Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2020-жылдын 3-августундагы № 154 токтому менен
бекитилген
Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ
НУСКАМА
(БШКнын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ ушул нускама (мындан ары - Нускама) добуш берүүдѳ жана шайлоо комиссиялары шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын (мындан ары – шайлоочулар) идентификация жүргүзүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле идентификациялоо боюнча жабдуулар менен иштѳѳнүн тартибин жѳнгѳ салат.
2. Нускама “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ”, “Электрондук башкаруу жѳнүндѳ”, “Жеке мүнѳздѳгү маалыматтар жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамгында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
3. Добуш берүүдѳ жана шайлоо комиссияларына арыз берүүдѳ уникалдуу биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочулардын инсандыгын тастыктоо идентификация жүргүзүүнүн максаты болуп саналат.
4. Ушул Нускамада тѳмѳндѳгү аныктамалар жана терминдер пайдаланылат:
биометрикалык маалыматтар – шайлоочунун физиологиялык жана биологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүн мүнѳздѳгѳн маалыматтар, анын негизинде анын инсандыгын тастыктаса болот;
идентификация – тийиштүү базалык маалымат ресурстарында камтылган маалыматтар менен бирге шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштыруу аркылуу анын инсандыгын тастыктоонун жол-жобосу;
идентификациялоо боюнча жабдуу – шайлоочулардын биометрикалык жана жеке маалыматтары аркылуу аларды идентификациялоо үчүн арналган жабдуу;
идентификациялоо оператору –арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жоопту, атайын окутулган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкери, же болбосо шайлоочулардын арыздарды кабыл алууда жана шайлоо участкаларында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун камсыз кылуу үчүн тартылган адам.
5. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун техникалык колдоо жана арыздарды кабыл алууда жана добуш берүүдѳ идентификациялоо боюнча жабдуулардын иштеп турушу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) тарабынан ишке ашырылат.
Идентификациялоо системасында колдонулган маалыматтарды коргоо усулу жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынынын (мындан ары – МКК) карамагында турган Кыргыз Республикаснын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестири жеке жана биометиркалык маалыматтардын булагы болуп саналат. Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочулардын биометиркалык маалыматтары суроо-талапка жооп иретинде байланыштын корголгон каналы боюнча онлайн режиминде тастыкталат.
2. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболоруна даярдоону уюштуруу
7. Арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоону участкалык шайлоо комиссиясында (мындан ары – УШК), добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүдѳ, ошондой эле добуш берген күнү тийиштүү шайлоо комиссиясынын идентификациялоочу оператору жүргүзѳт.
Арыздарды кабыл алууда шайлоочуну идентифтикациялоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүндѳ жана консулдук мекемелеринде арыздарды кабыл алууда идентификациялоо үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкери тарабынан жүргүзүлѳт.
8. Идентификациялоочу операторго идентификациялоо системасына кирүүсү үчүн ѳздүк логин жана пароль берилет, ал үчүнчү жакка берилүүгѳ жана жарыя кылынууга жатпайт.
Логинди жана паролду алганда идентификациялоочу оператор милдетүү түрдѳ жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кылбоо жѳнүндѳ жана жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамдарды бузган учурда юридикалык жоопкерчилик тууралуу милдеттенменин формасын толтурат.
9. Идентификациялоо оператору шайлоочулардын жеке маалыматтарын, идентификациялоо процессинде ага белгилүү болгон маалыматтарды жайылтпоого, ощондой эле алган учурдан тартып акты менен ѳткѳзгѳнгѳ чейин идендентификация боюнча жабдуулардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик алып жүрѳт.
10. Идентификациялоо системасын ишке киргизүү үчүн идентификациялоочу оператор логинди жана паролду киргизүү аркылуу авторлоштурууну жүргүзѳт.
Идентификациялоо системасы үчүн паролдор добуш берүү күнү ар бир УШК үчүн ГРС тарабынан генерацияланат жана добуш берүү күнүнѳ чейин 3 календардык күндѳн кеч эмес атайын чапталган конверттерде БШКга берилет.
Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда идентификация системасы үчүн паролдор БШКда топтолот жана ар бир идентификациялоо операторунун жеке ѳзүнѳ берилет.
11. Идентификациялоочу оператор тарабынан пароль туура эмес киргизилген учурда система аны кайрадан киргизүүнү талап кылат. Пароль 5 жолудан ашык туура эмес киргизилген учурда система автоматтык түрдѳ жабылат. Мындай учурда идентификациялоо оператору логинди жана паролду кайрадан текшерип тактоосу зарыл, зарыл болгондо сурап билүүгѳ тийиш.
12. Идентификациялоочу оператор тарабынан системада ийгиликтүү автолоштуруу жүргүзүлгѳндѳ дата жана убакыт кѳрүнѳт.
13. Шайлоочуну идентификациялоо жол-жоболору шайлоочу ѳзү катышканда гана жүргүзүлѳт.
14. Идентификациялоочу оператор ѳз ишинде УШКнын тѳрагасына,Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүндѳ жана консулдук мекемелеринде –жетекчиге баш ийет.
3. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби
15. Добуш берүү күнүнѳ 2 календардык күн калганда идентификациялоочу оператор шайлоо участкаларындагы жабдууларды ишке киргизет жана идентификацилоо жүргүзбѳй туруп, жабдуулардын жана шайлоочуларды идентификациялоо жүргүзүү системасынын даярдыгын текшерүүнүн толук циклин жүргүзѳт.
16. Параметрлер коюлгандан кийин идентификациялоочу оператор идентификациялоо системасын ишке киргизип, баштапкы отчетту басып чыгарат (1-тиркеме).
17. Баштапкы отчеттун бир нускасын идентификациялоочу оператор УШКнын төрагасына берүүгө милдеттүү. Баштапкы отчеттун экинчи нускасын идентификациялоочу оператор добуш берүү күнү аяктаганга чейин сактоого милдеттүү.
Идентификациялоочу оператор байкоочулардын талабы боюнча баштапкы отчеттун кошумча нускасын басып чыгарууга укуктуу.
18. Шайлоочуларды идентификациялоо тийиштүү аралыкта, тарапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн жана байкоочулардын шайлоочулдарды идентификациялоо жана мониторинг жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган шартта жүргүзүлѳт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳ жана байкоочуларга кѳрүнгѳн жерде илинген монитордо тѳмѳндѳгү маалыматтар жазылуу болот:
-ошол шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- идентификациядан ѳткѳн, ушул учурда ошол шайлоо участкасында идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек алган шайлоочулардын саны;
- идентификациядан ѳткѳн шайлоочунун фото сүрѳтү, ФАА;
- жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүгүнѳ жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте БШК белгилеген башка маалыматтар.
19. Шайлоочуларды идентификациялоо идентификациялоочу оператор тарабынан ишке ашырылат, анын фамилиясы иштетүү башталганда идентификациялоо системасына киргизилет.
20. Шайлоочунун биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
21. Идентификациялоочу оператор шайлоочу паспортун кѳрсѳткѳндѳ, милдеттүү түрдѳ паспорттогу сүрѳт менен шайлоочу салыштырып кѳрѳт, идентификациялоо жол-жобосун түшүндүрѳт.
Паспорттогу сүрѳт шпайлоочуга окшош болгон учурда идентификациялоочу оператор кѳчүрүп алуу камерасы же эсептѳѳчү жабдуу ((ID-box) аркылуу шайлоочунун паспортунун машина эсептѳѳчү зонасын кѳчүрүп алат, андан кийин ошол шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын электрондук тизмесинен автоматтык издѳѳнү жүргүзѳт.
Шайлоочунун паспортун кѳрсѳтүүдѳн баш тартуусу идентификациялоочу оператордун шайлоочуну идентификациялоодон баш таруусу үчүн негиз болуп саналат.
22. Паспорту боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү ѳткѳн учурда, шайлоочунун колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча шайлоочуну биометрикалык идентификациялоо жүргүзүлѳт. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча кѳчүрүп алуу аракетинин саны – 10.
23. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча биометиркалык идентификациядан ийгиликтүү ѳткѳндѳн кийин чек чыгарылат, шайлоочу тууалуу маалыматтар мониторго киргизилет.
24. Колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери боюнча биометиркалык идентификациядан ѳтпѳй калган учурда, шайлоочу кѳчүрүп алуучу камераны колдонуу менен бетинин геометриясы боюнча идентификациядан ѳтѳт. Мында шайлоочунун бетинин геометриясы тийиштүү шайлоо комиссиясындагы биометрикалык маалыматтар базасындагы сүрѳтү менен салыштыруу жүргүзүлѳт. Бетинин геометриясы боюнча биометрикалык идентификациялоодон ийигиликтүү ѳткѳндѳн кийин автоматтык түрдѳ шайлоочунун идентификациялоодон ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек басылып чыгат, ага милдеттүү түрдѳ идентификациялоо оператору кол коет.
24-1. Шайлоочулардан арыздарды кабыл алууда шайлоочунун маалыматтары системага киргизилгенден кийин жана биометиркалык идентификациянын жол-жобосунун ийгиликтүү ѳткѳндѳн кийин арыздын электрондук формасы эки нускада түзүлѳт жана басып чыгарылат. Шайлоочу басылып чыгарылган арызда кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын тууралыгын текшерет жана ага кол коет.
25. Добуш берүүдѳ биометрикалык идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек тѳмѳндѳгү маалыматтарды кѳрсѳтүү менен басып чыгарылат:
- идентификациядан ѳткѳндѳгү дата жана убакыт;
- чектин катар номери;
- шайлоо участкасынын номери;
- шайлоочунун жеке идентификациялык номери;
- шайлоочунун ФАА;
- шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун катар номери.
26. Эгерде шайлоочу колунун манжаларынын папиллярдуу белгилери же бетинин геометриясы боюнча биометиркалык идентификациядан ѳткѳн, бирок чек/электрондук арыз басылып чыгарылбаган учурда идентификация аяктаган эмес деп эсептелинет жана идентификациялоо жол-жоболору кайрадан жүргүзүлѳт.
27. Шайлоочунун идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек жок болгон учурда, добуш берүү үчүн бюллетень берилбейт, шайлоочуга добуш берүүгѳ жол берилбейт.
28. Мурда идентификациядан ѳткѳн жана чек алган шайлоочуну кайталап идентификациялоого аракеттер жасалган учурда, идентификациялоочу оператордун ноутбугунда жана кѳрүүчү монитордо идентифтикациялоодон ѳтүү датасы жана убактысы кѳрсѳтүлүү менен ал шайлоочу идентификациялоодон ѳткѳндүгү жѳнүндѳ маалымат пайда болот, чекти кайталап чыгаруу жүргүзүлбѳт, шайлоочуга кайталап добуш берүүгѳ жол берилбейт.
29. Идентифиакциялоо процесси аяктагандан кийин идентификациялоочу оператор шайлоочуга паспортун жана чек/кол коюлган электрондук арыздын бир нускасын кайтарып берет.
Электрондук арыздын бир нускасы арызды иштеп чыгуу статусун текшерүү үчүн шайлоочуга берилет.
30 Чек/электрондук арыз басылып чыгарылгандан кийин шайлоочуну идентификациялоо процесси аяктады деп эсептелинет.
31. Жеке же биометиркалык маалыматтары боюнча идентификациядан ѳтпѳгѳн шайлоочуга чек басылып чыгарылбайт жана добуш берүү үчүн бюллетень берилбейт, мында идентификациялоочу оператордун ноутбугунда жана кѳрүүчү монитордо тийиштүү маалыматтар чыгарылат.
32. Ошол шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесинде турган шайлоочуну жабдуу идентификациялабаган жана идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек басып чыгарбаган учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече жолку жасалган бардык аракеттер натыйжа бербеген учурда, идентификациялоо процессине кѳзѳмѳл жүргүзүүгѳ жооптуу болгон шайлоо комиссиясынын мүчѳсү жабдуунун басып чыгарбай жаткандыгы тууралуу эки нускада белгиленген үлгүдѳгү (2-тирекеме) актыны түзѳт.
Актыга идентификациялоо процессине кѳзѳмѳл жүргүзүүгѳ жооптуу болгон шайлоо комиссиясынын мүчѳсү, идентификациялоочу оператор жана тийиштүү шайлоочу тарабынан кол коюлат.
Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, экинчи нускасы шайлоо космиссиясында калат, комиссия шайлоонун натыйжалары расмий жарылангандан кийин ал актыларды чара кѳрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органга жѳнѳтѳт. Мында шайлоочуга добуш берүүгѳ жол берилбейт.
33. Шайлоочуга чеги жок добуш берүү бюллетенин берген учурда, шайлоо комиссиясынын тийиштүү мүчѳсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
34. Добуш берген күнү жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген күнү УШК идентификациядан ѳтүшпѳгѳн шайлоочулардын Реестрин (3-тиркеме) түзѳт, ага УШКнын тѳрагасы жана бардык мүчѳлѳрү кол коет.
Идентификациядан ѳтүшпѳгѳн шайлоочулардын эсеп Реестринин кѳчүрмѳсү МККга берилет.
35. Шайлоочуларды идентификациялоо системасы добуш берген күнү жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген күнү 21:00 саатта автоматтык түрдѳ жабылат, андан кийин шайлоочуларды идентификуциялоого мүмкүн эмес.
36. Шайлоо участкасында добуш берүү аякатагандан кийин идентификациялоочу опреатор идентификациялоо процессине кѳзѳмѳл жүргүзүүгѳ жооптуу болгон УШКнын мүчѳсү менен бирдикте идентификация жүргүзүү жѳнүндѳ баштапкы жана жыйынтыктоочу отчетту жана тийиштүү шайлоо участкасы боюнча техникалык иштебей калуу жѳнүндѳ актыны УШКнын тѳрагасына токтоосуз берүүгѳ милеттүү.
Шайлоочулардан арыздарды алууда баштапкы жана жыйынтыктоочу отчеттор басылып чыгарылбайт.
37. Добуш берген күнү идентификациялоочу операторлордун аракеттерине жана/же аркетсиздигине даттануулар арыз берүүчүнүн шайлоо укугу бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон учурда токтоосуз түрдѳ тийиштүү УШКга берилет.
Тийиштүү УШК келип түшкѳн арызды токтоосуз карайт жана тийиштүү чечим кабыл алат, ал тууралуу акт түзѳт.
УШКнын чечимине шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылат.