Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 17-октябрындагы
№ 216 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы №200, 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2020-жылдын 4-февралындагы №30 токтомдорун редакцияларында)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыздоо ушул Жобонун максаты болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
– ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар;
– добуш берүү күнү социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн шайлоочулар;
– чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
– кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлериндеги шайлоочулар.
“1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоочулардын ушул категориядагы жарандарына шайлоо укуктарын камсыздоого шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтөт. Социалдык-стационардык мекемелерде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана уюмдарында, шектүү жана айыптуучу катары кайтарууда кармоочу жайларда жүргөн, Башкы штабдын окуу жайларындагы шайлоочуларды, чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты БШКга берип турууга милдеттүү. Форма БШК тарабынан бекитилет жана облус, район, калктуу конуш боюнча мекеменин (ишкананын) аталышы, жайгашкан жери жана мекемелердеги (ишканалардагы) айрым категориядагы жарандардын – шайлоочулардын саны, орундардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
“- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдарынын (Социалдык фонд жана анын аймактык органдарынын)”;
- иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилеринин.”;
Бул Жобо төмөнкүлөрдүн өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт:
– шайлоо комиссияларынын;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары – МКК);
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБО);
– социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин;
– социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин жетекчилеринин;
– Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин;
– кылмыш жасоого шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жетекчилеринин;
– кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары адамдар камакта кармалган мекемелердин жетекчилеринин.
– мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдарынын (Социалдык фонд жана анын аймактык органдарынын);
– иштөө цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилеринин.
1.4. Шайлоо комиссиялары ЖӨБО менен өз ара аракеттенип, жарандардын айрым категорияларына кирген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялайт, аларды маалымдар кылуу боюнча ишти уюштурат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
1.5. МКК тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен бирдикте айрым категорияга кирген жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары – шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарылчылык болсо алардын өздүгүн тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
1.6. ЖӨБО ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын, анын ичинде кресло-коляска же башка көмөкчү жана ыңгайлаштырылган каражаттардын жардамы менен кыймыл-аракет жүргүзгөн шайлоочулардын керектөөлөрүнө жооп берген добуш берүү жайларын берүү маселесин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
2.1. ЖӨБО шайлоо или референдум өткөрүү датасы жарыялангандан кийин шайлоочулардын тизмесинде өзүнүн бар экендигин текшерүү жана добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоо участкасына келе албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын тизмесин берүү жөнүндө суроо-талапты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жөнөтөт.
2.2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү суроо-талап келип түшкөндөн кийин беш күндүк мөөнөттө суроо-талап кылынган маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет.
2.3. ЖӨБО бар болгон маалыматтардын негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын тизмесин түзөт жана муниципалдык мекемелер жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (муниципалдык аймактык башкаруулар, үй, көчө жана кварталдык комитеттер, жамааттар ж.б.) аркылуу тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесинде аларды тактоо боюнча ишти уюштурат.
2.4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган (ID-картада жашаган жеринде каттоосу жөнүндө белги бар) жарандар киргизилет.
2.5. Тийиштүү шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесинде жаран жок болгон учурда ЖӨБО МККнын Тейлөө борбору аркылуу (119 акысыз номери боюнча) шайлоочу жөнүндө төмөнкү маалыматты текшерет:
А) башка шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесинде шайлоочунун бар экендигин;
Б) шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун жок экендигин.
2.6. Эгерде шайлоочу башка шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилсе же анын жеке маалыматтарында так эместиктер аныкталса (дареги, ФАА туура эмес жазылса ж.б.), анда ЖӨБОнун өкүлдөрү 3-форма боюнча арыз толтурууга көмөк көрсөтүшөт (ушул Жобонун 3-тиркемеси) жана инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү (ID-картанын көчүрмөсү) менен чогуу добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кечиктирбестен аларды участоктук шайлоо комиссиясына берет.
2.7. Участоктук шайлоо комиссиясы келип түшкөн арызды реестрге киргизет жана андан ары МКК берүү үчүн аларды аймактык шайлоо комиссиясына берет. Аймактык шайлоо комиссиясы келип түшкөн бардык арыздарды АШКнын реестринде каттайт жана шайлоочулардын тизмесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн МККнын аймактык органынын кызматкерине берет.
2.8. Эгерде шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, анда ЖӨБО добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кечиктирбестен МКК менен бирдикте аталган жарандын биометрикалык каттоону өтүүсүн камсыз кылат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча МККнын көчмө тобунун иштөө графиги жарандардын каалоолорун эске алуу менен ЖӨБО өкүлдөрү менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин анын маалыматтарын МКК тийиштүү участоктун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
3. Добуш берүү күнү социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу
3.1 Социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринин жетекчилери шайлоого жана референдумга катышуу үчүн социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринде жүргөн жарандардын катышуусун камсыздоо боюнча ишти уюштурат.
3.2. Мекеменин өкүлү тарабынан ал мекеме аймагында болгон шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесинде аталган категориядагы жарандардын бар экендиги такталат.
3.3. Тийиштүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесинде жаран жок болгон учурда социалдык кызмат көрсөтүү мекемесинин өкүлү МККнын Тейлөө борбору аркылуу (119 акысыз номери боюнча) шайлоочу жөнүндө төмөнкү маалыматты текшерет:
А) башка шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесинде шайлоочунун бар экендигин;
Б) шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун жок экендигин.
3.4. Эгерде шайлоочу башка шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилсе же анын жеке маалыматтарында так эместиктер аныкталса (дареги, ФАЖ туура эмес жазылса ж.б.), анда аталган жарандын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен 3-форма толтурулат (ушул Жобонун 3-тиркемеси).
3.5. Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекеменин жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет жана анда төмөнкү маалыматтар камтылат: ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 3-форма боюнча жарандардын арыздары (ушул Жобонун 3-тиркемеси).
3.6. Шайлоо комиссиялары маалыматтарды алгандан кийин жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү ушул Жобонун 2.7-пунктунда каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.
3.7. Эгерде шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болсо, анда добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен социалдык кызмат көрсөтүү мекемесинин жетекчиси МККнын өкүлдөрү менен бирдикте бул жарандын биометрикалык каттоодон өтүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
3.8. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин МКК жаранды тийиштүү участоктун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
3.9. Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен стационар шартында жүргөн шайлоочу жөнүндө маалыматты аймагында аталган мекеме жайгашкан шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Мекеменин жетекчисинин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 2-форма боюнча жарандардын арыздарын (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
3.10. Бул мекемелер жайгашкан шайлоо участогунун аймагында жашаган жарандарга (ушул Жобонун 2-тиркемеси) 2-форма толтурулбайт .
3.11. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө участоктук шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдигинин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан дарылоо мекемесинде стационар шартында жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
3.12. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссияларынын жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүүсү ушул Жобонун 2.7.-пунктунда каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.
3.13. Участоктук шайлоо комиссиясына берилген маалыматтар жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизилет.
4. Чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу
4.1. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын, анын ичинде аскер кызматчыларын добуш берүүгө уруксат берүү үчүн өздүгүн тастыктоочу документтер менен камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.
4.2. Аскер кызматчыларында документтер жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларды алуу үчүн МКК менен өз ара аракеттенет.
4.3. Аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен аскердик бөлүктүн аймагында уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча МККнын көчмө тобунун иштөө графиги аскердик бөлүктүн командири менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин МКК жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
4.4. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн бөлүктүн командири тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тийиштүү шайлоо комиссиясына берилет жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтыйт: ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 2-форма боюнча аскер кызматчыларынын арызы (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
4.5. Шайлоо комиссиялары маалыматтарды алгандан кийин жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү ушул Жобонун 2.7-пунктунда каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.
4.6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө аскер бөлүктөрүнүн командирлери шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта туруктуу жашаган жана аскер кызматын өтөө орду болгон аскер кызматчыларына паспорттогу белгиге ылайык алар киргизилген шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
4.7. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери тийиштүү шайлоо участогунун аймагында аскер кызматчыларынын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
4.8. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тийиштүү шайлоо комиссиясына берет.
5. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлеринде жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу
5.1. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары жарандар кармалган мекемелердин жетекчилери алардын шайлоо укуктарын, анын ичинде алардын добуш берүүгө уруксат берүү үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.
5.2. Ушул категориядагы жарандардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери ал жарандардын жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдарга маалымат берет.
Жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдар органда МКК менен өз ара аракеттешип, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин алууну уюштурат.
5.3. Жарандардын аталган категориясынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери алардын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Бул жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен кайтаруудагы камоо жерлеринде уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча МККнын көчмө тобунун иштөө графиги мекемелердин жетекчилери менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин МКК жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
5.4. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекемелердин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн кайтарууда камактагы жарандар жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тийиштүү участоктук шайлоо комиссиясына берилет жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтыйт: ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 2-форма боюнча жарандардын арызы (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
5.5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө участоктук шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдигинин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан камоодогу мекемеде жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
5.6. Шайлоо комиссиялары маалыматтарды алгандан кийин жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү ушул Жобонун 2.7-пунктунда каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.
5.7. Участоктук шайлоо комиссиясына берилген маалыматтар жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизилет.
5-1. Иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иш) иштеген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу.
5-1.1.Иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен вахталык ыкмасы боюнча иштеген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды ушул мекеме жайгашкан шайлоо участоктук комиссиясына жөнөтөт. Жетекчинин колу коюлуп, ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар төмөнкү маалыматтарды ичине камтыйт: ушул Жобого 1-тиркемеге ылайык жарандардын тизмеси жана паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен 2-форма боюнча жарандардын арыздары (ушул Жобого 2-тиркеме).
5-1.2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү учурунда участоктук шайлоо комиссиясына маалыматтар паспорттогу белгисине ылайык шайлоо өткөрүлүүчү жана ишкана жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет.
5-1.3. Бул ишканалар жайгашкан шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаган жарандарга 2-форма (ушул Жобого 2-тиркеме) толтурулбайт.
5-1.4. Шайлоо комиссиялары тарабынан маалыматтар алынгандан кийин жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү тартиби ушул Жобонун 2.7. - п. каралган тартипке окшош жүргүзүлөт.
6. Жарандардын айрым категориялары үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу
6.1. Участоктук шайлоо комиссиясы жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын айрым категорияларынын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
6.2. Участоктук шайлоо комиссиясы жарандардын төмөнкү категориялары үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүн уюштурат:
– ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар;
– добуш берүү күнү ооруканаларда же социалдык кызмат көрсөтүү мекемелеринде турган шайлоочулар;
– добуш берүү күнү аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, ошондой эле мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмдөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
– добуш берүү күнү кайтарууда кармоо жерлеринде жүргөн шайлоочулар.
6.3. Жайдан тышкары добуш берүү ЖӨБО же тийиштүү мекемелердин жетекчилери тарабынан берилген маалыматтардын же шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин 1 күн мурда өткөрүлөт.
Мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу алыстагы бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо максатында участоктук шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү үчүн зарыл чараларды уюштурат.
Жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыздар добуш берүү күнүнө чейин үч календарлык күн мурда берилет.
- тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү жайына келе албаган себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
6.5. Участоктук шайлоо комиссиясы жайдан тышкары добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздары реестрде каттайт жана добуш берүү күнүнө чейин 2 күн мурда жалпы таанышуусу үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин илет.
Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участокторунда колдонуу үчүн КР БШКдан алынган шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестринин негизинде участоктук шайлоо комиссиясы жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзөт, алар менен жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочуларга барышат. Жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган графаларды камтыйт. Жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги “Өзгөчө белги” графасына “Жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы №200 токтомунун редакциясында)
7. Айрым категориядагы жарандарды маалымдоо боюнча ишти уюштуруу жана алардын арасында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.1. Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо өзүнө шайлоочуларга маалымат берүүнү, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү эрк-ниетин билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындыгына өбөлгө болот.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 452 токтомунун редакциясында).
7.2. Шайлоочуларды маалымдоо мамлекеттик органдарга жана шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.3. Социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин, аскердик бөлүктөрдүн, кылмыш жасады деп шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жетекчилери аймагында аталган мекемелер жана аскердик бөлүктөр жайгашкан аймактагы участоктук шайлоо комиссиялары менен бирдикте боло турган шайлоо, референдум жөнүндө жарандардын айрым категорияларына өз убагында жана анык маалымат берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 452 токтомунун редакциясында).
7.4. Социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин, аскердик бөлүктөрдүн, кылмыш жасады деп шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жайларында маалымдар кылуу максатында шайлоо дайындалган учурдан тартып маалыматтык материалдарды илүү үчүн атайын жеткиликтүү орундар уюштурулат.
Шайлоого тиешелүү маалыматтык материалдарды тиешелүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү аталган мекемелердин жана аскердик бөлүктөрдүн жетекчилерине берет.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.5. Маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбашы керек. Маалыматтык материалдарда кайсы бир талапкерге, саясий партияга, референдумдун “макул”/“каршы” тобуна артыкчылык берилбөөгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ар бирине, Жогорку Кеңешке же шаардык кеңешке шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партияларга, референдумдун “макул”/“каршы” топторуна социалдык кызмат көрсөтүүчү жана саламаттык сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тең шарттары камсыздалат.
Өзгөчө режимде тургандыгына байланыштуу кылмыш жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта кармалып турган жарандар арасында үгүттөө талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу таризинде өткөрүлбөйт. Аталган категориядагы шайлоочуларды үгүттөө нускалары тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан аталган мекемелердин жетекчилерине берилген басма үгүт материалдарын таратуу таризинде гана жүргүзүлөт. Талапкерлерге, саясий партияларга өзүнүн үгүт материалдарын таратуу үчүн тең шарттар камсыздалууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.7. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.8.Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар менен жолугушууларын уюштуруу аймактык шайлоо комиссияларына жана жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилерине, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине жүктөлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларда турган шайлоочулар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлө турган күндү белгилейт. Алынган маалыматтын негизинде жолугушуулардын графиги түзүлөт, ал аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жеткиликтүү жерге илинип коюлат.
Аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, алардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн графиги жөнүндө кабарландырат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.9. Ар бир мекемеде үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленген графикке жана талапкерлер, саясий партиялар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар берген арызга ылайык белгиленген убакытка мекемелердин жетекчилери тарабынан акысыз берилген жайларда бир жолу жалпы жолугушуу өткөрүлөт.
Жолугушууга катышуу жөнүндө арызда милдеттүү түрдө ФАА жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердеги “макул”/“каршы” тобунан экиден көп эмес өкүл катыша алат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.10. Талапкерлердин жана/же алардын ишенимдүү адамдарынын бардык жолугушууларында аймактык же участоктук шайлоо комиссиясынын өкүлү милдеттүү түрдө катышат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.11. Шайлоо комиссиялары мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдойт. Мекемелердин жетекчилери шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жана маалыматтык жана үгүт иш-чараларын жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).