Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын
20-октябрындагы
№ 161 токтому менен
бекитилген
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" ушул Жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын регламенттейт.
1.2. Ушул Жобонун максаты болуп шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди арттыруу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу саналат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам), "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Маалымат алуу укугу жөнүндө", "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (андан ары - Борбордук шайлоо комиссия) токтомдорунун жана чечимдеринин талаптарына ылайык иштелип чыккан.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:
үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
билборд - термин жолдордун, көчөлөрдүн боюна орнотулуучу тышкы жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдаланылат. Щит тирөөчкө бекитилген алкактан турат;
брошюра - катуу мукабасыз, тышында талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия жөнүндө толук маалыматтар камтылган, көлөмү 4 беттен жогору, бирок 48 беттен көп эмес тексттик китептик басылма;
буклет - конкреттүү түрү менен аныкталбаган, бирок жалпы мүнөздөмөсү бар, көп полосалуу (басма полосасы - анда маалыматтар жайгаштырылган бет, 1 бүктөм менен 4 полосалуу басылма болуп саналат) басылма продукциясынын категориясы;
дискуссия - чогулушта, басылмада, оппонент менен баарлашууда кандайдыр бир маселелерди көпчүлүк алдында талкуулоо;
шайлоочу - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген жергиликтүү жамааттын мүчөсү;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - жалпы угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан ачык көрүнгөн турмуш-тиричилигин чектөөгө алып келген ооруулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепети менен шартталган, организмдин функцияларында туруктуу бузулушу бар ден соолугу бузулган, жалпы шартта активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;
интернет - маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириккен компьютердик тарамдардын тутуму);
интернет-басылма - эгерде интернет-басылмага кирүүчүлөрдүн саны суткасына 500 уникалдуу кирүүчүдөн же айына 1000 уникалдуу кирүүчүдөн ашса, социалдык тарамдардагы интернет-блогдордон жана жеке адамдардын персоналдык барактарынан тышкары, жаңылыктык, маалыматтык-талдоочулук, көңүл ачуучулук жана башкача мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында администрацияланган (модернизацияланган) же Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары ээлик кылуучулары болуп саналган, интернет тарамына кирүүчүлөрдүн эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген интернет сайт (портал, форум);
талапкер - мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин депутатынын кызматын шайлоо аркылуу ээлөөгө талапкер катары көрсөтүлгөн адам;
катталган талапкер - шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөө үчүн талапкер катары тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган, Конституцияда жана мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келген адам;
баракча - саясий-үгүттүк же маалыматтык адабияттын түрү;
плакат - үгүт, жарнамалык, маалыматтык же окуу максаттарында жасалган кыска текст менен коштолгон ири форматтуу жазылма;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши;
шайлоо алдындагы штаб - талапкердин, саясий партиянын эң мыкты натыйжаларына жетишүү милдети менен бириккен адамдардын убактылуу жамааты, ошондой бул жамааттын негизги жайгашкан орду;
дебаттар - эки жана андан көп талапкердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин ар түрдүү коомдук маанилүү, анын ичинде жарыяланган шайлоо алдындагы программаларга тиешелүү маселелер боюнча көпчүлүк алдында пикир алмашуусу;
диний ишмер - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний ишти жүргүзгөн адам;
дин кызматкери - тиешелүү диний уюм (бирикме) тарабынан диний, имамдык, пасторлук, үгүттөөчүлүк кызматын кылууга ыйгарым укук берилген адам;
юбилейлик иш-чара - элдин жана мамлекеттин турмушундагы өзгөчө маанилүү тарыхый окуяларды, элдин, мамлекеттин, адам заттын алдында өзгөчө эмгек сиңирген адамдардын туулган күндөрүн (юбилейлик жылда) майрамдоо менен байланышкан иш-чара. Юбилейлик иш-чараларга төмөнкүлөр: юбилейди майрамдоо менен байланышкан салтанаттуу чогулуштар, конференциялар, майрамдык жүрүштөр, демонстрациялар, концерттер, конкурстар, мелдештер жана башка иш-чаралар кирет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жалпы шарттары
2.1. Шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалыматтык камсыздоонун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.
Шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши.
2.2. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
2.3. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) талапкерлер, тигил же бул талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоо билдирүү;
3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
2.4. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлердин тизмесин көрсөткөндөр менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Шайлоо алдындагы үгүттөө жыйналыштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш.
Шайлоо алдындагы үгүттөөнүн формалары жана ыкмалары төмөнкүчө жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) Телерадиоуктуруу уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сөз беттеринде;
- дебаттар - аларды чечүү шайлоо алдындагы программаларда сунуш кылынган коомдук маанилүү проблемалардын кеңири чөйрөсү боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын эки же андан көп өкүлдөрүнүн көпчүлүк алдындагы пикир алмашуулары;
- дискуссиялар;
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- басма сөз-жыйындары - журналисттердин суроолоруна жоопторду кошуп алганда, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлү тарабынан ЖМК өкүлдөрүнүн алдында шайлоо алдындагы программасын баяндоо;
- интервью - талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жеке жолугушуунун жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан аларга берилген суроолорго жооптору;
- чыгып сүйлөөлөр - талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн шайлоо алдындагы программасын баяндоо менен шайлоочуларга кайрылуусу (монолог);
- талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндөгү телеочерктерди, видеотасмаларды көрсөтүү;
- Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка формалар.
2) Массалык иш-чараларды өткөрүү:
- жыйналыштар жана жарандар менен жолугушуу;
- көпчүлүк алдындагы дебаттар жана дискуссиялар;
- митингдер;
- демонстрациялар;
- жүрүштөр.
3) Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу.
4) Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка формалар жана ыкмалар:
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өзүнчө катары "Интернет" түйүнүн, интернет-басылманы пайдалануу менен үгүт жүргүзүүнү бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул учурда, мыйзам менен белгиленген үгүт жүргүзүүнүн жалпы эрежелер сакталууга тийиш.
Талапкерлер, саясий партиялар концерттерди жана театралдык оюн-зоокторду, ошондой эле спорттук иш-чараларды кошпогондо, өзүнүн шайлоо алдындагы үгүтүнүн формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.6. Үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- байкоочулар;
- эл аралык байкоочулар;
- диний ишмерлер;
- кайрымдуулук иштер менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү;
- 18 жашка толо элек адамдар;
- чет элдик жарандар жана уюмдар;
- жарандыгы жок адамдар;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.7. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
2.7.1. Талапкерлер жана саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссиясында талапкер, талапкерлердин тизмелери катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү шайлоо комиссиясына программаларын берет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтта жарыялайт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. (КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.9. Талапкерлердин, саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.
2.11. Буга чейин шайлоо комиссияларынын имарат жайларынан тышкары жайгаштырылган үгүттөөчү басма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнүндө мурдакы ордунда сакталат.
3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын иши
3.1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн бирдей шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.
Мында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укуксуз.
3.2. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын арыздары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.
Шайлоочулар менен жолугушуулар үчүн талапкерге, саясий партияга жайларды бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндө чечим берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн жай жапырт иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын бирине берилсе, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбей ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө, жабдууга жана шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссияларына, референдумдун комиссияларына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.6. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана жол берилеген бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укуксуз.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.7. Борбордук шайлоо комиссиясы:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн обо убактысын, басылма аянтын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жарыялоонун жана берүүнүн мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында кабарлайт жана маалымдайт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга шайлоо мыйзамдары жана шайлоо алдындагы үгүткө катышуунун эрежелери боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан келип түшкөн документтерди кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын тизмелерин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырат.
3.8. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга укуктуу.
3.9. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.10. Жалган жасалма үгүт материалдары же болбосо мыйзамда белгиленген маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары, ушул Жобонун 8.2-пункту, таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
3.11. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылма шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган учурда шайлоо комиссиясы, шайлоочу, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылма укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3.12. Талапкер, саясий партия белгиленген талаптарды бузган учурда, аймактык шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу.
3.13. Талапкер, саясий партия шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Шайлоо алдындагы үгүттү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнүн шарттары
4.1. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга жетүүнүн тең шарты кепилдигин берилет.
4.2. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле маалда талапкерлер же алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле, радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында көрсөтүлгөн адамдар акысыз обо убактысын пайдаланганда үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Ушул бөлүмдүн 4.3-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга телерадио уюмдарынын каналдарында эфир убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга эфир убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Эфир убактысын бергендиги, мезгилдүү басылмада же интернет басылмаларында басып чыгаргандыгы үчүн акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Шайлоо өткөрүүдө эфир убактысын, басылма аянтын төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндөгү маалыматтар же интернет-басылмаларда жарыялоо укугу шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет басылмасынын ээси тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитация максатында берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында жалпы маалымат үчүн жарыяланат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле-жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт:
- жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларды өткөрүүгө;
- башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.7. Маалымат берүүдө түздөн түз жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- бир же бир нече талапкерлер, саясий партиялар тууралуу системдик түрдө (бир же андан көп жолу) бир жактуу маалыматтарды берүүгө жана башка талапкерлер, саясий партиялар тууралуу маалымат жөнүндө унчукпай коюуга;
- шайлоочулардын талапкерлерге, саясий партияларга карата анык бир мамилесин калыптандырган талапкер, саясий партия тууралуу атайын так эмес маалыматтарды таратууга.
Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымат берүүнүн бир түрү болуп саналат (шайлоочуларды маалымдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат).
Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялоодо (чагылдырууда) бул жыйынтыкты жарыялоочу (ачыкка чыгаруучу) ММКнын редакциялары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
- сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты;
- анын жүргүзүлгөн убактысын;
- сурамжылоого алынгандардын санын;
- маалымат чогултуунун методун;
- сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты;
- суроонун так түзүлүшүн;
- мүмкүн болгон катачылыктардын статистикалык баасын;
- сурамжылоо жүргүзүүгө буюртма берген (беришкен) жана суроонун жарыялануусун төлөгөн (төлөшкөн) адамды (адамдарды).
Добуш берүү күнүнө чейин акыркы 5 календардык күндө жана ошондой эле добуш берүү күнүндө коомдук пикирди сурамжылоонун, шайлоо жыйынтыгынын божомолун, шайлоо менен байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде анык бир адамдардын чөйрөсү тарабынан жеткиликтүүлүгү чектелбеген маалыматтык - телекоммуникациялык тармактарда (Интернет тармагын кошо алганда) жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
5. Мамлекеттик телерадио компаниялардын каналдарында обо убактысын берүүнүн тартиби
5.1. Уюштуруучулары (кошумча уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук караштуулуктагы мекемелер жана ишканалар болуп саналган, алар толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радио уктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан мезгилге - саат 20дан саат 24кө чейинкиге туура келүүгө тийиш.
5.2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
5.3. Бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дебаттарды жана башка ушундай үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей негиздерде жол берилүүгө тийиш.
Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар - катталган талапкерлердин тизмесинен талапкер аркылуу катыша алат.
Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан катталган талапкер, саясий партия үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.
Эгерде талапкер, саясий партиянын тизмесиндеги талапкер жүйөөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда алар биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар менен катар өзүнүн обо убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартуу же келбей коюу эфирдик убакытты берүүгө алып келбейт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Ушул бөлүмдүн 5.1-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. Резервге калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбоого, ал эми акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясий партия резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
5.5. Радио, теле көрсөтүүлөрдүн алып баруучусу катышуучулар менен алдын ала макулдашылган дебаттардын жана ушул сыяктуу үгүт жүргүзүү иш-чараларынын тартибин сактоону камсыз кылат, аларга башка катышуучулардын, же теле көрүүчүлөрдүн, радио угармандардын суроолоруна жооп берүүнү сунуштайт.
Алып баруучу төмөнкүлөргө укуксуз:
- дебаттардын уюштуруучулары тарабынан аныкталган алардын жүргүзүү тартибин бузууга;
- дебаттардын, эгерде аларды жүргүзүү тартибинде башка учурлар каралбаса, катышуучулар менен макулдашылган убактысын, эгерде бул аталган көрсөтүү үчүн берилген обо убактысынын бүтүп калышы менен шартталбаса, чектөөгө;
- шайлоо алдындагы дебаттардын, кимдир бирөөсүнө артыкчылык берүүгө;
Шайлоо алдындагы дебаттардын, төмөнкүлөргө милдеттүү:
- дебаттардын иштелип чыгылган тартибин сактоого;
- дискуссияны этикалык нормалардын алкагында алып барууга, дебаттардын дарегине, алардын ар-намысына жана абийирине акаарат келтирген, атайын жалган сүйлөөлөргө жол бербөөгө;
- алып баруучунун негиздүү талаптарын аткарууга.
Шайлоо алдындагы дебаттардын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир түшүндүрмө берүүлөр менен коштоого тыюу салынат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5.5-1. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды төмөнкү максаттарда колдонууга укугу жок:
1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
2) бул же тигил талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сүрөттөөгө;
3) кайсы-бир талапкер (кайсы-бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар терс баяндамалар менен ачык эле басымдуулук кылган маалыматты таратууга;
4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон маалыматты таратууга.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5.6. Талапкерлерге, саясий партияларга менчигинин түрүнө карабастан обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.
5.7. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга чүчүкулак өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө билдирет жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтты алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн табыштамаларды каттайт.
Катталган талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тийиштүү телерадио уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тийиштүү шайлоо комиссиясы өткөрөт. Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 25 күндөн кечиктирбестен, ал эми кайталап добуш берүүнү өткөрүү - кайталап добуш берүү дайындалган күндөн бир күн өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен таризделет. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфирдик убакытты бөлүштүрүү графиги шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана тийиштүү түрдө мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8. Шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүү үчүн акы төлөө жана акысыз обо убактысын берүү талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен телерадио уктуруу уюмдарынын ортосунда обо убактысын бергенге чейин кат жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат (Форма № 6). Келишимдин шарттары телерадио уюмдардын жетекчилигинин шайлоо комиссиялары менен макулдашылган тартипке, көлөмгө жана убакытка дал келүүгө тийиш.
5.9. Обо убактысы акы төлөө менен берилген учурда көрсөтүлгөн тейлөө акысынын өлчөмү берилген обо убактысынын бааларына, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып, Борбордук шайлоо комиссияларына берилген маалыматтарда көрсөтүлгөн башка шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
5.10. Акы төлөнүүчү обо убактысы берилген учурда акы төлөө талапкердин, саясий партиянын тиешелүү шайлоо фондунан гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөтүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүктүн жарнагын, ошондой эле талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдалануу менен жарнаманы төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү жана добуш берүү күнүнөн мурунку күнү мындай жарнамага, анын ичинде шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн жарнамага жол берилбейт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
5.11. Обо убактысындагы үгүттөөчү материалдар, кандай гана формада болбосун, тиешелүү талапкер, саясий партия менен макулдашылбаган редакциялык түшүндүрмө берүүлөр, сүрөттөр менен коштолбоосу керек.
5.12. Шайлоо алдындагы үгүттөөчү материалдарды берүү, анын ичинде товарларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү рекламалоо менен үзүүгө, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттөөчү материалдарды берүүнү теле жана радиопрограммалар, башка үгүттөөчү материалдар менен жабууга жол берилбейт.
5.13. Шайлоо алдындагы үгүттөөнү камтыган теле жана радио программалардын оболоруна чыгарылган көрмө-укма жазып алуулар шайлоо жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 12 айдан кем эмес мөөнөттө тиешелүү теле жана радиоуктуруу уюмдарында сакталат. Теле радио уктуруу уюмдары көрсөтүлгөн теле радио программалардын көчүрмөсүн тиешелүү шайлоо комиссиясынын талабы боюнча акысыз берүүгө милдеттүү.
6. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
6.1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Жобонун 5.1-пунктунун колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана формада болбосун, үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.
6.2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
6.3. Үгүттөөчү материалдарды мезгилдүү басылмаларда жарыялоо кандай гана формада болбосун, тиешелүү талапкер, саясий партия менен макулдашылбаган редакциялык түшүндүрмө берүүлөр, ошондой эле аталыштар жана сүрөттөр менен коштолбоосу керек.
6.4. Үгүттөөчү материалдарды жарыялоочу мезгилдүү басылмалар мезгилдүү басылманын чыгуу мезгилин/нускасын өзгөртүү жолу менен кайсы бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берүүгө укуксуз.
6.5. Шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүү үчүн мезгилдүү басылмалардын аянттарын акы төлөө менен берүү талапкердин макулдугунун тастыктаган (Форма № 6), саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен мезгилдүү басылманын ортосунда басылманын аянтын бергенге чейин кат жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
6.6. Мезгилдүү басылмалардын басма аянттарын берүүдө көрсөтүлүүчү тейлөөгө акы төлөөнүн өлчөмү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып, тиешелүү шайлоо комиссияларына берилген маалыматтарда көрсөтүлгөн бааларга, башка шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
6.7. Акы төлөнүүчү басма аянты берилген учурда акы төлөө талапкердин, саясий партиянын тиешелүү шайлоо фондунан гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
7. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө
7.1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
Массалык иш-чараларды өткөрүүнүн максаты болуп, пикирлерди эркин билдирүү жана калыптандыруу, ошондой эле шайлоочуларды шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар үчүн добуш берүүгө түрткөн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий ар кандай маселелер боюнча талаптарын билдирүү болуп саналат.
Чогулуш - шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүү үчүн атайын берилген же ылайыкташтырылган жайларда жарандардын чогуу катышуусу.
Митинг - шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүү үчүн атайын берилген жайларда жарандардын массалык катышуусу.
Демонстрация - жарандардын тобу тарабынан жүрүү убагында плакаттарды, транспаранттарды, көрнөк үгүттөөнүн жана башка каражаттарын пайдалануу менен көпчүлүк алдындагы уюшулган шайлоо алдындагы үгүттөө.
Жүрүш - жарандардын шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүзөгө ашыруу максатында алдын ала аныкталган багыт боюнча массалык жүрүшү.
7.2. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, дебаттарды жана дискуссияларды өткөрүү үчүн жайларды акысыз жана акы төлөп алуу укугуна ээ.
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.
Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.
Шайлоо комиссиялары бул жолугушуулардын графигин түзүшөт, график жөнүндө талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды уюштурууга милдеттүү тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдайт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
7.4. Талапкерлер, саясий партиялар көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн жайды менчиктин кандай болбосун түрүн келишимдик негизде акыга ижарага алууга да укуктуу. Жайдын менчик ээси тарабынан белгиленүүчү ижара акысынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш жана алар үчүн акы төлөө шайлоо фонддорунун гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
7.5. (КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7.6. Митингдер, демонстрациялар аркылуу үгүт жүргүзүүдө талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аларды өткөрүүнүн эрежелерин сактоого, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көпчүлүк катышкан иш-чаранын орду, убактысы, катышуучуларынын болжолдонгон саны, маршруту жөнүндө кабарлоого; жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтирүүчү курал же буюмдар болбоого; үгүт иш-чараларын конституциялык түзүлүппү өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү тутандыруу, согушту үгүттөө жана зомбулук жана башка тыюу салынган чакырыктарга чакыруу максатында пайдаланбоого тийиш.
Чет мамлекеттердин саясий жана мамлекеттик ишмерлери менен көпчүлүк катышкан иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө жана башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга тыюу салынат.
Шайлоо алдындагы үгүттөө максатында чогулуштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү уюштуруу, өткөрүү тартибине Кыргыз Республикасынын "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамынын жоболору пайдаланылат.
"Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары аларды өткөрүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга катышып жаткан кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, иштеген жери жөнүндө маалыматтарды алууга;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга;
4) тынч чогулушту өткөрүүдө үн басымынын жана добуш чыгаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген деңгээлинен ашырбастан үн күчөтүүчү аппаратураларды колдонууга;
5) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун мүнөзү боюнча тынч болуп саналган жана укукка каршы максаттарды көздөбөгөн, кайсы бир маселе боюнча пикир билдирүүнү, кол топтоо боюнча акцияны кошуп алганда, үгүттөөнүн ар кыл каражаттарын жана тариздерин пайдаланууга;
6) сунуштарды, арыздарды, даттанууларды жана кайрылуунун башка тариздерин кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберүүгө;
7) кандай гана болбосун тариздерде чогулуштарды өткөрүүгө;
8) чогулуштарды фото- же видео тартууларды жүргүзүүгө;
9) башка адамдар тарабынан укукка каршы катылуулар болгон учурда, ички иштер органдарынан коргоону талап кылууга жана тынч чогулуш өткөрүүдө башка көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнүү менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылууга;
10) медициналык жардам көрсөтүүнү жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерден коопсуз эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү талап кылууга;
11) ички иштер органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогулуштун максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдардын укук бузууларын жана аракеттерин токтотуу боюнча чараларды көрүүлөрүн талап кылууга;
12) мыйзамдарда тыюу салынбаган же чектелбеген башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
7.7. Тынч чогулушту өткөрүү убагында анын катышуучулары жана уюштуруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Мыйзамдын талаптарын жана чогулуштун тынч мүнөзүн сактоого;
2) тынч чогулушту жөнгө салууга тартылган ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) коомдук тартипти жана тынч чогулушту өткөрүүнүн уюштуруучусу тарабынан белгиленген тартипти сактоого;
4) санитардык-гигиеналык мүнөздөгү маселелерди жөндөөчү ченемдик укуктук актыларды сактоого;
5) жайлардын, курулмалардын, жабдуулардын, эмеректердин, инвентарлардын жана башка мүлктүн, ошондой эле тынч чогулуш өткөрүлгөн жердеги өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга;
6) тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого.
2. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары көрсөтүлгөн талаптар менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан кабарландырууда көрсөтүлгөн аларды өткөрүүнүн шарттарын сактоолорун уюштурууга;
2) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан коомдук тартиптин жана аны өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
3) чогулушка тыюу салынганы же чектелгени жөнүндө маалыматтарды тынч чогулуштун катышуучуларына жеткирүүгө.
7.8. Чогулуштун катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) курал-жарак, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы пайдаланылышы мүмкүн болгон, ошондой эле мүлккө зыян келтирүү үчүн атайын даярдалган же ылайыкташтырылган нерселерди алып жүрүүгө;
2) алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же деңдароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө.
Өз кезегинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көпчүлүк катышкан иш-чаралардын катышуучуларынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузбастан, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
7.9. Пландаштырылган тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарландыруусу аны өткөрүү күнүнө чейин 30 күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана 2 жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарландыруу кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо башка ыкма же таризде берилиши мүмкүн.
Кабарландыруу уюштуруучу (уюмдун аталышы жана (же) жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана (же) адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын каттамы, датасы жана башталуу жана аяктоо убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу тууралуу маалыматтарды камтыйт. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарландыруунун мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу.
7.10. Башка тынч чогулуштарды өткөрүү же жарандардын коопсуздугуна таасир этүүчү башка жагдайга тиешелүү так маалымат болгондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тынч чогулуштарды өткөрүү датасын, анын өтүүчү ордун, ошондой эле кыймылынын каттамын өзгөртүүнү сунуштоого укуктуу.
7.11. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландырган адамдар кабарландыруу алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарландыруу алууда ошол эле күнү жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу кабарландырууну кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарландыруу түшкөн датаны жана убакытты өзүндө камтуусу тийиш.
7.12. Тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.
7.13. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн эмес.
Жыйналыштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттөөнү, саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды сыйынуучу жайларда өткөрүүгө жол берилбейт.
8. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу
8.1. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү аларды таратып баштаганга чейин тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле табыштамага акы төлөгөн талапкердин же талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.
Шайлоо алдындагы үгүт материалдарын тиешелүү шайлоо фондунан алдын апа акысыз жана ушул пункт менен белгиленген талаптарды бузуу менен даярдоого тыюу салынат.
Ушул пункттун талаптарын бузуу менен жасалган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.
Тышкы үгүт материалдарын жайгаштырууда талапкерлер, саясий партиялар аны жайгаштырганга чейин тышкы үгүт материалынын түрүн жана аны жайгаштыруу болжолдонгон орундун так дарегин көрсөтүү, үгүт материалынын үлгүлөрүн жана эскиздерин тиркөө менен тиешелүү шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.
Мындай үгүт материалдарды жайгаштыруу үчүн орундар шайлоочулардын келип-кетүүсүнө ыңгайлуу болушу керек жана шайлоочулар аларда жайгаштырылган маалыматтар менен тааныша алгыдай жайгашууга тийиш. Катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерине шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянттар берилүүгө тийиш. Бөлүнгөн орундардын аянты аларда шайлоо комиссияларынын маалыматтык материалдарын жана талапкерлердин шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
8.4. Үгүт материалдарын материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире берген жерлерге жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл бадалдарды, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр тарыхый-маданий мурас объекттери катары таанылышы мүмкүн:
- тарыхый эстеликтер: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техникага, элдердин маданияты менен турмуш-тиричилигине, ошондой эле республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрүнө байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый көрүстөндөр жана мемориалдар;
- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, чалдыбарлар, дөбөлөр, төрткүлдөр, жер үстүндөгү жана суу алдындагы байыркы кыштактардын, чыңдоолордун, чеп курулуштарынын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар менен сугат тармактары, жолдор менен көпүрөлөр, айрым коргондор жана көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана аска бетиндеги жазуулар;
- шаардык курулуш жана архитектуралык эстеликтер: архитектуралык ансамблдер менен комплекстер, тарыхый борборлор, маалалар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу пункттардын байыркы пландаштырылыштарынын жана түзүлүштөрүнүн калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, диний архитектуранын, элдик курулуш өнөрүнүн курулуштары, ошондой эле аларга байланышкан монументалдык, сүрөт, декоративдүү-прикладдык, бак-шактуу парк жана башка искусство түрлөрүнүн чыгармалары.
8.5. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.
8.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
8.7. Жалган жасалма үгүт материалдары же болбосо ушул бөлүмдүн 8.2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган тиешелүү шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
8.8. (КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8.9. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, зыян келтиргендиги жана бузгандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8.10. Басылма үгүт материалдары жайларда, имараттарда, курулмаларда жана башка объекттерде көрсөтүлгөн объекттердин ээлеринин макулдугу менен жана менчик ээлеринин шарттарында гана илиниши (чапталышы, жайгаштырылышы) мүмкүн. Үгүт материалдарын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган объектилерде жайгаштыруу бардык талапкерлер үчүн тең шарттарда жүзөгө ашырылууга тийиш. Мында үгүт материалдарын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган объектилерде жайгаштыруу үчүн акы алынбайт.
9. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги
9.1. Шайлоо комиссиялар шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; чет мамлекеттердин саясий жана мамлекеттик ишмерлери менен көпчүлүк катышкан иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка формасы деп төмөнкү жол берилбестиктерди түшүнүүгө болот:
- мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;
- учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;
- согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;
- элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;
- динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;
- уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;
- граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;
- инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;
- жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт;
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (акты) менен ырасталган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы, же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
9.2-1. Диний имараттардын, курулмалардын жана аларга тиешелүү аймактардын, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттердин, электр станцияларынын, темир жолдордун, мунай/газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларынын, жана инфратүзүмдүк башка объекттердин, пенитенциардык системанын объекттеринин, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана аларга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө үгүт материалдарында диний тематикадан түз жана кыйыр өздөштүрүлгөн сөздөрдү же шилтемелерди камтыган маалыматтын бөлүктөрү менен элементтерин (сүрөттөрүн) чагылдырууга жана башкача колдонууга жол берилбейт.";
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
9.3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат (КР КЖК 196-берене).
Талапкер, саясий партия менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнүүчү эмгек келишимдеринин алкагында аткарылган ишке акы төлөө сатып алуу деп эсептелбейт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9.4. Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана: саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде талапкер көрсөтүлгөн шайлоо округунан тышкары жерлерде да жүргүзүүгө укуксуз.
"Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын пайда көздөбөй (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) берүү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, башка колдоолорду көрсөтүү боюнча ыктыярдуу ишти жүзөгө ашыруулары соопчулук иши деп түшүнүлөт.
Мыйзамдарга ылайык жакын туугандарга төмөнкүлөр кирет: ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер.
9.5. "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үч айда жана шайлоо мезгилинде юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жол берилбейт.
9.6. Шайлоонун катышуучусу катары катталган талапкерлер, саясий партиялар, же анын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздериң, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен шайлоочуларды маалымдоо үгүт болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып жана талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилбейт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.
9.7. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттар, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылмаларда - кийинки санында, интернет-басылмаларда - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күнү, телекөрсөтүү же радио аркылуу - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки күндөгү чыгарылышында төгүндөө же түшүндүрмө берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол электрондук аянтта жана ошол эле шрифт менен берилет.
Төгүндөөнү же башка түшүндүрмөнү жарыялоо үчүн талапкерге, саясий партияга алгачкы маалымат жарыяланган сутканын убактысында эфирдик убакыт берилүүгө тийиш жана анын көлөмү алгачкы маалыматты баяндоого берилген эфирдик убакыттын көлөмүнөн аз, бирок эки минутадан кем болбоого тийиш.
Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттүн мөөнөтү бүткөнгө чейин талапкердин, саясий партиянын кадыр-баркына зыян келтирген маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда алардын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү ушул пунктта белгиленген мөөнөттөрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк бербөө ошол жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын аккредитациясынан ажыратуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72, 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 120 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9.8. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары ушул бөлүмдүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.
9.9. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана жол берилеген бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партиялар шайлоолор жөнүндө мыйзамда белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
Жалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын таркаткан жана Мыйзамдын талаптарын бузуу менен басма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын тараткан учурда, ошондой эле Мыйзам менен белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, тармактык басылманын редакциясы бузган учурда, шайлоо комиссиялары укук коргоо органдарына, сотко, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде электрондук жана массалык коммуникациялар, маалыматтык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин органына укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу, мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жана телерадиоберүү уюмун, мезгилдүү басылманын редакциясын, тармактык басылманын редакциясын, алардын кызмат адамдарын, ошондой эле башка адамдарды мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо
10.1. Талапкер, саясий партия, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын редакциялары жана алардын кызматкерлери тарабынан ушул Жободо белгиленген эрежелердин сакталышын контролдоо тиешелүү шайлоо комиссиясы, мыйзамдарда каралган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10.2. Шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясында Жумушчу топ түзүлөт.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
10.3. Жалпыга маалымдоо каражатынын, интернет-басылмалардын редакциялары шайлоо алдындагы үгүт материалдарынын жарыялоолорунун, обого чыгышынын эсебин жүргүзөт. Шайлоо комиссиясынан суроо-талап келип түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражатынын, интернет-басылманын редакциясы суроо-талаптын күнүнөн тартып эки күндүк мөөнөттө ага жазуу жүзүндө маалымат, ал эми зарыл болгондо суратылган материалдардын көчүрмөлөрүн да берүүгө милдеттүү.
Катталган талапкерлерге, катталган талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга эфирдик убакытты, басма аянтты берген телерадио уюмдар жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары (менчигинин түрүнө карабастан) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген эсепке алууну жүргүзүүнүн формаларына жана тартибине ылайык алардын көлөмүн жана наркын эсепке алууга милдеттүү. Бул эсепке алуунун маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде ар бир 10 күндө жана добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берилиши керек.
(КР БШКнын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
10.4. Прокуратура органдары аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан алардын аракеттерине арыздарды (даттанууларды) мыйзамдарга катуу ылайыктуулукта карайт.
10.5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоо комиссиянын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.6. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор, берүүлөрү менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссиялары, Борбордук шайлоо комиссиясы же Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралат.