо комиссиясынын орун жайларын жана шайлоо документтерин сактоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашырат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыздоо ички иштер органдарынын маанилүү милдети болуп саналат. Бул максатта төмөнкү чаралардын комплекси ишке ашырылат:

- жогору турган шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясына жана ал жактан кайра жеткиргенде шайлоо бюллетендерин коштоп баруу боюнча;

- участкалык шайлоо комиссияларынын орун жайларын, жабдууларын жана шайлоо документтерин сактоо боюнча;

- добуш берүү күнү шайлоо участогунда жана добуш берүү үчүн жайда жана добуш берүү убактысы аяктаганда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө мыйзамдуу ишин аткаруусуна, анын ичинде аларга каршы аракеттер жасалса же коркунуч келтирилсе, көмөк көрсөтүү боюнча;

- шайлоо мыйзамдарын бузууларды аныктоодо жана четтетүүдө участкалык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү боюнча.

16. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам сурап кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин субъектилеринин укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайда тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.17. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашырындуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

18. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

19. Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары колдо болгон байланыш каналдары боюнча дароо тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна билдирилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын орун жайын кайтаруу комиссияга шайлоо документтери – шайлоочулардын тизмелери түшкөндө, ал эми күнү-түнү кайтаруу шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын орун жайына сактоого түшкөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат:

Ички иштер органдарынын кызматкеринин жайгашкан орду участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча аныкталат (эреже катары, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо документтери сакталуучу жайда).

6. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби

20. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар, вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

21. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

22. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган оператор менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн ар бир түрү боюнча (бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча) эки ѳзүнчѳ үкѳктѳр болуусу зарыл.

23. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчүкулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдууларынын операторлору чүчүкулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жонүндө жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча жазуу жүзүндѳ арыз беришкен шайлоочулардын реестри добуш берүүнүн ар бир түрү боюнча (бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча) ѳзүнчѳ жүргүзүлѳт.

24. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

25. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.

26. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүсүнүн жашырындуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.

Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигинен улам же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алганда өз алдынча кол кое албаса же шайлоо бюллетендерин толтура албаса, ал башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.

27. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.

28. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Көчмө укөктөр сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).

Жайдан тышкары добуш берүүнүн аяктаганы тууралуу акт түзүлөт, анда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, берилген шайлоо бюллетендеринин саны, берилген чектердин саны, пайдаланылбаган бюллетендердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны тууралуу маалыматтар камтылат, ага участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар кол коёт. Акт түзүүдө катышкан ар бир адамга актыга кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.

29. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

7. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо күнү добуш берүү башталганга чейинки аракеттери – добуш берүү тартиби

30. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү шайлоодо добуш берүү өткөрүлүп жаткан өлкөнүн жергиликтүү убактысы боюнча саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт.

Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

31. Шайлоо күнү добуш берүү башталардын алдында, эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

- шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;

- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;

- шайлоо бюллетендерин берүүчү;

- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.

Мында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдууларынын операторлору чүчүкулакка катышпайт.

32. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет. Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмеси электрондук түрдө жана кагазда болот жана участкалык шайлоо комиссияларына белгиленген мөөнөттө берилет. Шайлоочулардын электрондук тизмеси атайын түзүлүштө турат.

33. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳ, жалпыга маалымдоо каражаттарына ичи бош участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

34. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат.

35. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.

36. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификация боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо аралыктан жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай шартта жүргүзүлүүгө тийиш.

Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Добуш берүү үчүн жайда монитор байкоочулар жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү визуалдык көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн жеткиликтүү жерге орнотулууга тийиш.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:

- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;

- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек чыгарылат (Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочуга эки чек берилет: тиешелүү шайлочулардын тизмесине киргизилгендигине жараша бирдиктүү шайлоо округу боюнча бир, бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча бир). Чек шайлоочу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмашып берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочуга эки шайлоо бюллетени, бирдиктүү шайлоо округу боюнча бир, бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча бир бюллетень берилет.

Шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана биометрикалык идентификациялоо операторлоруна добуш бергендердин (добуш бербеген) тизмесин үчүнчү жакка берүүгѳ тыюу салынат.

Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

37. Добуш берүү үчүн үкѳккѳ салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саатта округдук, аймактык шайлоо комиссиясына берилип турат, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Добуш берүү үчүн үкѳккѳ салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо участоктору жабылары менен, бирок бюллетендер салынган урналар ачылганга чейин берилет.

38. Чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коёт жана шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө ага кол коёт.

39. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

40. Шайлоо бюллетендери шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин жана идентификациялагандан кийин берилген чекти көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет. Мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтерге кирет.

41. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алган учурда шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

42. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүсүнүн жашырындуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.

43. Президентти шайлоодо шайлоочу кайсы талапкерди тандап алса ошонун пайдасына шайлоо бюллетендеги талапкерге тийиштүү чарчыга тийиштүү белгини коет, же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коет.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу кайсы талапкерди тандап алса ошонун пайдасына шайлоо бюллетендеги талапкерге тийиштүү чарчыга тийиштүү белгини коет, же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коет.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин биринчи бѳлүгүндѳ саясий партияга тийиштүү чарчыга тийиштүү белгини коет. Шайлоо бюллетенинин экинчи бѳлүгүндѳ шайлоочу кайсы талапкерди тандап алса ошонун пайдасына талапкерге тийиштүү катар номердеги чарчыга тийиштүү белгини коет. Эгерде шайлоочу бир дагы партиянын пайдасына тандоо жасабаса, анда чарчыдагы "Баарына каршы" позициясына белги коет.

Чарчыдан тышкары коюлган белги эсептелинбейт.

44. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

45. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам иш-аракеттерди шайлоочунун билдирген эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.

46. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайда эки ѳзүнчѳ автоматтык эсептѳѳчү урна коюлат.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо үчүн, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар мөөр басылып бекитилген (пломбаланган) добуш берүүчү үкөктөргө салышат.

Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык эсептөөчү урнага бюллетенди таштоонун эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис (оператор) чакырылган учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

47. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, автоматтык эсептөөчү урнанын оператору токтоосуз түрдѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобунун адистерине кайрылат. Эгерде текшерип кѳрүүнүн натыйжасы боюнча автоматтык эсептѳѳчү урнанын иштешин калыбына келтирүүгѳ мүмкүн болбосо, добуш берүү запастык автоматтык эсептѳѳчү урнаны пайдалануунун негизинде ишке ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү кол коюшат.

Эгерде запастык автоматтык эсептөөчү урна иштебей калганда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналар бузулган ар бир учурда участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык жактан колдоо тобуна ыкчам билдирүүгө милдеттүү.

Добуш берүү аяктагандан кийин бузулган автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендери байкоочулардын, саясий партиялардын катышуусунда урнадан алынып, иштеп жаткан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

Эгерде запастагы автоматтык эсептөөчү урна орнотулганга чейин участокто добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган (тунук) үкөк пайдаланылса, добуш берүү аяктагандан кийин бузулган автоматтык эсептөөчү урнадагы жана добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган (тунук) үкөктөгү шайлоо бюллетендери байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын катышуусунда урнадан алынып, иштеп жаткан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

Эгерде шайлоо участогунда негизги автоматтык эсептөөчү урна жана запастагы автоматтык эсептөөчү иштебей калганда добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган (тунук) үкөк пайдаланылса, шайлоочулардын добуштарын алдын ала саноонун протоколу түзүлбөйт.

8. Шайлоочулардын добуштарын саноо. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө

48. Саат 20.00дө добуш берүү аяктайт, ал эми добуш берүүчү жай жабылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган б.а. добуш берүү үчүн жайга саат 20.00гө чейин кирген шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин ала алышары жана добуш бере ала турганы жөнүндө жарыялайт.

49. Шайлоочулардын добуштарын саноо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган таризинде (шайлоо комиссиясы белгилеген орунга илинген) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча аткарылуучу иш аракеттердин бардык натыйжалары тууралуу ырааттуу жарыялоо жана тиешелүү түрдө жол-жоболоо менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.

Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жүрүшүндө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы белгилеген, кѳрүнүп турган жерден, участкалык шайлоо комиссиясынын иштешине жолтоо болбостон фотосүрөткө, кино-, көрмө тартылуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.

50. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктаары менен, шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлгөн жер ага талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жана шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында саноого катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, добуштарды саноо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жазуучу буюмдарды пайдаланууга тыюу салынат.

Ар түрдүү деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда, биринчи кезекте Президентти, андан кийин - Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды саноо жүзөгө ашырылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча биринчи кезекте бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарын эсептѳѳ жүзөгө ашырылат, экинчи кезекте бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партияга жана анын талапкерлерине берилген шайлоочулардын добуштарын эсептѳѳ жүзөгө ашырылат.

 

51. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу мүчөлөрү пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, саясий партиялардын аталыштарын жана талапкерлердин катар номерлери менен талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чарчыларды бузууга жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Ушундай эле жол менен участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендери керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, анан участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке «Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери» деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номуру көрсөтүлөт.

Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар кайтарып берген шайлоо бюллетендеринин саны, бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

52. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоого жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө койгон колунун саны боюнча аныкталат.

Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.

Шайлоочулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган тариздеги протоколго киргизилет.

Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат.

Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат.

53. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык комиссиянын мүчөлөрү, көчмө үкөктөрдү мөөрлөп бекитүүдө катышкан адамдар койгон колдордун сакталганын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан адамдардын колдору менен көзөмөлдөө барагын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын көрсөтөт.

Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү жана берилген чектерди пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны, алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экени белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана «Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери» деген жазуу жазылат.

Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери жана маалыматтар жыйынтык протоколдун тийиштүү тик тилкесине жана анын чоңойтулган таризине жазылат. Көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүлөт.

54. Добуштарды саноо учурунда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) таризи Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери деп таанылат.

55. Автоматтык эсептөөчү урна добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу кагаздагы протоколду түзөт жана берет, анда иштелип чыккан бюллетендердин саны, ошондой эле ар бир талапкер, саясий партия алган жана «Баарына каршы» позициясындагы шайлоочулардын добуштарынын санынын суммалык мааниси көрсөтүлөт.

Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыя кылынат.

Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 23ден кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.

Байланыш проблемаларынан улам автоматтык эсептөөчү урнадан берүү мүмкүн болбогон учурда участкалык шайлоо комиссиясы тийиштүү акт түзөт жана маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине берүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясында талапкерлердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда жүргүзүлөт.

Автоматтык эсептөөчү урнанын добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө кагаз жүзүндөгү протоколу добуштарды эсептөөгө катышкан бардык адамдарга берилет, ал юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалыматтар болуп саналат.

56. Добуш берүүчү үкөктөрдөн алынып чыккандан кийин шайлоо бюллетендери эсептелип чыгат, ал эми натыйжалары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жазылат.

Добуш берүүчү үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендердин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүүчү үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендердин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болуп чыкса, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерди аныктоо жана жоюу боюнча чараларды көрөт.

Эгерде себептери аныкталып жана жоюлгандан кийин, добуш берүүчү үкөктөгү жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендерге караганда көп болуп чыкса, добуш берүүчү үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана ылдыйкы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат.

57. Президентти шайлоо боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, ар бир саясий партия үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.

Иргелген шайлоо бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү астында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар таанышууга укуктуу.

58. Президентти шайлоо боюнча белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын ар бир талапкерге жана «Баарына каршы» позициясы үчүн берилген добуштар боюнча өз-өзүнчө саноо жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.

Ар бир талапкерлердин тизмеси жана «Баарына каршы» позициясы үчүн берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгиси (добушу) боюнча аныкталуучу, алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

581. Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча белгиленген формада талапкерлер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептѳѳ ар бир талапкер жана "Баарына каршы" позициясы боюнча өз алдынча жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.

Ар бир талапкер, ар бир талапкер талапкерлердин тизмесинен жана "Баарына каршы" позициясы боюнча шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тийиштүү белгилери (добуштары) боюнча алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

582. Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочулардын добуштарын эсептөө белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча, ар бир саясий партия жана "Баарына каршы" позициясы боюнча өз алдынча жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакытта саноого жол берилбейт.

Шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн жыйынтыктарында ар бир партия жана "Баарына каршы" позициясы боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

Андан кийин саясий партиялар боюнча иргелген шайлоо бюллетендеринен ар бир саясий партия боюнча өзүнчө, шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кезекте талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин иреттик номери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептөө жүргүзүлөт.

Талапкерлердин тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн натыйжалары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенинде тиешелүү белгисин саясий партияга тиешелүү чарчыга коюп, ошол эле учурда белгини талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин иреттик номери боюнча койбосо же болбосо белгини чыгып кеткен талапкердин чарчысына коюп салса, анда шайлоочунун добушу ушул саясий партиянын пайдасына кошуп эсептелинет.

Шайлоочулардын мындай добуштары өзүнчө эсептелинет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

59. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белги бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкан факты орун алган болсо) жараксыз болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген корголуу белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет.

Арткы бетинде белгини, сызыкты же алардын мазмунуна карабастан башка жазууларды камтыган бюллетендер жараксыз деп таанылбайт.

Шайлоо бюллетенин жараксыз деп таанууда шектенүүлөр болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу белги участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

591.Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоо бюллетендери төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет, эгерде:

1) эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенине тийиштүү белгини саясий партияга тиешелүү чарчыга койсо, ошону менен бирге, ушул конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 82-бөлүгүн бузуп, шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүндөгү талапкерлердин катар номерлери бар чарчыларга бирден ашык белги койсо;

2) шайлоочу шайлоо бюллетенинин саясий партияларга тийиштүү чарчысына тиешелүү белгини койбосо, ошол эле учурда белгини шайлоо бюллетенинин төмөнкү бөлүгүндөгү талапкерлердин катар номерлери бар чарчыга койсо;

3) ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка учурларда.

60. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат, ал шайлоочулардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.

61. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда, талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет.

62. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.

63. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурундагы тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери менен участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда, протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номуру, шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номуру жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин, чектерди, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

64. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген таризде эки нускада толтурулат, күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) коюлуу менен, участкалык шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

Автоматтык эсептөөчү урна берген шайлоо участогундагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу протокол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан бюллетендерди кол менен саноонун негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол коюшат.

65. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары катышып олтурган бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, шайлоочуларды жана автоматтык эсептөөчү урналарды идентификациялоо тууралуу алгачкы, жыйынтыктоочу чектер автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол ката толтурулган учурда, комиссия тиешелүү акт түзөт, ал да сканерленет жана жаңыдан толтурулган жана кол коюлган добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгы текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.

Чет мамлекеттердин аймагында жайгашкан шайлоо участкаларынын участкалык шайлоо комиссиялары чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн сканерден өткөн документтерди электрондук почта аркылуу жөнөтүшөт.

 

66. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин, арыздарды (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актыларды, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту кошуп алгандагы шайлоо документтери менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан токтоосуз саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда округдук, аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.

Тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу алыскы жерлерде турган шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерди жеткирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат.

Чет мамлекеттердин аймагында турган шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерди 7 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясына дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирет.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерди жеткирүүгө тоскоол болгон форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жеткирүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

67. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартуучу участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун кошумча нускасы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

68. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн, участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

69. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

70. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга токтоосуз илинет.

Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси же анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга илинет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланат. Шайлоого катышкан шайлоочулардын илинген тизмелери же анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланган күндон тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин алынууга тийиш.

Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт, ошондой эле шайлоочулардын тизмесин шайлоочунун туулган жылын, туруктуу же иш жүзүндө жашаган жерин, паспортунун сериясын жана номурун, биометрикалык маалыматтарын көрсөтпөстөн, участкалык комиссиянын кире беришине илүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

8-1. Шайлоочулардын саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлер үчүн берилген добуштарын эсептѳѳ усулу

70-1. Саясий партиялар боюнча иргелген шайлоо бюллетендеринен ар бир саясий партия боюнча өзүнчө, шайлоо бюллетенинин биринчи (жогорку) бөлүгүндө көрсөтүлгөн кезекте талапкерлердин тизмегиндеги талапкердин иреттик номери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептөө жүргүзүлөт.
70-2. Бир саясий партиянын шайлоо бюллетендери талапкерлердин катар номери же болбосо талапкер үчүн белги жоктор, же болбосо чыгып кеткен талапкерге добуш берилгендер боюнча иргѳѳ үчүн шайлоо комиссияларынын ортосунда бѳлүштүрүлѳт.

70-3. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчѳсү ѳзүнүн пачкасынан 1 катардагы талапкер үчүн белги коюлган бюллетендердин баарын иргеп алып, тѳрагага берет. Ошол партиянын калган талапкерлеринин ар бирине ушундай эле жол-жобо колдонулат. Булар аяктагандан кийин талапкерлер үчүн белги коюлбаган бюллетендер берилет.

70-4. Участкалык шайлоо комиссиянын тѳрагасы, катчысы жана шайлоо жабдууларынын операторлору шайлоо бюллетендерин иргѳѳгѳ катышпайт.

70-5. Тѳрага бир партиянын шайлоо бюллетендерин катар номерлерине ылайык (кайчы) жайгаштырат.

70-6. Тѳрага талапкердин катар номерин жарыя кылат жана бюллетендерди бир пачкадан экинчи пачкага которуу менен шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын белгилерин катышып олтургандардага кѳргѳзүп, аларды угуза үн чыгарып иргѳѳнү жүргүзѳт. Ар кайсы пачкалардан бир эле учурда шайлоо бюлллетендерин эсептѳѳгѳ жол берилбейт. Ушундай эле жол менен талапкер үчүн белги коюлбаган шайлоо бюллетендери эсептелинет.

70-7. Бир партиянын ар бир талапкери үчүн эсептѳѳ аяктаганда участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы шайлоочулардын добуштарынын санын №2 протоколдун тиркемесине жана анын чоңойтулган таризине киргизет.

70-8. Эгерде партия үчүн белги коюлса жана талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин катар номеринин чарчысынан тышкары бир же андан кѳп белги болсо шайлоо бюллетени жарактуу деп эсептелинет жана жалпысынан партиянын пайданысына эсептелинет.

70-9. Эгерде шайлоо бюллетенинин биринчи (үстүнкү) бѳлүгүндѳ «Баарына каршы» позициясына белги коюлса, мында шайлоо бюллетенинин экинчи бѳлүгүндѳ (тѳмѳнкү) ар кандай белгилер коюлса, анда добуш «Баарына каршы» позициясынын пайдасына эсептелинет.

70-10. Жараксыз бюллетендер үчүн автоматтык эсептѳѳчү урнанын кѳзѳнѳгүнѳн алынган шайлоо боюллетендери участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо бюллетендеринин аныктыгы же болбосо анык эместиги боюнча кошумча текшерилет.

Эгерде алынган анык эмес бюллетендердин ичинен айрымдары участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан анык деп таанылса, анда тийиштүү акт түзүлѳт жана добуш талапкерлердин тизмесиндеги тийиштүү талапкердин пайдасына же жалпысынан партиянын пайдасына эсептелинет.

9. Округдук, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө

71. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары шайлоо документтери менен бирге, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин, токтоосуз акт боюнча округдук, аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

72. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы мезгил-мезгили менен ар бир участкалык шайлоо комиссиясы үчүн шайлоо документтерин кабыл алууга жооптуу болгон округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн аныктайт. Тандалган документтерди жана шаймандарды кабыл алуу округдук, аймактык шайлоо комиссиясы аныктаган бөлмөдө жүргүзүлөт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири округдук, аймактык шайлоо комиссиясы аныктаган жайга келип, автоматтык эсептөөчү урналарды, идентификациялоо боюнча жабдууну округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системдик администраторуна өткөрүп берет.

Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун биринчи нускаларын округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мүчөсүнө төмөнкү шайлоо документтери менен кошо тапшырат:

- мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) алгачкы жана акыркы отчеттору;

- жайдан тышкары добуш берүүдө идентификациялоонун баштапкы жана жыйынтык отчёттору;

- шайлоо күнү идентификациялоонун жөнүндө баштапкы жана жыйынтык отчёттору;

- актылар;

- реестрлер;

-участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколу;

- арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер.

Ошондой эле, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Президенттин кызмат ордуна ар талапкер, бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка ар бир талапкер, ар бир саясий партия жана талапкерлердин тизмесиндеги ар талапкер, жана бардык талапкерлерге каршы, бардык саясий партияларга каршы позициясы боюнча иргелип салынган бюллетендерди камтыган мөөр басылган баштыктарды же ящиктерди, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн чечими менен жараксыз деп табылган, жокко чыгарылган бюллетендерди өзүнчө таңгактарга салынган бюллетендерди кабыл алат, шайлоочулардын тизмеси, оператор тарабынан берилген идентификациянын чектерди кабыл алат.

Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номуру жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат.

Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

 

73. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну жүзөгө ашырат. Тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан протоколдорду кабыл алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн протоколдордун маалыматтарын автоматтык эсептөөчү урналардын протоколдорунун маалыматтары менен текшерет. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт.

Тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, округдук, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет.

74. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада түзүлөт жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюулат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

75. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

76. Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин округдук, аймактык комиссиянын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.

77. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

78. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбестиктер табылган же округдук, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра саноону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышып турууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага "Добуштарды кайра саноо" деген белги коюлат. Протокол токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

79. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.

80. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.

801. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого катыша албайт.

Алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөө максаттары үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эсепке алынбайт.

 

10. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби

81. Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз округдук, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Шайлоонун натыйжалары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде аныкталат.

Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.

82. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага келип түшкөн протоколдордун негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу маалыматтар, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица түзөт.

821. Саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач, саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан кем эмеси шайлоочулардын кыйла көп добушун алган аял талапкерлердин арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эгерде саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албаса аялдардын квотасы боюнча калган мандаттар Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык кезекте бөлүштүрүлөт.

Аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны партия алган мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 1, 2, 3 мандат алганда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 4, 5, 6 мандат алганда 2 мандат резервге калтырылат;

3) 7. 8, 9, 10 мандат алганда 3 мандат резервге калтырылат;

4) 11, 12, 13 мандат алганда 4 мандат резервге калтырылат;

5) 14, 15, 16 мандат алганда 5 мандат резервге калтырылат;

6) 17, 18, 19, 20 мандат алганда 6 мандат резервге калтырылат;

7) 21, 22, 23 мандат алганда 7 мандат резервге калтырылат;

8) 24, 25, 26 мандат алганда 8 мандат резервге калтырылат;

9) 27 мандат алганда 9 мандат резервге калтырылат.

822. Андан кийин мандаттардын жалпы санынын 70 пайызы башка талапкерлерге карата шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп добушу берилген катар номерлери үчүн талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмелериндеги талапкерлердин позициялары ар бир талапкердин шайлоочулардан алган добуштарынын санына жараша төмөндөөчү ырааттуулукта жылдырылат.

Саясий партиялардын биринин талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда шайлоочулардан алган добуштары тең чыккан учурда, талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин позицияларынын ырааттуулугу Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык аныкталат.

Эгерде шайлоочулардын алган добуштарынын саны боюнча талапкерлердин ортосунда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин бош мандаттар калса, аларды бөлүштүрүү, Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген бул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин арасында жүргүзүлөт.

Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин кезеги талапкерлердин шайлоочулардан алган добуштарынын санына жараша аныкталат, ал эми калган талапкерлердин мындан аркы кезеги Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык аныкталат.

 

823. Шайлоолордун натыйжалары боюнча саясий партияга пропорционалдык система боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы санынын 50 пайыздан көп эмеси берилиши мүмкүн.

Эгерде депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында саясий партиянын мандаттарынын саны пропорционалдык система боюнча Жогорку Кеңештеги мандаттардын жалпы санынын 50 пайызынан ашса, анда мандаттардын ашыкча саны мандаттарды бөлүштүрүүгө жол берилген калган саясий партиялардын ортосунда алар алган добуштарга пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

83. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:

1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;

2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;

3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын тизмесинде шайлоо бюллетендерин алганы жөнүндө шайлоочулар койгон колдордун саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.

84. Шайлоо участогунда ар бир талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

85. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.

11. Шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялоо

86. Аймагында шайлоо комиссиясынын иш аракети жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоо округу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө, алардын талабы боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн берилет.

Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп эсептелет.

(КР БШК 2020-жылдын 18-ноябрындагы №346 токтомунун редакциясына ылайык)

87. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин бир күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.

88. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин, саясий партиялардын жана талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин, бардык талапкерлерге каршы, бардык саясий партияларга каршы берилген добуштардын ар бирин алган шайлоочулардын добуштарынын саны жөнүндө маалыматтарды, алардын негизинде аныкталган түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуп алганда расмий жарыялоо, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.