“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө” жобо

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

28-июлундагы № 94 токтому менен

бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

2. Шайлоо комиссияларында саясий партиянын өкүлүнүн статусу

3. Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

4. Саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

5. Саясий партиялардан байкоочулар

6. Шайлоо процессинин стадияларында саясий партиянын өкүлдөрү

 

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө” ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын өкүлдөрүнүн (шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, анын ичинде финансылык маселелер боюнча, ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын) укуктук статусун жөнгө салат.

1.2. Ушул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасында чыныгы эркин, адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүнү, жарандардын, саясий партиялардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу саналат.

1.3.Бул Жобо Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) актыларынын талаптарынын негизинде даярдалды.

1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саясий партиянын өкүлүнө төмөнкүлөр кирет: шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, анын ичинде финансылык маселелер боюнча, саясий партиянын атынан чыккан ишенимдүү адам, байкоочу.

 

2. Шайлоо комиссияларында саясий партиянын өкүлүнүн статусу

 

2.1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иштеген жери (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык байланыштары тууралуу маалыматтарды берүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары – шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.

2.2. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.

2.3. 21 жаш куракка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссияларындагы өкүл болууга укуктуу.

2.4. Төмөнкүлөр шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз:

- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

- Өкмөттүн мүчөлөрү;

- Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери;

- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

-судьялар, аскер кызматчылары, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

- соттуулугу белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган адамдар.

Мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы деп бийликтин өкүлүнүн функцияларын дайыма, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча ишке ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруу-тескөөчү, административдик-чарбалык, контролдук-көзөмөлдөө функцияларын аткаруучу адам түшүнүлөт.

2.5.Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.

2.6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган шайлоо комиссиясындагы өкүл өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок. Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга шайлоо комиссияларында өкүл болушун чектебейт, бирок аларды кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну чектейт.

Кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу “Кыргыз Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамында толук берилген (21-бер. 3-б.).

2.7. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссия сытарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

2.8. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары:

2.8.1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;

3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;

4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;

5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана алардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;

6) шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга.

7) шайлоочунун инсандыгын көрсөткөн документтин дал келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө.

2.8.2. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн төмөнкүлөргө укугу жок:

1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;

2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;

3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;

5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.

2.8.3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары саясий партиянын чечими боюнча ар кандай убакта токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.

Саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун жыйынтыктарына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.

2.8.4. Шайлоо комиссияларындагы өкүл Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

3. Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

 

3.1. Саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү саясий партияларга өкүл болот.

3.2. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.

3.3. Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугу да кошумча көрсөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү тизмеге аталып кеткен ар бир адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.

3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат.

3.5. Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо күбөлүктөрүберилгенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

3.6. Саясий партиянын мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.

3.7. Ыйгарым укуктуу өкүл:

1) саясий партияны каттоо үчүн документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берет;

2) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;

3) саясий партияларга эфир убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;

4) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

5) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды, саясий партиянын тапшыруусу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3.8.Саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.

3.9.Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аларды каттаган күндөн тартып башталат жана саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

 

4. Саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

 

4.1. Саясий партиялар жана депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер аларды көрсөткөн, катталган саясий партия менен макулдашуу боюнча өз ишенимдүү адамдарын дайындоого укуктуу.

4.2.Ишенимдүү адамдарды каттоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан депутаттыкка талапкердин жана саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын, ушул депутаттыкка талапкердин жана саясий партиянын ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын же саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиянын ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

4.3. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүлдөр боло алышпайт.

4.4. Ишенимдүү адамдар депутаттыкка талапкерлер жана/же саясий партия тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.

4.5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка ишти жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;

2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;

3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

4) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө шайлоо участкаларында болууга;

5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;

6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.

4.6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

2) шайлоо бюллетендерин алгандыгы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.

4.7.Саясий партиялар, саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарат. Ишенимдүү адам Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген күбөлүктү кайтарып берип жана бул жөнүндө өзүн дайындаган саясий партияга билдирүү менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.

4.8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары саясий партиятарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине киргизилген аларды дайындаган талапкерлердин өздөрүнүн статусу ажырашы менен бирге токтотулат.

 

5. Саясий партиялардан байкоочулар

 

5.1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, мыйзамдарда белгиленген тартипте, шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу байкоочуну дайындоого укуктуу.

5.2. Байкоочу байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына, аны жиберген уюмдан жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомодо байкоочунун аты-жөнү, туруктуу жашаган жери, шайлоо участокторунун номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле анда мыйзамдарда каралган чектөөлөрдүн жок экени тууралуу жазуу жазылат. Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

5.3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.

Төмөнкүлөр байкоочу болууга укуксуз: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү; талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү; судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматчылары, аскер кызматчылары.

5.4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;

7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;

8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;

9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;

10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруунун жана добуш берүүнүн белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;

11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;

12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;

16) өзүнүн статусу, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген саясий партиянын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;

17) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн сырын бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан фото-көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга.

5.5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

5.6. Эгерде байкоочу шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, ал добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

 

6. Шайлоо процессинин стадияларында саясий партиянын өкүлдөрү

 

6.1. Саясий партиянын өкүлдөрү (мындан ары – өкүлдөр) шайлоолорго катышуу менен жогоруда аталып кеткен ыйгарым укуктардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.

6.2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө байкоочуларды кошпогондо, байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:

- үгүт өнөгүн уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга;

- телерадио көрсөтүү каналдарында биргелешкен үгүт иш-чараларына катышууга;

- үгүт материалдарын жайылтууга;

- башка үгүт иш-чараларына катышууга.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө өкүлдөр төмөнкүлөргө укуксуз:

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга, башкача айтканда улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат;

- шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат;

- шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө;

- билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө.

6.3. Добуш берүү күнү өкүлдөр добуш берүү үчүн жайда төмөнкүлөргө укуктуу:

- ошол участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер болгон мөөр басылган сейфти (шкафты) ачууга катышууга;

- тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын угузууга катышууга;

- шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү жана электрондук тизмелерин жөнөкөй көз менен карап чыгууга жана салыштырып текшерүүгө;

- участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен басылган (пломба коюлган) добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап чыгууга;

- контролдук баракчаларга кол коюуга жана алардын добуш берүү үчүн ящиктерге ташталышына байкоо жүргүзүүгө;

- шайлоо бюллетендерин кайра эсептөөгө жана алардын санын угузууга катышууга жана көз менен карап чыгууга;

- жогору турган шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан алынган шайлоо бюллетендеринин санынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилишине байкоо жүргүзүүгө.

Өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүдө катышууга укуктуу. Мында өкүлдөр ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош ящиктерди карап текшерип чыгууга жана добуш берүү үчүн ящиктерге ташталуучу контролдук баракчаларга кол коюуга укуктуу.

6.4. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө өкүлдөр төмөнкүлөргө укуктуу:

- шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышууга. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн жер ага шайлоо комиссияларындагы бардык өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында эсептөөгө катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек;

- сүрөткө, кино-, видео тасмага тартууга;

- участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдоосу астында иргелген шайлоо бюллетендери менен таанышып чыгууга;

- добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууга;

- алар тараптан көз менен карап текшерүүдө шайлоо бюллетендерин кайра эсептөөгө катышууга;

- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин таңгактоого, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга иреттеп салууга катышууга, ошондой эле мүшөккө же кутуга өзүнүн кол тамгасын коюуга;

- участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктарын угузууга катышууга;

- шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмелерин, арыздарды (даттанууларды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актыларды кошо алганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүүнү коштоого;

- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда мүчүлүштүктөр, дал келишпестиктер аныкталганда же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын экинчи ирет эсептешине катышууга;

- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин шайлоо комиссиясынын катчысынан мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тез арада алууга.

6.5. Шайлоо мыйзамы бузулгандыгы аныкталган же кабыл алынган чечимдерге же аракеттерге (аракетсиздиктерге) макулдук берилбеген учурда өкүлдөр жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздары (даттануулары) менен кайрылууга укуктуу.

Өкүлдөр ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган комиссияга же сотко арыздары (даттануулары) менен кайрылууга укуктуу.