“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 28-июлундагы

№ 85 токтому менен бекитилген

 

  

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобо 

 

 

1. Жалпы жоболор

2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жалпы шарттары

3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын иши 

4. Шайлоо алдындагы үгүттү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнүн шарттары

5. Мамлекеттик телерадио компаниялардын каналдарында обо убактысын берүүнүн тартиби 

6. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

7. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө

8. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу

9. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугунан кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги

10. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” ушул Жобо (мындан ары – Жобо)   Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт.

1.2. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.

1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам), “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссия) токтомдорунун жана чечимдеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты.

1.4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:

үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

билборд - термин жолдордун, көчөлөрдүн боюна орнотулуучу тышкы жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдаланылат. Щит тирөөчкө бекитилген, атмосфералык туруктуу курамдар менен сырдалган, болот же фанера листи менен капталган алкакты элестетет;

брошюра – катуу мукабасыз, тышында талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу жөнүндө толук маалыматтар камтылган, көлөмү 4 беттен жогору, бирок 48 беттен көп эмес текстик китептик басылма; 

буклет – конкреттүү түрү менен аныкталбаган, бирок жалпы мүнөздөмөсү бар, көп полосалуу (басма полосасы – анда маалыматтар жайгаштырылган бет, 1 бүктөм менен 4 полосалуу басылма болуп саналат) басылма продукциясынын категориясы; 

дискуссия–чогулушта, оппонент менен баарлашууда кандайдыр бир маселелерди көпчүлүк алдында талкуулоо;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу – шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;

баракча– саясий-үгүттүк же маалыматтык адабияттын түрү;

плакат–үгүт, жарнамалык, маалыматтык же окуу максаттарында жасалган кыска текст менен коштолгон ири форматтуу жазылма;

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер, талапкерлердин тизмелери үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;

шайлоо алдындагы штаб – талапкердин, саясий партиянын эң мыкты натыйжаларына жетишүү милдети менен бириккен адамдардын убактылуу жамааты, ошондой бул жамааттын негизги жайгашкан орду;

көпчүлүк алдындагы дебаттар – эки жана андан көп талапкердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун ар түрдүү коомдук маанилүү, анын ичинде көпчүлүк алдында пикир алмашуунун жүрүшүндө айтылган шайлоо алдындагы программаларга тиешелүү маселелер боюнча көпчүлүк алдында пикир алмашуусу;

юбилейлик иш-чара – элдин жана мамлекеттин турмушундагы өзгөчө маанилүү тарыхый окуяларды, элдин, мамлекеттин, адам заттын алдында өзгөчө эмгек сиңирген адамдардын туулган күндөрүн (юбилейлик жылда) майрамдоо менен байланышкан иш-чара. Юбилейлик иш-чараларга төмөнкүлөр: юбилейди майрамдоо менен байланышкан салтанаттуу чогулуштар, конференциялар, майрамдык жүрүштөр, демонстрациялар, концерттер, конкурстар, мелдештер жана башка иш-чаралар кирет.

 

2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жалпы шарттары

 

2.1. Шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери.

2.2. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

2.3. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерлердин тизмелерин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

2.4. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

2.5. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) көпчүлүк катышкан иш чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда.

Тыюу салынбаган башка формаларга төмөнкүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү кирет:

- көпчүлүк алдындагы дебаттар – аларды чечүү шайлоо алдындагы программаларда сунуш кылынган коомдук маанилүү проблемалардын кеңири чөйрөсү боюнча саясий партиялардын эки же андан көп өкүлдөрүнүн көпчүлүк алдындагы пикир алмашуулары;

- дискуссиялар;

- “тегерек үстөлдөр” – шайлоо алдындагы үгүт иш-чаралардын алкагында саясий партиялардын өкүлдөрү менен ЖМК өкүлдөрүнүн, теле көрүүчүлөрдүн, радио угуучулардын, окурмандардын ортосунда өткөрүлүүчү пикир алмашуулар, суроолор, жооптор; 

- басма сөз-конференциялары – журналисттердин суроолоруна жоопторду кошуп алганда, саясий партиялардын өкүлү тарабынан ЖМК өкүлдөрүнүн алдында шайлоо алдындагы программасын баяндоо;

- интервью – саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жеке жолугушуунун жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан аларга берилген  суроолорго жооптору; 

- чыгып сүйлөөлөр – саясий партиянын өкүлүнүн шайлоо алдындагы программасын баяндоо менен шайлоочуларга кайрылуусу (монолог);

- телеочерктерди көрсөтүү;

- талапкерлердин тизмесинде катталгандар жөнүндө видеотасмалар.

Өзүнчө ыкма катары “Интернет” түйүнүн пайдалануу менен үгүт жүргүзүүнү бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул ыкманы колдонууда мыйзам менен белгиленген жалпы эрежелер сакталууга тийиш.

Үгүттүн тыюу салынбаган башка формаларына төмөнкүлөр да кирет:

- шайлоонун жүрүшүндө көпчүлүк алдында чыгып сүйлөө, баракчалык кампанияны уюштуруу жана өткөрүү, ички жана көчө жарнагы;

- “Адамдан адамга” технологиялары, алар ар түрдүү коомдук жайларда жүзөгө ашырылат, мисалы, бейтапканада, дүкөндө, көчөдө жана д.у.с. 

- “белгилүү адамдарды” тартуу менен үгүт, мисалы, үгүт поезддерин уюштуруу менен белгилүү спортчулар, эстрада артисттери;

- спорттук иш-чараларды уюштуруу жана д.у.с.

Саясий партиялар өзүнүн шайлоо алдындагы үгүтүнүн формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

2.6. Үгүт жүргүзүүгө төмөнкүлөр укуксуз: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар.

2.7. Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат. 

2.8. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды камсыз кылууга тийиш, ошондой эле саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга укуктуу.

Саясий партиялар шайлоо алдындагы штабын уюштуруу үчүн менчиктин кандай гана болбосун формасынын жайын келишимдик негизде акыга ижарага алууга да укуктуу. Жайдын менчик ээси тарабынан белгиленүүчү ижара акысынын өлчөмү бардык саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш жана алар үчүн акы төлөө шайлоо фонддорунан гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

2.9. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

 

3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын иши

 

3.1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде саясий шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн бирдей шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.

Мында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укуксуз.

3.2. Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен  жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды берүүсү, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүсү тийиш.

3.3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

Саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

3.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү. 

3.5. Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына жалган жасалма укма-көрмө жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүлөрү тийиш.

3.6. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укуксуз.

3.7. Борбордук шайлоо комиссиясы:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн обо убактысын, басылма аянтын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жарыялоонун жана берүүнүн мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында кабарлайт жана маалымдайт; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо мыйзамдары жана шайлоо алдындагы үгүткө катышуунун эрежелери боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн документтерди кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмелерин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырат.

3.8. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү саясий партиянын шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга укуктуу.

3.9. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын теңдеминде турган орун жай шайлоо комиссияларынын билдирмеси боюнча саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакта акысыз пайдаланууга берилет. Мында шайлоо комиссиялары көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө саясий партияларга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

3.10. Жалган жасалма үгүт материалдары же болбосо мыйзамда белгиленген маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

3.11. Саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.

3.12. Саясий партия белгиленген талаптарды бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Саясий партия талаптарды бир нече ирет бузган учурда, шайлоо комиссиясы тиешелүү төмөн турган шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

 

4. Шайлоо алдындагы үгүттү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнүн шарттары

 

4.1. Саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.

4.2. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер же болбосо мыйзамга ылайык алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында көрсөтүлгөн адамдар акысыз обо убактысын пайдаланганда үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.

4.3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

4.4. Ушул бөлүмдүн 4.3-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары саясий партияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.

Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.

4.5. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

4.6. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

 

5. Мамлекеттик телерадио компаниялардын каналдарында обо убактысын берүүнүн тартиби

 

5.1. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга бул телерадио уюмдарынын каналдарынан акысыз обо убактысын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу - саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.

5.2. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.

5.3. Акысыз бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн үчтөн биринен кем эмеси талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дискуссияларды, "тегерек үстөлдөрдү" жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык саясий партиялар акысыз оболук убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга тең негиздерде кое берилиши керек.

Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш-чараларына  саясий партиялар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу гана катыша алышат. Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартуу, биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тарткан талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган саясий партиялар үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.

Эгерде саясий партиянын өкүлдөрү жүйөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш-чараларына катыша албай калышса, анда биргелешкен үгүт иш-чараларына катышпай калган саясий партиялар менен катарда өздөрүнүн обо убактысын пайдаланууну суранууга укуктуу.

5.4. Ушул бөлүмдүн 5.1-пунктунда көрсөтүлгөн телерадио уюмдары, шайлоонун деңгээлине жараша, саясий партиялардын үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүсү тийиш. Сактамга калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир саясий партия катталган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү саясий партиялардын жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.

Саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

5.5. Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

5.6. Саясий партияларга менчигинин түрүнө карабастан обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка саясий партияларга берүүгө милдеттүү.

5.7. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

 

6. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

 

6.1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана формада болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

6.2. Саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

6.3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурунку орундарында сакталат.

 

7. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө

 

7.1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саясий партияларга чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

7.2. Саясий партиялар шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды өткөрүү үчүн жайларды акысыз жана акы төлөп алуу укугуна ээ.

Саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

Саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.

Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жай шайлоо комиссияларынын билдирмеси боюнча саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакта акысыз пайдаланууга берилет. Мында шайлоо комиссиялары көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө саясий партияларга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү. Шайлоо комиссиялары бул жолугушуулардын графигин түзүшөт, график жөнүндө саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды уюштурууга милдеттүү тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдайт.

7.4. Саясий партиялар көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн менчиктин кандай болбосун түрүн келишимдик негизде акыга ижарага алууга да укуктуу. Жайдын менчик ээси тарабынан белгиленүүчү ижара акысынын өлчөмү бардык саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш жана алар үчүн акы төлөө шайлоо фонддорунун гана жүзөгө ашырылууга тийиш. 

7.5. Саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт спорттук, маданий-кызыктыруучу иш-чараларды аларды өткөрүү менен байланышкан бардык сарптоолор саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан жүзөгө ашырылган шартта уюштурууга укуктуу. Бул иш-чараларга катышуучу артисттер, спортчулар Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш. Чет өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын шайлоо алдындагы үгүткө катышуусуна тыюу салынат.

7.6. Митингдер, демонстрациялар аркылуу үгүт жүргүзүүдө саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аларды өткөрүүнүн эрежелерин сактоого, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көпчүлүк катышкан иш-чаранын орду, убактысы, катышуучуларынын болжолдонгон саны, маршруту жөнүндө кабарлоого; жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтирүүчү курал же буюмдар болбоого; үгүт иш-чараларын конституциялык түзүлүштү өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү тутандыруу, согушту үгүттөө жана зомбулук жана башка тыюу салынган чакырыктарга чакыруу максатында пайдаланбоого тийиш.

7.7. “Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 23-майындагы № 64 Мыйзамына ылайык тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары аларды өткөрүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга катышып жаткан кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, иштеген жери жөнүндө маалыматтарды алууга;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга;

4) тынч чогулушту өткөрүүдө үн басымынын жана добуш чыгаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген деңгээлинен ашырбастан үн күчөтүүчү аппаратураларды колдонууга;

5) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун мүнөзү боюнча тынч болуп саналган жана укукка каршы максаттарды көздөбөгөн, кайсы бир маселе боюнча пикир билдирүүнү, кол топтоо боюнча акцияны кошуп алганда, үгүттөөнүн ар кыл каражаттарын жана тариздерин пайдаланууга;

6) сунуштарды, арыздарды, даттанууларды жана кайрылуунун башка тариздерин кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберүүгө;

7) кандай гана болбосун тариздерде чогулуштарды өткөрүүгө;

8) чогулуштарды фото- же видео тартууларды жүргүзүүгө;

9) башка адамдар тарабынан укукка каршы катылуулар болгон учурда, ички иштер органдарынан коргоону талап кылууга жана тынч чогулуш өткөрүүдө башка көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнүү менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылууга;

10) медициналык жардам көрсөтүүнү жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерден коопсуз эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү талап кылууга;

11) ички иштер органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогулуштун максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдардын укук бузууларын жана аракеттерин токтотуу боюнча чараларды көрүүлөрүн талап  кылууга;

12) мыйзамдарда тыюу салынбаган же чектелбеген башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.

7.8. Тынч чогулушту өткөрүү убагында анын катышуучулары жана уюштуруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Мыйзамдын талаптарын жана чогулуштун тынч мүнөзүн сактоого;

2) тынч чогулушту жөнгө салууга тартылган ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) коомдук тартипти жана тынч чогулушту өткөрүүнүн уюштуруучусу тарабынан белгиленген тартипти сактоого;

4) санитардык-гигиеналык мүнөздөгү маселелерди жөндөөчү ченемдик укуктук актыларды сактоого;

5) жайлардын, курулмалардын, жабдуулардын, эмеректердин, инвентарлардын жана башка мүлктүн, ошондой эле тынч чогулуш өткөрүлгөн жердеги өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга;

6) тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого.

Тынч чогулуштардын уюштуруучулары көрсөтүлгөн талаптар менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан аларды өткөрүүнүн шарттарын сактоону уюштурууга;

2) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан коомдук тартиптин жана аны өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

3) чогулушка тыюу салынганы же чектелгени жөнүндө маалыматтарды тынч чогулуштун катышуучуларына жеткирүүгө.

7.9. Чогулуштун катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) курал-жарак, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы пайдаланылышы мүмкүн болгон, ошондой эле мүлккө зыян келтирүү үчүн атайын даярдалган же ылайыкташтырылган нерселерди алып жүрүүгө;

2) алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же деңдароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө.

Өз кезегинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көпчүлүк катышкан иш-чаралардын катышуучуларынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузбастан, көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

7.10. Пландаштырылган тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарландыруусу аны өткөрүү күнүнө чейин 30 күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана 2 жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарландыруу кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо башка ыкма же таризде берилиши мүмкүн.

Кабарландыруу уюштуруучу (уюмдун аталышы жана (же) жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана (же) адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын каттамы, датасы жана башталуу жана аяктоо убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу тууралуу маалыматтарды камтыйт. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарландыруунун мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу.

7.11. Башка тынч чогулуштарды өткөрүү же жарандардын коопсуздугуна таасир этүүчү башка жагдайга тиешелүү так маалымат болгондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тынч чогулуштарды өткөрүү датасын, анын өтүүчү ордун, ошондой эле кыймылынын каттамын өзгөртүүнү сунуштоого укуктуу.

7.12.Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландырган адамдар кабарландыруу алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарландыруу алууда ошол эле күнү жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу кабарландырууну кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарландыруу түшкөн датаны жана убакытты өзүндө камтуусу тийиш.

7.13. Тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.  Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электрстанцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн эмес.

 

8. Басылма, укма-көрмө жана башка  үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу


8.1. Саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

8.2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

Тышкы үгүт материалдарын жайгаштырууда саясий партиялар аны жайгаштырганга чейин тышкы үгүт материалынын түрүн жана аны жайгаштыруу болжолдонгон орундун так дарегин көрсөтүү, үгүт материалынын үлгүлөрүн жана эскиздерин тиркөө менен, Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү.

8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Саясий партияларга мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек.

8.4. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Эстеликтерге, эстелик мамылар жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттар тарыхый-маданий мурастар болуп саналат жана элдин турмушундагы тарыхый окуялар, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү, чыгармачылыктын материалдык жана руханий чыгармалары менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын субъекттеринин менчигинде турган тарыхтын жана маданияттын эстеликтери мамлекет тарабынан кайтарылат.

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 Мыйзамына ылайык“төмөнкү кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр тарыхый-маданий мурас объекттери катары таанылышы мүмкүн:

1. Кыймылсыз, анын ичинде:

- тарыхый эстеликтер: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техникага, элдердин маданияты менен турмуш-тиричилигине, ошондой эле республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрүнө байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый көрүстөндөр жана мемориалдар;

- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, чалдыбарлар, дөбөлөр, төрткүлдөр, жер үстүндөгү жана суу алдындагы байыркы кыштактардын, чыңдоолордун, чеп курулуштарынын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар менен сугат тармактары, жолдор менен көпүрөлөр, айрым коргондор жана көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана аска бетиндеги жазуулар;

- шаардык курулуш жана архитектуралык эстеликтер: архитектуралык ансамблдер менен комплекстер, тарыхый борборлор, маалалар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу пункттардын байыркы пландаштырылыштарынын жана түзүлүштөрүнүн калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, диний архитектуранын, элдик курулуш өнөрүнүн курулуштары, ошондой эле аларга байланышкан монументалдык, сүрөт, декоративдүү-прикладдык, бак-шактуу парк жана башка исскуство түрлөрүнүн чыгармалары”.

8.5. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

8.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

8.7. Жалган жасалма үгүт материалдары же болбосо ушул бөлүмдүн 7.2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган Борбордук шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

8.8. Саясий партиялар шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын, мыйзамдардын талаптарына ылайык шайлоо фондунан саясий партияларга чыгымдалуучу сумманын чектеринде пайдаланууга укуктуу.

8.9. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, зыян келтиргендиги жана бузгандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

8.10. Басылма үгүт материалдары жайларда, имараттарда, курулмаларда жана башка объекттерде көрсөтүлгөн объекттердин ээлеринин макулдугу менен жана менчик ээлеринин шарттарында гана илиниши (чапталышы, жайгаштырылышы) мүмкүн.

 

9. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги


9.1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

9.2. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка формасы деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тыюу салууларды түшүнүү керек. Алсак, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын 23-статьясына ылайык төмөнкүлөргө жол берилбейт:

а) мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;

б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;

г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;

д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;

ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;

и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого.

9.3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын эн белгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жазык жоопкерчилигин карайт жана кылмыштын курамын ачат: “Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана башка мамлекеттик бийликтин шайлануучу органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же таратуу же кандайдыр бир кызматты же башка убайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алганда...” (КР КЖК 140-статьясы).

Талапкердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

9.4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

“Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 119 Мыйзамына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын пайда көздөбөй (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) берүү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, башка колдоолорду көрсөтүү боюнча ыктыярдуу ишти жүзөгө ашыруулары соопчулук иши деп түшүнүлөт.

Мыйзамдарга ылайык жакын туугандарга төмөнкүлөр кирет: ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер.

9.5. “Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы № 82 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үч айда жана шайлоо мезгилинде юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жол берилбейт.

9.6. Шайлоонун катышуучусу катары катталган саясий партиялар, же анын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен шайлоочуларды маалымдоо үгүт болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып жана талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилгис.

Саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.

9.7. Саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.

Адамдын, жарандын, ошондой эле уюмдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, чындыкка ылайык келбеген же аларга мүлктүк эмес башкача зыян келтирген маалыматтарды таркатуунун натыйжасында инсанга, жаранга же уюмга келтирилген моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын орду мыйзамда каралган тартипте соттун чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан толтурулат. Моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын ордун акчалай толтуруунун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын органдары чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таркатканы үчүн төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартышпайт;

а) эгерде бул маалыматтар расмий документтерде жана билдирүүлөрдө камтылса:

б) эгерде алар маалымат агентстволорунан же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;

в) эгерде алар эл алдынча чыгып сүйлөөлөрдү сөзмө-сөз кайталаса;

г) эгерде алар алдын ала жазуусуз обого чыгуучу жарандардын чыгып сүйлөөлөрүндө камтылса.

Талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

9.8. Саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары ушул бөлүмдүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.

9.9. Саясий партия мыйзамдарда, ошондой эле ушул беренеде белгиленген талаптарды бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү төмөн турган шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

 

10. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо

 

10.1. Саясий партия, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары жана алардын кызматкерлери тарабынан ушул Жободо белгиленген эрежелердин сакталышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

10.2. Шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топту түзөт.

Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин ичинен түзүлөт.  Жумушчу топ ыйгарым укуктарынын чектеринде шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароону; шайлоо кампаниясынын мезгилинде саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка адамдар тарабынан жол берилген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды чогултууну жана системалаштырууну жана аларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

10.3. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы жарыялоолордун, шайлоо алдындагы үгүт материалдарынын обого чыгышынын эсебин жүргүзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынан суроо-талап келип түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы суроо-талаптын күнүнөн тартып эки күндүк мөөнөттө ага жазуу жүзүндө маалымат, ал эми зарыл болгондо суратылган материалдардын көчүрмөлөрүн да берүүгө милдеттүү.

10.4. Прокуратура органдары аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу менен байланышкан алардын аракеттерине арыздарды (даттанууларды) мыйзамдарга катуу ылайыктуулукта карайт.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

Укук коргоо органдары жалган жасалма укма-көрмө жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүлөрү тийиш.

10.5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

10.6. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы же Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралат.