Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 9-ноябрындагы
№ 197 токтомуна
№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө
ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4 октябрындагы N493 токтомдун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1.1. Эл аралык (чет элдик) байкоочулардын Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарындагы иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндөгү ушул Жобо (мындан ары - Жобо) шайлоо жана референдумду өткөрүү учурундагы байкоону жекече, байкоочулардын тобунун, ошондой эле байкоо боюнча эл аралык миссиялардын курамында жүзөгө ашырган эл аралык байкоочулардын иш тартибин, статусун жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

1.2. Ушул Жобо жана шайлоо жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы жалпы таанылган принциптерди жана эл аралык укук нормаларын, эл аралык шайлоо стандарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана укук-ченемдик актыларынын негизинде иштелип чыкты.

1.3. Эл аралык байкоочу делинип мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл болгон адам таанылат.

1.4. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл эл аралык байкоочу боло алат.

2. Эл аралык байкоочуларды чакыруунун тартиби

2.1. Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" Конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте уруксат алышат жана тийиштүү чакыруусу жана ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтери болсо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан аккредитацияланат.

2.2. Чакыруу Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилиши мүмкүн.

2.3. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.

2.4. Борбордук шайлоо комиссиясы чакырууларды чет өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарына, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча адистешкен эл аралык уюмдарга жиберет.

2.5. Чакыруулар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамына ылайык жиберилет.

3. Аккредитациялоонун тартиби

3.1. Кыргыз Республикасынын Президентинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыруу алган чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар аккредитациялоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эл аралык байкоочу катары аккредитациялоого арызын, өз өкүлдөрүнүн тизмелерин, ошондой эле инсандыгын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн тапшырышат.

3.2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык байкоочу сыпатында аккредитациялоо үчүн документтерди келип түшкөн учурда аларды ушул Жобонун талаптарына ылайык келерин текшергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

3.3. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен аккредитацияланат. Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси расмий сайтка жайгаштырылат.

3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы аккредитацияланган адамга эл аралык байкоочунун белгиленген үлгүдөгү ырастамасын берет же болбосо аккредитациялоодон жүйөлүү баш тартат.

3.6. Ырастама эл аралык байкоочуга ушул бөлүмдүн 3.8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдеги өз ишин жүзөгө ашырууга укук берет.

3.7. Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо шайлоо жана референдум өткөрүү күнү расмий белгиленгенден кийин башталат жана добуш берүү күнүнө 3 күн калганда аяктайт.

3.8. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

Кайра добуш берүү дайындалган учурда мурда аккредитацияланган эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо талап кылынбайт, алардын ыйгарым укуктары кайра добуш берүүнүн натыйжалары расмий жарыяланган күнү токтотулат.

(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы N493 токтомдун редакциясына ылайык).

3.9. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарындагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ырастамасынын жана арызынын үлгүсүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

3.10. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочунун аккредитациясын төмөнкү учурда чакырып алууга укуктуу:

- байкоочунун жиберген чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун байкоону жүзөгө ашырууга укук жөндөмдүүлүгү болбогондо;

- ушул Жободо белгиленген документтерди бербегенде же болбосо аларды толук эмес же анык эмес маалыматтар менен бергенде;

- эгерде чет өлкөлүк, эл аралык уюмдун уставдык максаттары же Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсүнүн жана ишинин максаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келсе же эгемендүүлүккө, коопсуздукка, аймактык бүтүндүккө жана улуттук кызыкчылыктарга коркунуч келтирсе;

- эгерде мурда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, эл аралык укуктук актыларды же байкоонун эл аралык принциптерин одоно бузганына байланыштуу эл аралык байкоочу аккредитациясынан ажыратылган болсо.

4. Эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары жана иш тартиби

4.1. Шайлоо жана референдумдагы эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

4.2. Эл аралык байкоочунун ишин материалдык, финансылык жактан камсыз кылуу байкоочуну жиберген тараптын каражаттарынын эсебинен же байкоочунун өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4.3. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жана мамлекеттик бийлик органдарында, башка мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген эл аралык байкоочунун ырастамасын жана анын инсандыгын тастыктаган документин алып жүрүүгө жана аны шайлоону уюштуруучулардын талабы боюнча көрсөтүүгө милдеттүү.

4.4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эл аралык байкоочу эркин жүрүүгө жана ар кандай шайлоо участокторунда болууга;

2) шайлоо жана референдумга байкоо жүргүзүү учурунда аны ар кандай шайлоо участокторунда коштоп жүрө турган өзүнө тилмечти камсыздоого;

3) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;

4) басма сөз-жыйындарын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;

5) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;

6) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, ал атынан чыккан уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;

7) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

8) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

9) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

10) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.

Эл аралык байкоочулар шайлоочулар, талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлер, саясий партиялар, шайлоонун башка катышуучулары менен жолугушууга; шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга жана шайлоо документтери менен таанышууга, шайлоо участкаларында болууга, добуш берүүнүн, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен, добуштарды саноону жана шайлоонун жыйынтыктарын жана натыйжаларын белгилөөнү байкоого, арыздарды жана даттанууларды кароонун натыйжалары менен таанышууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга, шайлоонун натыйжалары боюнча корутунду берүүгө укуктуу.

4.5. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, "Көзкаранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердеги демократиялык шайлоо, шайлоо укуктары менен эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенциянын" жоболорун, башка эл аралык документтерди сактоого;

- өз милдеттерин саясий бейтараптык, калыстык, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн сыйлоо, шайлоо органдарына, мамлекеттик жана башка органдарга, кызмат адамдарына, шайлоонун катышуучуларына карата кандайдыр бир артыкчылык көрсөтүүдөн же баа берүүдөн баш тартуу принциптерин жетекчиликке алуу менен аткарууга;

- шайлоонун бардык этаптарында, анын ичинде добуш берүүдөн кийин процесске кийлигишпөөгө;

- өзүнүн бардык корутундуларын байкоо жүргүзүүсүнө жана фактылай материалдарга негиздөөгө;

- добуш берүү аяктаганга чейин өзүнүн байкоолоруна байланыштуу кандай болбосун баасын, сын-пикирлерин жана сунуштамаларын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнө айтуудан карманууга.

4.6. Ушул Жобого ылайык эл аралык байкоочулар өз статусун шайлоо жана референдумду уюштурууга, өткөрүүгө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашырууга укугу жок.

4.7. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык укуктун жалпыга таандык принциптерин жана ченемдерин бузган учурда, ошондой эле аны жиберген уюмдун же эл аралык байкоочунун өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эл аралык байкоочунун аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

4.8. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын колдоого алуусунда болот. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чектеринде белгиленген алкактарда зарыл көмөк көрсөтө алышат.

4.9. Эл аралык байкоочулардын укуктарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.