“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү Уюштуруу, анын тартиби жана жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө” ЖОБО

КР Борборшайлоокомунун 2017-жылдын 3-августундагы №320 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2011-жылдын 16-сентябрындагы 

№ 261 токтому менен бекитилген

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү

Уюштуруу, анын тартиби жана жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө”

ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

II. Добуш берүүнү өткөрүүгө даярдык

III. Добуш берүүнү өткөрүү

IV. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү

V. Добуш берүүчү жайдан  тышкаркы жерде добуш берүү

VI. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун, участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан протоколдорду толтуруунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк катышын текшерүүнүн тартиби

VIIКыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби

 

I. Жалпы жоболор.

 

            1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Рспубликаынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 6-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү тартибин жөнгө салат.

            2. Бул Жобонун талаптары шайлоо процессинин бардык катышуучулары, добуш берүүнү өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылган мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары тарабынан аткарууга милдеттүү.

 

II. Добуш берүүнү өткөрүүгө даярдык

1. Добуш берүү үчүн жай

            1.1. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана калемдерди кошпогондо, жазуу буюмдары (шариктүү сыя калемдер) менен жабдылган атайын жасалган кабиналар жана добуш берүү үчүн үкөктөр жайгаштырылат. Жарык кылуу тутуму аны алмаштыруучу жарык берүү булагына, кол чырактарга жана шамдарга ээ болуусу керек.

            1.2. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын камтыбашы керек.

            1.3. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендери берилүүчү орун, добуш берүүчү кабиналар жана үкөктөр бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылышы керек.

            1.4. Добуш берүү күнү шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталган сейф (шкаф) шайлоо участогунун добуш берүү жайдын ичинде турушу керек.

            1.5. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жетиштүүлүгүн камсыз кылуучу ыкмалардын бири болуп саналат.

2. Шайлоо бюллетени

            2.1. Участкалык шайлоо комиссиясына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны ошол участоктогу катталган шайлоочулардын санынана ашпоого тийиш. Мында аймактык шайлоо комиссиясы зарыл учурларда суралган санына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына берүү үчүн шайлоо бюллетендерин бир пачкадан ашпаган санда бузуп ачышы мүмкүн. Шайлоо бюллетендеринин запасы аймактык шайлоо комиссиясында калат.

            2.2. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал катуу эсептеги документ болуп саналат. Ар бир шайлоо бюллетенинин шайлоо комиссиясында калуучу номуру коюлган дүмүрчөгү жана шайлоочуга берилүүчү айырма бөлүгү болушу керек.

            2.3. Шайлоо бюллетендерин конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен  добуш берүү жайлардан тышкаркы жерлерге чыгарууга, ошондой эле аларды көчүрүүгө, жайылтууга тыюу салынат.

3. Маркирлөө.

            3.1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо көрүнүп туруучу атайын курамдагы маркировка колдонулат.

 

            3.2. Маркирлөө деп сол колдун бармагынын тырмагынын ички чегине көрүнүп туруучу жуулбаган сыянын  (атайын курамдагы) коюлушу түшүндүрүлөт.

 

            3.3. Байкоочулардын катышуусунда добуш берүүчү жай ачылганга чейин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан белгиленген тариздеги атайын маркер көрсөтүлөт  .

            3.4. Сол колдун бармагы жок болсо маркирлөө төмөндөгүдөй түрдө жүргүзүлөт:

- сөөмөйдөн тартып бармакка жакын манжа маркирленет;

            - сол колдун манжалары жок болсо оң колдогу манжалар сол кол үчүн бекитилген тартипте маркирленет;

            - эки колдун тең манжалары жок болсо шайлоочу маркирлөөсүз ошол эле шайлоодо бир гана жолу добуш бергенге укуктуу.

 

            3.5. Кайра шайлоо учурунда сөөмөйдөн тартып бармакка жакын манжа маркирленет.

            3.6. Маркирлөөдөн баш тарткан шайлоочу участалык шайлоо комиссиясынын добуш беруучу жайына шайлоо бюллетенин алууга жана добуш берүүгө киргизилбейт.

Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү маркирлөө жол-жобосу шайлоочу тарабынан ошол эле шайлоодо кайра добуш берүүнү жокко чыгаруу максатында өткөрүлүп жаткандыгын түшүндүрүшү шарт.

Шайлоочунун маркирлөөдөн баш тартуусу шайлоочулардын тизмесиндеги “Өзгөчө белгилери” деген графада шайлоочунун шайлоо участогуна келген убактысын көрсөтүү менен чагылдырылып жана маркирлөөнү өткөрүү үчүн жооптуу участкалык комиссяисынын мүчөсүнүн колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.

 

            3.7. Шайлоолор бүткөндөн тартып маркирлөө үчүн көрүнүп туруучу жуулбаган сыянын калдыктары акт аркылуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал болсо өз кезегинде ушундай эле акт аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнө өткөрүлүп берилет.

            3.8. Маркирлөө үчүн каражаттар шайлоо бүткөндөн кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын актысы боюнча өткөрүлүп берилет, ал өз кезегинде акт менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнө өткөрүп берет.

 

            4. Шайлоо өткөрүлүүчү күнү добуш берүүгө даярдык

 

            4.1. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

            - ар бир шайлоочуда маркирлөө жоктугун текшерүүнү жүзөгө ашыруучу;

            - шайлоочулардын тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;

            - шайлоочуларды көрүнүп туруучу атайын курам менен маркирлөөчү жана шайлоо бюллетендерин берүүчү;

-шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрдө добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.

            Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.

 

            4.2. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын тизмесин алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, катышып турган адамдарга аны көрүп таанышууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын тизмесин, ошондой эле, шайлоо дареги боюнча добуш берүүчү жарандардын санын  толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

            4.3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

 

            4.4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат. Ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын саны добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

            4.5. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө бир пачкадан тигилген шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коёт жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.

 

III. Добуш берүүнү өткөрүү

 

            1. Шайлоо күнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары да жерлерде түзүлгөн участкаларда   добуш берүү саат 8ден саат 19га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

            2. Добуш берүүчү жайдын кире беришинде чүчүкулакта аныкталган шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировка жогун текшерет. Маркировка белгиси жок шайлоочу добуш берүүгө коё берилет, ал эми белги коюлган шайлоочу добуш берүүгө коё берилбейт.

            3. Шайлоо бюллетендерин берүүдө чүчүкулакта аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуларды каттоону жүзөгө ашырат: шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын реквизиттерин тизмеге киргизет, анда шайлоочулар шайлоо бюллетенин алганы үчүн кол коёт, чүчүкулакта аныкталган шайлоо комиссиясынын башка мүчөсү шайлоочунун сол колунун бармагын атайын курам менен маркирлейт жана шайлоо бюллетенин берет.

 

            4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт (бул Жобонун III- главасынын 9-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттан тышкары)

 

            5. Шайлоо бюллетендери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун, офицер (прапорщик) инсандыгын күбөлөндүргөн күбөлүгүн, мөөнөттүү аскер кызматчынын аскердик билетин, пенсиялык күбөлүгүн, айдоочунун күбөлүгүн көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.

 

            6. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда, шайлоочулардын тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру жазылып коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, маркирлөөдөн өтөт, андан кийин шайлоочулардын тизмесине кол коет. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын маркирлөө жана шалйоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу мүчөсү дүмүрчөккө шайлоо участогунун номери жана шайлоочунун тизмесиндеги шайлоочунун катар номерин коет. Шайлоочу дүмүрчөккө кол коюп, бюллетен алат жана атайын жабдылган кабинага же атайын жабдылган жайга кирет.

 

            7. Шайлоочу шайлоо бюллетенине белгини өзү тандаган талапкердин, саясий партиянын пайдасына тиешелүү чарчыга же "Баарына каршы" позициясына  атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде белги коёт. Шайлоочу тарабынан шайлоо бюллетенин толтурууда фото жана көрмө тартууларды кылууга жол берилбейт. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.

 

            8. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

 

            9. Шайлоо бюллетенин алганда өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

 

            10. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбалаланган) үкөктөргө салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.

 

            11. Чучукулак аркылуу аныкталаган шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрдө добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу комиссиянын мүчөсү бардык тартип бузуулар жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кабарлап турууга милдеттүү.

 

            12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

 

            13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

            14. Шайлоо участкаларында өздөрүнүн жигердүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу учурларын, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо  мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусуна тыюу салынат.

            15. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

 

IV. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү

 

            1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, шайлоо участкасына шайлоо күнү келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болбой турганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү аныкталган арыздын негизинде, тиешелүү документтерди (иш сапарынын күбөлүгүнүн, авиабилеттин, темир жол билетин, паспорттогу визанын көчүрмөсүн) көрсөткөндө, добуш берүү күнүнө 9-1 күн калганда, тиешелүү шайлоо комиссиясынын орун жайында шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу (бюллетен берүү тартиби 5-пункттун III бөлүмүндө аныкталган ). Мында шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылууга, шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн бузулуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого, шайлоо бюллетенинин сакталышын, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөдө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоодо шайлоочунун добушунун эсепке алынышын камсыз кылууга милдеттүү.

 

            2. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коёт жана шайлоо комиссиясынын 2ден кем эмес мүчөсүнүн катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетень жана таза конверт алат.

            3. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жайда толтурулат. Шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочу тарабынан фото жана көрмө тартууларды кылууга жол берилбейт.

            4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюллетени конвертке салынат жана чапталат. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда конверттин чапталган жерине шайлоо комиссиясынын 2 мүчөсүнүн колу коюлат, ал шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун колу менен күбөлөндүрүлөт.

            5. Шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси, тиешелүү шайлоо комиссиясынын шайлоо документтерин сакталуучу сейфке (шкафка) алынып коюлат.

            6. Добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусунда, добуш берүү башталаардын алдында, мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, көрүп таанышуу үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын катчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттерди жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан кийин ал ар бир конвертти кезеги менен ачат жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун сактоо менен, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөккө салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны, добуш берүү башталаардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет, ал эми шайлоочулардын тизмесиндеги мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун фамилиясынын тушуна "Мөөнөтүнөн мурда добуш берди" деген белги коюлат.

 

V. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү

 

            1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

            Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде убактылуу болушкан, шектүүлөрдү жана күнөөлүүлөрдү кармоочу жерлердеги шайлоочулар жөнүндө маалыматтар шайлоочунун аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын жана туруктуу жашаган (катталган) жеринин дарегин көрсөтүп, паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана калктуу конуштардын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрдү кошпогондо, добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет, ал боюнча ошол бөлүктөрдүн командирлери шайлоочунун аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын жана туруктуу жашаган (катталган) жеринин дарегин көрсөтүп, паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалаган шайлоочулар жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына маалымат берет.

            2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоого алууда, ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн колу коюлат.

            3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

            4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчүкулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.

            5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

            6. Шайлоо участкасынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенде оозеки кайрылуу жазуу жүзүндөгү арыз менен бышыкталат. Жазуу жүзүндөгү арызда шайлоочу (стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерге убактылуу келишкен, шектүүлөрдүн жана күнөөлүүлөрдү кармоочу жерлердеги шайлоочуларды кошпогондо)  өзүнүн паспортунун же инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун көрсөтөт. Шайлоочу шайлоо бюллетенин алганын өзүнүн койгон колу менен ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировкалоонун жоктугун текшерет жана ал жок болгондо сол колунун бармагын маркировкалайт жана ага шайлоо бюллетенин берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арызга койгон өз колдору менен шайлоо бюллетенин берүү фактысын ырасташат.

            7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек. Шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочу тарабынан фото жана көрмө тартууларды кылууга жол берилбейт.

            8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана ошол эле учурда шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.

 

            9. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен кошумча мөөрлөнөт (пломбаланат) жана кошумча мөөрлөнүүчү (пломбалануучу) шайлоо документтери сакталуучу сейфке (шкафка) алып коюлат.

            10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

 

VI. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун, участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан протоколдорду толтуруунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк катышын текшерүүнүн тартиби

 

 

       1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык  шайлоо комиссиясынын протоколу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) нусканын номерин;

б) шайлоонун деңгээлин белгилөөнү;

в) “Протокол” деген сөздү;

г) шайлоо участкасынын номери көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын аталышын;

д) протоколдун саптарын:

          1 – сап: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна

талапкерлердин  фамилиясы  жана аты жөнү (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте), “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны жана ар бир талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны;

          2 – сап: шайлоо участкасында тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны;

            3 – сап: участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны;

            4 – сап: шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын колтамгаларынын саны;

            5 – сап: добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны;

            5а-сап: мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны;

            5б – сап: шайлоо участкасынын имарат жайынан сырткары жерде добуш берген шайлоочулардын саны;

            6 – сап: жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны;

            7 – сап:  анык шайлоо бюллетендерини саны;

            8 – сап: жараксыз бюллетендердин саны.

 

            2. Саптарда көрсөтүлгөн сандар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго цифра жана жазуу жүзүндө киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шарик калемсабы менен гана толтурулат.

             3.Бардык жогору турган шайлоо комиссияларынын саптары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптары менен туура келиши керек.

          4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу мүчөлөрү пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чарчыларды бузууга жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Ушундай эле жол менен участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендери жокко чыгарылат. Бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, анан участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке "Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номуру көрсөтүлөт.

          5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар кайтарып берген шайлоо бюллетендеринин саны, бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризинин 6-сабына киргизилет.

         6.Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоого жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине төмөндөгү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү:

       а) шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын колтамгаларынын саны;

       б) мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси боюнча текшерилет);

        в)  добуш берүүчү имарат жайдан сырткары жерде добуш берген шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси боюнча текшерилет);

        7.Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт.

          8. Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген бардык маалыматтарды жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүдөгү протоколдун чоңойтулган таризине тийиштүү саптарды киргизет:

            а) 4 – сапка – шайлоочулардын тизмесинен шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын колтамгалардын саны;

         б)  5а – сапка - добуш берүүчү имарат жайдан сырткары жерде добуш берген шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет);

         в) 5б – сапка – добуш берүүчү имарат жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулардын саны(шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет).

            Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат.

            9.Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталганын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан адамдардын колдору менен көзөмөлдөө барагын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын көрсөтөт.

         10. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

         11.Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны, алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экени белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат.

         12.Добуштарды саноо учурунда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) таризи Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери деп таанылат.

         13.Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо башталганы жөнүндө жарыялайт, добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктүн мөөрү (пломбасы) бузулбаганын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан башка адамдардын колдору бар көзөмөлдөө барагын алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барагын көрсөтөт.

            14.Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин ар бири үчүн, "Баарына каршы" позициясы боюнча берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.

            15. Андан кийин белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси жана "Баарына каршы" позициясы боюнча берилген добуштар боюнча өз-өзүнчө саноо жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай же шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.

         16. Ар бир талапкер, ар бир талапкердин тизмеси жана “Баарына каршы” позициясы боюнча берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгиси (добушу) боюнча аныкталуучу, алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.

            17. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белги бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкан факты орун алган болсо) жараксыз болуп эсептелет.

            18. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет.

         19. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп таанууда шектенүүлөр болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу белги участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризинин 8 – сабына  киргизилет.

         20. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары  тууралуу  протоколдун чоңойтулган таризинин 7 – сабына  жазат, ал шайлоочулардын эркин аныктоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.

         21. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра саноо талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тарабынан көрүп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү берилүү менен шайлоо бюллетендери кайра саналат. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.

         22. Маалыматтардын контролдук катнаштарын текшерүү жайдан тышкары добуш берүү, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү, участкалык шайлоо комиссиясы алган бюллетендердин саны боюнча маалыматтарды кошпогондо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун кеңейтилген формасына киргизилген маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аларды протоколго киргизгенге чейин ушул главанын 26- бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.

         Эгерде контролдук катнаштар дал келбесе участкалык шайлоо комиссиясы талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун бардыгына же айрым саптары боюнча кайрадан эсептөө жөнүндө чечим кабыл алат.

 

         23. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурундагы тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери менен участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда, протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

         24. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулат, күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) коюлуу менен, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, протокол жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

         25. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.

         26. Контролдук катнаштарды текшерүү

         (2) < = (3) – Шайлоо участогунда тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны, участкалык шайлоо комиссиясы алган бюллетендердин санынан аз же тең болушу керек.

         (5)  = <  (2)  –  Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоо учатогундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан ашпашы керек.

         (3) > = (7) + (8) + (6) – участкалык шайлоо комиссиясы (3) алган бюллетендердин саны анык  (7),  жараксыз (8) жана жокко чыгарылган бюллетендердин суммасына тең болушу керек.

         (5) = (7) + (8) – добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны анык (7) жана жараксыз (8) бюллетендерди суммасына тең болушу керек.

         (s) = (7)  - талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын жана “Бардыгына каршы” позициясына берилген добуштардын саны анык бюллетендердин (7) санына тең болушу керек.

         27. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирге шайлоо документтери участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.

         28. Тиешелүү аймакта добуш берүү жыйынтыктарын чыгарганга чейин добуш берүү жыйынтыктары жэнүндэ участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүнүн тууралыгын алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участкалары боюнча бардык маалыматтарды Шайлоо маалыматтык тутумга киргизет.

 

VII.     Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби

 

Сейф-пакеттер атайын нымдуулукка чыдамдуу, ысыкта күйбөгөн материалдардан даярдалат, алардын сегиз сандык номерлери болот (идентификациялык номер), чапталуучу индикаторлук лента менен чапталат. Мыйзамсыз, өзүнчө жана анонимдик ачуу болбойт, анткени, ал ачык көрүнүп турган пломба-лентанын алдында OPEN (ачык) деген сөз менен коштолот, ошондуктан, пайдаланылган сейф-пакетти экинчи жолу чаптоо мүмкүн эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы аталган протоколду же анын көчүрмөсүн токтооосуз факсимилдик байланыш боюнча контролдоо, маалыматтарды алгачкы иштеп чыгуу жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) жөнөтөт.

Ондоолорду киргизүү максатында, сейф-пакетти ачуудан качуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды дыкаттык менен текшерип чыгуулары зарыл.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасы, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдун кол коюлган көчүрмөсү эки сейф-пакетке тангактоо байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы тарабынан ишке ашырылат, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү, катышып жаткан адамдардын бардыгынын кол тамгалары болушу  зарыл.

Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн сейф-пакетине, добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин  дүмүрчөктөрү кошумча таңгакталат.

Биринчи нуска менен, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, шайлоо күнү шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен эки сейф-пакетти участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же бир мүчөсү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматчыларынын коштоосунда токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирет жана акт менен берилет, анда сөзсүз сейф-пакеттердин идентификациялык номери көрсөтүлүшү керек.

Добуш берүү жөнүндө протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, сейф-пакеттердин айрылма талондору,  биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына берүү жөнүндө акт, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакет участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун биринчи нускасынын сейф-пакетин ачуу байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттер Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн сейф-пакетти аймактык шайлоо комиссиясында ачууга жол берилбейт.

Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн түз түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө биринчи нускалардын негизинде алардагы маалыматтарды бириктирүү жолу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, ал жөнүндө добуш берүүнүн протоколу жана бириктирилген таблица түзүлөт.

Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн протоколунун биринчи нускасына жана бириктирилген таблицага кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы аларды участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бардык протоколдор менен бирдикте сейф-пакетке таңгактайт, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номуру көрсөтүлөт жана шайлоочуларга добуш берүү күнүндө берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссияларынын күбөлөндүрүлгөн протоколдору таңгакталган сейф-пакеттер менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

Аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө экинчи нускасы да сейф-пакетке таңгакталат жана бардык шайлоо документациясы, сейф-пакеттин айрылма талону, ошондой эле жыйынтыктоочу протоколдун биринчи нускасы менен сейф-пакетти тапшыруу жөнүндө акт архивге өткөрүүгө чейин кайтарылуучу жайда аймактык комиссиянын катчысында сакталат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи нускасы жана аймактык шайлоо комиссиясынын бириктирилген таблицасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларга шайлоо күнү берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттерди ачууга Борбордук шайлоо комиссиясында акт боюнча жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү керек.