Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо
МАКУЛДАШЫЛДЫ:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы № ____ __________ 20__ -жыл |
БЕКИТИЛДИ:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясынын токтому менен
№ 114 26-июну 2020-жыл |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө
ЖОБО
Мазмуну
Жалпы жоболор__________________________________________4
1. Шайлоо комиссяларын ишин финасылык
камсыз кылуу____________________________________________6
2. Каражаттарды чыгымдоо_______________________________8
3. Эсеп жана отчеттулук________________________________11
Борбордук шайлоо комиссиясында
эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук__________________________13
Аймактык шайлоо комиссияларында
(АШК) эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук____________________14
Участкалык шайлоо кломиссияларында
(УШК) эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук____________________19
4. Мамлекеттик сатып алуулар____________________________21
5.Кѳзѳмѳлдѳѳ ____________________________________________22
6. Корутунду жоболор_____________________________________22
Жалпы жоболор
1. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына (мындан ары - Бобордук шайлоо комиссиясы), аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды пландаштыруунун жана пайдалануунун ачык-айкындаган камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Жобо Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын рефрендумун даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ (мындан ары текст боюнча – шайлоолорду, рефрендумдарды ѳткѳрүү), алардын ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнүн ичинде шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу боюнча шайлоо системасын ѳнүктүрүү менен байланышкан мамлекеттик программанын [1]иш чараларын финансылык жактан камсыз кылууга шайлоо комиссияларына бѳлүнгѳн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин белгилейт.
3. Шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык боюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлѳт.
4. Шайлоо комиссиялары шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ акча каражаттарын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгашалардын сметасына ылайык чыгымдайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалр сметасы тѳмѳндѳгү эки компонентти ѳзүнѳ камтыйт:
- 18110 ведомстволук классификациянын коду боюнча аппараттын чыгашалары;
- 18120 ведомстволук классификациянын коду боюнча шайлоолорго жана референдум ѳткѳрүүгѳ чыгашалар.
Чыгашалардын сметасы жаңы маалыматтык технологияларды, автоматташтыруу каржаттарын жана башкаларды колдонуу менен шайлоо системасын ѳнүктүрүүгѳ байланышкан, материалдык-техникалык жабдууларга, маалыматтык-коммуникациялык жана уюштуруу иштерин/кызмат кѳрсѳтүүнү, чыгымдарды кошуп алганда, шайлоо процессинин бардык деңгээлинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү үчүн зарыл болгон чыгашалардын бардык топторунун керектѳѳсүн пландаштыруу жана эсепке алуу үчүн иштелип чыккан каржылоонун стандарттарын[2] эске алуу менен иштелип чыгат.
6. Шайлоо комиссияларына шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каржаттарын максаттуу чыгымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү комиссиясы түзүлѳт. Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, ощондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашырууда аларга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жана тѳмѳндѳгүлѳрдү берүүгѳ милдеттүү:
- телефондоштурулган жайларды, анан ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкѳктѳрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), жогору турган шайлоо комиссияларына же болбосо архивге бергенге чейин шайлоо документтерин сактоо үчүн жайларды, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылуу;
- зарыл жабдууларды;
- транспорт каражаттарын;
- зарыл маалыматтарды жана материалдарды:
- шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланышкан шайлоо комиссиядларынын кайрылууларына токтоосуз түрдѳ жооп берүү, зарыл болгондо тийиштүү маселелерди кошумча иликтѳѳ же текешерүү – үч күндүк мѳѳнѳттѳ, ал эми добуш берген күнү же добуш берилген күндѳн кийинки күнү – токтоосуз түрдѳ жооп берүү.
8. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, мамалекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары, талапкерлер, демилгечи топтордун мүчѳлѳрү, шайлоочулар, рефрендумдун катышуучулары, ошондой эле тѳмѳн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдетүү болуп саналат.
9. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин жѳнгѳ салуунун укуктук негиздери тѳмѳнкүлѳр болуп саналат:
- "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзам;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.
10. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин жѳнгѳ салуунун укуктук негиздери тѳмѳнкүлѳр болуп саналат:- «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзам;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- «Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.
- Шайлоо комиссяларын ишин финасылык камсыз кылуу
11. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишин, шайлоо системасын ѳнүктүрүүгѳ байланышкан мамлекеттик программалардын иш чараларын, ошондой эле жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук маданиятын кѳтѳрүү жаатындагы ишти уюштуруу, координациялоо жана камсыз кылуу боюнча жарандык билим берүү жана шайлоо технологиясы Борборунун ишин финасылык жактан камсыз кылуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо колмиссияларынын мүчѳлѳрүн, резервдерди жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлѳт.
12. Чет мамлекеттердин аймагында жайгашкан шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштурууга байланышкан чыгымдарды финасылык камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы[3] тарабынан бекитилген чыгашалардын сметасынын алкагында республикалык бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
13. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча чыгымдардын бектилген сметасын каржылоо тѳмѳндѳгү тийиштүү чечимдердин негизинде түздѳн-түз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзѳгѳ ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо, референдумду дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому.
Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча планды, республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу жана жүзѳгѳ ашыруу узак мѳѳнѳттү талап кылган (товарларды, иштерди/кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү ж.б. мамлекеттик сатып алуулар) иш-чараларды ѳз учурунда материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында шайлоону, референдумду ѳткѳрүү жѳнүндѳ жогоруда кѳрсѳтүлгѳн чечимдер кабыл алынгандан кийин ѳткѳрүлгѳн конкурстун натыйжасы жана/же аларды каржылоонун жыйынтыгы боюнча аткарып берүүчүлѳр менен тийиштүү келишим түзүлгѳндѳ кийин ѳз учурунда башталышы мүмкүн.
14. Казначылык жол-жоболорду колдонуунун негизинде бюджетти кассалык аткаруу[4] Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгы тарабынан ишке ашырылат. Акча каражаттары Бирдиктүү казначылык эсебине[5] (мындан ары – БКЭ) шайлоолордун, рефрендумдардын датасы дайындалган күндѳн тартып он календардык күндѳн кеч эмес[6] которулат жана шайлоо комиссияларынын ортосунда бѳлүштүрүлѳт.
15. Казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын бюджетти кассалык аткаруусу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгы тарабынан анын аймактык бөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат.
16. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо реалдуу убакыттын режиминде документтердин электрондук формаларын жана электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен Казначылыктын автоматташтырылган тутумунда жүзөгө ашырылат.
17. Башка мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын тартууга байланышкан (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары идентификациялоо, добуш берүү ж.б. боюнча чаралар) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгымдар тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалар сметасына кошулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген чыгашалар сметасына ылайык акча каражаттарын тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына которот.
18. Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү программаларын, илимий-изилдѳѳ программаларын, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын кѳтѳрүү боюнча маалыматтык, агартуучулук программаларын, ошондой эле шайлоолорду, референдумдарды техникалык даярдоону каржылоону кошпогондо, чет мамлекеттердин, чет ѳлкѳлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет ѳлкѳлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана ѳкүлчүлүктѳрүнүн, чет ѳлкѳлүк жарандардын, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдардын, чет ѳлкѳлүк юридикалык жактар жана жарандар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактардын шайлоолорду, референдумдарды каржылоосуна тыюу салынат.
- Каражаттарды чыгымдоо
19. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен шайлоо комиссияларынын тѳмѳндѳгү чыгашалары каржыланат[7]:
1) шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнө, Борбордук шайлоо комисиясынын аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы жана сыйлык акы төлөөгө, бухгелтерлердин эмгек акысын, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишине жарандык-укуктук келишимдер боюнча тартылуучу жарандарга акы төлөөгө;
2) басма продукцияны дардоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга (ченемдик-укуктук актыларды, окуу жана маалымат материалдарын, шайлоо документтерин, бланкттарды ж.б., анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн атайын каражаттарды пайдалануу менен);
3) шайлоону жана шайлоо комисияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууну (анын ичинде технологиялык жабдууну), башка материалдык байлыктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;
4) шайлоо комисиялары менен байланышты (телефондук, факсимилдик, почталык, электрондук) камсыз кылууга, шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү менен байланышкан транспорт чыгымдарына;
5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө же жок кылууга;
6) аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын чектерин, даректерин, курамын көрсөтүү менен шайлоо учаскаларынын тизмелерин жарыялоого;
7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жана алардын шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына киргизилгендиги жѳнүндѳ билдирүүлѳрдү жарыялоого;
8) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгѳ, ѳнүктүрүүгѳ жана жүргүзүүгѳ;
9) шайлоону, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комисияларынын мүчөлөрүнө иш-сапарларга чыгуусуна жана жол кире боюнча чыгымдардын ордун толтурууга;
9) чет өлкөлүк (эларалык) байкоочуларды аккредитациялоону жүзөгө ашырууга;
10) шайлоо комисияларынын билдирүүлөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, бухгалтерлерди, жарандарды, байкаоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүүгө;
12) жарандарды, шайлоочуларды (рефрендумдун катышуучуларын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрүн, шайлануучу органдарга талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын, байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүн жана башка адамдарды укуктук агартууга;
13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндѳн мурунку күндѳ, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөргө;
14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндѳн мурунку күндѳ, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамга карата суткалык өлчөмдө тамак уюштурууга;
15) шайлоону, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар, анын ичинде:
- окутуучу жана маалыматтык программаларды жана материалдарды иштеп чыгуу;
- чет ѳлкѳлүк (эл аралык) байкоочуларды аккредитациялоону жүргүзүү;
- шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдоого багытталган (программалык камсыз кылуу, басылма ЖМКда, интернет-ресурастарда, билборддордо аянтчаларды алуу ж.б.) маалыматтык ресурстарды сатып алуу жана ижарага алуу;
- окутуучу иш-чараларды, конференцияларды ѳткѳрүү үчүн орун-жайларды ижарага алуу;
- талапкерлерди жана шайланган Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин дептутаттарын каттоого байланышкан чыгымдар (значоктор, күбѳлүктѳр ж.б.);
- активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону (эсепке алууну) уюштурууга;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана ѳркүндѳтүү;
- эл аралык кызматташууга байланышкан башка чыгымдар.
20. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ишин жана тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынын иштерин, анын ичинде шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде, камсыз кылуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоолорду же референдумдарды ѳткѳрүүнү кошпогондо, ушул Жобонун 4-бѳлүгүндѳ белгиленген товарларды, жумуштарды, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү мамлекеттик сатып алууларды борборлоштурулган тартипте ишке ашырат.
21. Шайлоо комисияларынын карамагына шайлоолорду (референдумдарды) даярдоого жана өткөрүүгө, бул мезгилде алардын ишин камсыз кылууга келип түшкөн каражаттар юридикалык жактар үчүн белгиленген тартипте толтурулган акча-эсептешүү документтери боюнча чыгымдалат. Бөлүнгөн каражаттар Борбордук шайлоо комисиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык гана чыгымдалат.
22. Жогору турган шайлоо комисиясы төмөн турган шайлоо комисияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.
23. Шайлоо комиссиялары кассалык чыгащаларды аларды берген тартибинде кезек боюнча жана ЕКСга тийиштүү боюджеттин каражаттарынын иш жүзүндѳ калып калгандарынын чектеринде «Бюджеттик каражаттарды алуучунун»[8] тѳлѳм картасын пайдалануу менен кассалык чыгымдарга белгиленген тартипте берилген тапшырыктын негизинде ишке ашырат.
24. Шайлоо комисияларына бөлүнгөн, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда чыгымдалбаган бюджеттик каражаттар акча каражаттарын иш жүзүндө чыгымдоо жөнүндө финансылык отчет тапшырылгандан кийин республикалык бюджетке кайра кайтарылат.
25. Шайлоо комиссияларынын тѳрагалары акча каражаттарын тескѳѳнү жүргүзѳт жана финасылык документтердин финасылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык келүүсү боюнча жоопкерчиликти алып жүрүшѳт жана «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мѳѳнѳттѳ жана тартипте финасылык отчетторду беришет.
- Эсеп жана отчеттулук
26. Ушул Жобонун 2.1. пунктунда кѳрсѳтүлгѳн максаттарга бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча бухгалтердик эсеп мамлекеттик башкаруу секторундагы[9] бухгалтердик эсепти жѳнгѳ салган ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлѳт.
27. Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын[10] беренеси боюнча чыгашалардын бухгалтердик эсебин жана отчетторун ѳзүнчѳ ишке ашырган участкалык комиссияларды кошпогондо, шайлоо комиссиялары да чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык чыгашалардын түрлѳрү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын эсебин жүргүзѳт.
28. Операция жүргүзүлгѳн фактысын тастыктаган баштапкы эсептик документ бухгалтердик эсептин регистрине жазуу түшүрүү үчүн негиз болуп саналат. Баштапкы эсептик документтер оперпция жүргүзүлгѳн учурда, эгерде мындай мүмкүнчүлүк болсо, түздѳн-түз операция бүткѳндѳ түзүлүүгѳ тийиш.
29. Бобордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мѳѳнѳттѳ бухгалтердик, салыктык жана башка мамлекеттик отчетторду берет.
30. Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы менен бирге шайлоону, референдумду уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ алага берилген республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу боюнча милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу келишимге кол коюшат, анда тѳмѳндѳгүлѳр кѳрсѳтүлѳт:
1) бюджеттик классификациянын экономикалык беренелери боюнча чыгашалардын бекитилген сметасында кѳрсѳтүлгѳн шайлоолорду, референдумдарды уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттин каражаттарынан аймактык шайлоо комиссяларына которулган сумма;
2) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун максаттуу багыты;
3) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ бѳлүнгѳн акча каражаттары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына финасылык отчетту берүүнүн жана ошол каражаттарды пайдаланууну негиздеген бухгалтердик эсептин баштапкы документтерин берүүнүн тартиби;
4) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын аткаруунун мыйзамдуулугун, натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн башка жоболор.
31. Борбордук шайлоо комиссиясы ар жыл сайын акча каражаттарын алууга укугу бар, материалдык жоопкерчиликтүү адамдардын (штаттагы жана штаттан тышкары шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин) тизмесин менен бирге, ошондой эле акча каражаттарын, негизги каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды алуу[11], пайдалануу жана сактоо үчүн жооптуу адамдардын тизмесин түзѳт, бекитет жана буйрук чыгарат. Отчет берүүгѳ жаткан суммалар накталай формада эмес, тѳлѳм картасына которуу аркылуу же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясынын кассасынан накаталай формада берилет.
32. Ар бир материалдык жооптуу адам (МЖА) менен акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, негизги каражаттардын сакталышы, шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү үчүн арналган товардык-материалдык баалуулуктарды сарамжал пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук түрдѳ жеке жоопкерчиликтүү экендиги жѳнүндѳ жазуу түрүндѳгү келишим түзүлѳт. Милдеттүү түрдѳ материалдык жоопкерчилик жѳнүндѳ келишимдерде МЖА жоопкерчиликтүү болгон активдер жана МЖАга берилген активдер боюнча зыяндын ордун толтуруунун тартиби кѳрсѳтүлѳт. Накталай түрдѳ отчет берүүгѳ жаткан суммалар берилген учурда алуучунун банкттык карт-эсебинин реквизити кѳрсѳтүлѳт.
33. Атайын ѳкүл[12] жана системалык администратор[13] материалдык жоопкерчиликтүү адам болуп саналат жана кызматкрелерди, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн, резервдерди жана жарандарды окутуу, шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү үчүн акча каражаттарын, негшизги каражаттарды жана/же товардык-материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчиликти алып жүрѳт. Акча каражаттары алуучунун тѳлѳм картасына чегерилет же болбосо каасадан накталай берилет, негизги каражаттар, товардык-материалдык баалуулуктар Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик кызматы тарабынан берилген кощтомо кагаз боюнча берилет. Акча каражаттары, негизги каражаттар, товардык-материалдык баалуулуктар алынгандан кийин ага авансылык отчет (12-тиркеме), товардык-материалдык баалуулуктар берилген ведомость (8-тиркеме), товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу актысы (11-тиркеме) жол-жоболоштурулат жана алар эсеп жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик кызматына ѳткѳрүлѳт.
34. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгымдалышы жѳнүндѳ аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары берген отчетторду текшерүүнү ишке ашырат. Каржылоолордун, чыгымдоолордун же каражаттардын эсепке алынышынын бузулгандагы белгилүү болгондо Борбордук шайлоо комиссиясы күнѳѳлүү адамдардан зыянды толук ѳлчѳмдѳ ѳндүрүп алууну демилгелейт.
35. Шайлоолорду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышы тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы менен түзүлгүн келишимдин колдонуу мезгилинде жаралган зыян үчүн аталган келишим аякагандан кийин да аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы жоопкерчилик алып жүрѳт.
36. Шайлоолорду, референдумдарды ѳткѳрүүгѳ кеткен чыгымдар жѳнүндѳ бухгалтердик отчет ушул Жобого тиркелген бухгалтердик отчеттун формасы боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлѳт.
Борбордук шайлоо комиссиясында эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
37. Борбордук шайлоо комиссиясы максатуу беренелер, чыгашалардын түрлѳрү боюнча ѳз-ѳзүнчѳ кагаз жана электрондук түрүндѳ 1С «Бухгалтерия» автоматташтырылган программасында бухгалтердик эсепти ише ашырат, ощондой эле шайлоолорду, ренферендумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланышкан максаттарга чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык чыгымдардын түрлѳрү боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын эсепке алууну жүргүзѳт.
38. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын финасылык отчетторунун негизинде мыйзамдарда белгиленген мѳѳнѳттѳ шайлоолорду, ренферендумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иш жүзүндѳгү чыгашаларын эсептен чыгарууну жүргүзѳт.
39. Борбордук шайлоо комиссиясынын бухгалтердик отчету мыйзамдарда белгиленген отчеттуулуктун формасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгымдар жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, аймактык шайлоо комиссиясынын чыгашалар сметасын аткаруу тууралуу аныктама документтер тастыктаган бухгалтердик жазып түшүрүүлѳрдүн негизинде ишке ашырылат жана топтоштурулат.
40. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоолор жана референдумдар ѳткѳрүлгѳндѳн кийин 20 календардык күндѳн кеч эмес чет мамлекеттердин аймагында (дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрдѳ жана консулдук мекемелерде) түзүлгѳн шайлоо комиссияларынын республикалык бюджеттин каражаттарынын аткарылышы тууралуу отчетун берет.
41. Аймактык шайлоо комиссияларынын берген финасылык отчетторунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү түзѳт:
1) Облустардагы республика боюнча шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ Бобордук шайлоо комиссиясы бѳлүп берген
акча каражаттароы боюнча топтомо финансылык отчетту (3,4-тиркемелер);
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо сметасынын маалыматтарын эске алуу менен 3 2 форма боюнча (5-тиркеме) мекемелердин чыгашаларынын аткарылышы тууралуу отчетту;
3) «Мамлекеттик башкаруу системасында бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча» жобого ылайык формада бухгалтердик отчетту.
42. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгына мыйзамдарда белгиленген мѳѳнѳттѳ кагаз жана электрондук түрдѳгү топтоштурулган бухгалтердик отчетту (кварталдык жана жылдык) берет.
43. Шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын, тѳмѳн турган шайлоо кломиссияларынын финасылык отчету басылмалардын расмий булактарында («Эркин-Тоо» ж.б. газетасында) жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында шайлоолордун, референдумдардын натыйжалары жарыяланган күндѳн тартып үч айдан кеч эмес жарыяланат.
Аймактык шайлоо кломиссияларында (АШК) эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
44. Аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде, ошондой эле финасылык отчетторду Борбордук шайлоо комиссиясына даярдоодо жана берүүдѳ финасылык маселелер боюнча ишти аткарууга ишке тартылган адисти (адистерди), бухгалтерди (бухгалтерлерди) ишке тартат.
45. Аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо колмиссияларынын тѳрагалары менен ишке тартылган адистин (адистердин), бухгалтердин (бухгалтерлердин) толук жеке материалдык жоопкерчилиги жѳнүндѳ келишимди түзѳт (7-тиркеме).
46. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгын аймактык бѳлүмү бюджеттин кассалык аткарылышы үчүн аймактык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттин чыгашалары боюнча убактылуу казыналык эсептерди ачат. Мындай эсептерди ачуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы же нотариалдык контора тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн комиссиянын тѳрагасынын, комиссиянын бухгалтеринин кол тамгаларынын үлгүсү менен карточканы жана мѳѳрдүн басып түшүрүлгѳн кѳчүрмѳсүн, ошондой эле шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен “Шайлоолорду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын смежабылат.тасын” берет.
Убактылуу казыначылык эсептери шайлоолордун, референдумдардын бүткѳндүгүнѳ байланыштуу Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын арызы боюнча жабылат.
47. Чыгашалар Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин аймактык бѳлүмүнѳ берилген тапшырыктын негизинде жүргүзүлѳт, ал эки нускада, оңдоолору жок толтурулат, ага негизги чыгымдоо документи – тѳлѳм ташырмасы тиркелет. Коштолуучу чыгашалар документтери ( анын ичинде сый акы берүүгѳ тѳлѳм ведомствосу, банктык карт-эсепти кѳрсѳтүү мененадамдардын тизмеси жана ушул Жобонун 3.24-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн ж.б.) чыгашаларды ѳткѳрүүдѳ негиз болуп саналат жана кѳзѳмѳлдѳѳчү-текшерүүчү топ дыкат текшерүү жүргүзүү үчүн аймактык шайлоо колмиссиясында сакталат.
48. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде ѳзүнүн ишин жана ага караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн убактылуу казыначлыктын эсебине түшкѳн акча каражаттарынан тѳмѳндѳгүдѳй тѳлѳмдѳрдү ишке ашырат:
1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жана сыйакы берүү, ошондой эле эмгек келишими боюнча шайлоо комиссияларында иштөөгө тартылган жарандарга төлөмдөр;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, бухгалтерлерди, жарандарды, байкаоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо укугуна үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүү;
3) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндүн алдындагы күндѳ, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөр;
4) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндүн алдындагы күндѳ,, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак уюштуруу;
5) шайлоо, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.
Тѳлѳмдѳр шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн, ишке тартылган жарандардын банктык тѳлѳм карталарына накталай эмес формада, ѳзгѳчѳ учурларда шашылыш, банк мекемелерине жана банкоматтарга жетүү чектелген жагдайда накталай формада жүргүзүлѳт.
49. Аймактык шайлоо кломиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкы китепке түшүрүлгѳн жазуунун, отчет берүүчү адамдын китебинин, комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ, ишке тартылган жарандарга сый акы боюнча чегерүү китебинин, республикалык боюджеттин акча каражаттарынын эсеби боюнча казначылык китебинин жана кассалык китептин негизинде республикалык бюджеттин чыгашалар сметасынын аткарылышы тууралуу бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзѳт. Аймактык шайлоо комиссиясынын отчету бардык тастыктоочу баштапкы документттерди (тѳлѳм ведомостлорун, авансылык отчетторду, эсептик кассалык ордерлерди ж.б) жана кошумча документтерди (толук материалдык жоопкерчилик жѳнүндѳ келишимдерди, тѳлѳм ведомстволорун,товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу актысын ж.б.) тиркѳѳ менен тийиштүү деңгээлде жол-жоболоштурулуп, чыгашалардын негизинде түзтүлүүгѳ тийиш (6,7,8,12-тиркемелер).
50. Бухгалтердик ѳткѳрүүнү чагылдыруу үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын бухгалтери бир эле учурда 1 жана 2-таблицаларда кѳрсѳтүлгѳн эсептерде корреспонденция жүргүзѳт.
1-таблица. Финансылык активдерге карата эсептердин типтүү корреспонденциясы
Операциялардын аталышы |
Дебет боюнча элемент |
Кредит боюнча элеменет |
Кассага накталай акча каражаттарынын түшүшү (сом менен)
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Борбордук казыначылык тарабынан боюджеттин кассалык аткарылышы |
32123 110 «Касса улуттук валютада–бюджеттик каражаттар»
32121 120 «Мекеменин бюджеттик эсеби–республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттары» |
32121 120 «Мекеменин бюджеттик эсеби–республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттары»41113 200 «Бюджеттин кассалык аткарылышы» |
Мекеменин кызматчысына отчет боюнча акча каражаттарын берүү (маселен, иш сапарына) |
32171 110 «Кызматчынын дебитордук карыздары» |
32123 110 «Касса улуттук валютада–бюджеттик каражаттар» |
Иш сапарынын чыгымдарын таануу |
22111 100 «Транспорттук чыгымдар» 22111 200 «Мейманкана чыгымдары» 22111 300 «Суткалык чыгымдар» |
33171 110 «Кызматчылардын кредитордук карыздары" |
2-таблица. Милдеттенмелерге карата эсептердин типтүү корреспонденциясы
Операциялардын аталышы |
Дебет боюнча элемент |
Кредит боюнча элеменет |
Туруктуу кызматкерлердин негизги эмгек акылары боюнча милдеттенмелерди кошуп эсептѳѳ |
21111 100 «Негизги эмгек акысы» |
33172 100 «Эмгек акы жана эмгеги үчүн башка сыйакылар» |
Кошумчалар боюнча милдеттенмелерди кошуп эсептѳѳ |
21111 200 «Кошумчалар» |
33172 100 «Эмгек акы жана эмгеги үчүн башка сыйакылар» |
Кошумча тѳлѳмдѳр жана компенсациялар боюнча милдеттенмелерди кошуп эсептѳѳ |
21111 300 «Кошумча тѳлѳмдѳр жана компенсациялар» |
33172 100 «Эмгек акы жана эмгеги үчүн башка сыйакылар» |
Социалдык фондго жана киреше салыгына взонсторду кармап калуу |
33172 100 «Эмгек акы жана эмгеги үчүн башка сыйакылар» |
33172 300 «Пенсиялык фондго взностор» 33172 200 «Киреше салыгы» |
Иш берүүчүдѳн пенсиялык фондго жана медициналык камсыздандыруу фондуна кошуп эсептѳѳ |
21211 100 «Пенсиялык фондго взностор» 21211 200 «Медициналык камсыздандыруу фондуна взностор» |
33172 300 ««Пенсиялык фондго взностор» 33172 400 «Медициналык камсыздандыруу фондуна взностор» |
Карт-эсептерге которуу менен эмгек акыларын тѳлѳѳ |
33172 100 «Эмгек акы жана эмгеги үчүн башка сыйакылар» |
32121 120 «Мекеменин бюджеттик эсеби–республикалык бюджеттин бюджеттик каражаттары» |
51. Аймактык шайлоо комиссиясында турган бюджеттик каражаттардын пайдаланылбай калгандары республикалык бюджетке кайтарылууга жатат.
52. Аймактык шайлоо комиссиясынын бухгалтери участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы менен толук түрдѳ жеке материалдык жоопкерчилик жѳнүндѳ түзүлгѳн келишимдин негизинде (7-тиркеме) чыгашалардын сметасына ылайык участкалык шайлоо комиссяларына акча каражаттарын тѳлѳп берүүнү ишке ашырат.
53. Участкалык шайлоо колмиссияларынын кызматкерлерин сыйлоонун суммасынан камсыздандыруу тѳлѳмдѳрүн, киреше салыгын кармап калууну аймактык шайолоо комиссиясы жүргүзѳт.
54. Аймактык шайлоо комиссиясы камсыздандыруу тѳлѳмдѳрүн, киреше салыгын республикалык бюджетке тѳлѳп берет жана юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мѳѳнѳттѳ салыктык жана башка мамлекеттик отчетторду жүргүзѳт.
55. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынан участкалык шайлоо комиссияларынын отчетторун алат.
56. Аймактык шайлоо комиссиясында участкалык шайлоо кломиссияларынын тѳрагалары тарабынан берилген шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ Борбордук шайлоо комиссиясы бѳлгѳн акча каражаттары боюнча финансылык отчеттор арифметикалык түрдѳ текшерилет, ошондой эле максаттуу багыт боюнча документтерди жол-жоболоштуруунун жана каражаттарды чыгымдоонун тууралыгы текшерилет. Финансылык отчетторго милдеттүү түрдѳ акча каражаттарын пайдаланууну тастыктаган баштапкы документтер тиркелүүгѳ тийиш.
57. Участкалык шайлоо комиссиясынын текшерилген финасылык отчетторго аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы жана бухгелтери датаны жана “Текшерилди” деген белгини коюу менен кол коюшат.
58. Аймактык шайлоо комиссиясынын бухгалтери участкалык шайлоо комиссиясынын чыгашаларын кошуу менен эки нускада ( бири Борбордук шайлоо комиссиясына берилет, экинчиси – аймактык шайлоо комиссиясында калат) ушул Жобого тиркелген бухгалтердик отчеттуулуктун формасы боюнча “Шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына бѳлүнгѳн акча каражатттарын иш жүзүндѳ чыгымдоо жѳнүндѳ” кошмо финасылык отчетту түзѳт, мамлекеттик салык кызматы жана тийиштүү райондук бѳлүмдүн социалдык фондусунун башкармалыгы менен бирге салыштырып текшерүү Актысын түзѳт (түп нускасын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу үчүн, кѳчүрмѳсү – аймактык шайлоо комиссиясында калат). Кошмо финансылык отчетко тѳрага, бухгалтер кол коюуга, мѳѳр менен күбѳлѳндүрүлүүгѳ тийиш.
59. Кошмо отчетко милдеттүү түрдѳ Кыргыз Республикасынын Финангсы министрлиги бекиткен, аймактык шайлоо комиссиясынын жана казначылыктын тийиштүү аймактык бѳлүмүнүн кол тамгасы жана мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлгѳн 5-тиркеменин 2-формасы боюнча “Мекеменин чыгашаларынын сметасынын аткарылышы жѳнүндѳ отчет” тиркелет.
60. Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү датасынан кийинки жыйырма календардык күндѳн кеч эмес тѳмѳндѳгү отчетторду берет:
1) Республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ кошмо отчет (“Шайлоолдорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына бѳлүнгѳн акча каражаттарын иш жүзүндѳ чыгымдоо жѳнүндѳ кошмо финасылык отчет”) (2-тиркеме) (1 нускада);
2) Мекеменин чыгашалар сметасынынын аткарылышы жѳнүндѳ отчет (5-тиркеме №2 форма) (1 нускада);
3) Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Социалдык фондунун салыштырып текшерүү актысы (түп нускасы).
61. Аймактык жана учаскалык шайлоо комиссияларынын финансылык отчеттору жана бардык негиздѳѳчү баштапкы документтери, аймактык жана учаскалык шайлоо комиссияларынын келишимдери финансылык текшерүүгѳ чейин аймактык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларында сакталат.
62. Аймактык шайлоо комиссиясы ѳзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же тийиштүү түрдѳ аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Участкалык шайлоо кломиссияларында (УШК) эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
63. Участкалык шайлоо комиссиялары шайлоолорду даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ ѳздүк эсептерге ээ эмес жана чыгашалардын сметасына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынан акча каражаттарын алышат.
64. Участкалык шайлоо комиссияларынын крамагына бѳлүнгѳн акча каражаттары баштапкы тастыктоочу документтердин негизинде чыгымдалат.
65. Комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ сый акы тѳлѳѳгѳ, ишке тартылган жарандарга сый акы тѳлѳѳгѳ бѳлүнгѳн акча каражаттары алуучулардын карт-эсептеринин банкттык реквизиттерин кѳрсѳтүү менен
участкалык шайлоо комиссиясы берген адамдардын тизмесине ылайык участкалык шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүнүн жана ишке тартылган жарандардын банктык тѳлѳм карталарына жѳнѳтүлѳт. Өзгѳчѳ учурларда, аймактык шайлоо комиссиялары менен макулдашуу аркылуу жана ушул Жобонун 3.23-пунктуна ылайык акча каражаттары комиссиянын мүчѳлѳрүнѳ сый акыны тѳлѳѳ үчүн накталай формада, ишкен тартылган жарандарга акы тѳлѳѳ жана башка чыгымдар тѳлѳм ведомстволорунун/чыгымдык кассалык ордердин негизинде берилет. Тѳлѳм ведомствосунун соңунда участкалык шайлоо кломиссиясынын тѳрагасы “Тѳлѳмдѳр жүргүзүлдү: кызмат адамы, кол тамгасы, кол тамганын чечмелениши (Ф.А.А.А)” деген жазуу түшүрүүгѳ тийиш (6-тиркемени караңыз). Акча каражаттарын алгандыгы үчүн чыгымдарды тастыктоо
иретинде бардык баштапкы документтер тиркелүү менен авансылык отчет жол-жоболоштурулат (12-тиркеме).
66. Участкалык шайлоо комиссиялары авансылык отчеттор боюнча бухгалтердик эсептерди ишке ашырат жана анын негизинде чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык чыгымдоо беренелери боюнча шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ аларга бѳлүнгѳн каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ финансылык отчет түзѳт.
67. Участкалык шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссияларынан негизги каражаттарды (жабдууларды ж.б.) коштомо кагаз боюнча, ал эми шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ товардык-материалдык баалуулуктарды товардык-материалдык баалуулуктарды бероүү ведомствосу боюнча алат (8-тиркеме).
68. Участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы жана катчысы аймактык шайлоо комиссияларынан алган товардык-материалдык баалуулуктарды (9-тиркеме) эсептен чыгаруу актысын түзѳт жана кол коет жана финасылык отчет менен бирге аймактык шайлоо комиссиясына тапшырат.
69. Участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде бѳлүнгѳн акча каражаттарынын, товардык-материалдык баалуулуктардын жана баштапкы тастыктоочу документтердин с акталышын камсыз кылат.
70. Участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы аймактык шайлоо комиссиясынын алдында отчет берет жана тѳмѳндѳгү финасылык документтерди берет:
- бардык чыгымдар ишке ашырылганда участкалык шайлоо комиссиясы накталай эмес формада аймактык шайлоо комиссиясына бухгалтердик эсеп жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулган, чыгашалардын бекитилген сметасы боюнча чыгашаларды тастыктаган бардык баштапкы документтерди берет;
- алынган накталай акча каражаттары боюнча бухгалтердик эсеп жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулган авансылык отчетторду жана бардык негиздѳѳчү баштапкы документтерди тиркѳѳ менен, чыгашалардын бекитилген сметасы боюнча чыгашаларды тастыктаган (1-тиркеме) финасылык отчетту түзѳт жана кол коет;
- алынган товардык-материалдык баалуулуктар боюнча чыгашалардын бекитилген сметасы боюнча чыгашаларды тастыктаган бухгалтердик эсеп жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 11-тиркемедеги форма боюнча товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу актысын түзѳт жана кол коет.
71. Участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясына республикалык бюджеттен каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жана баштапкы документтер жѳнүндѳ финасылык очетту добуш берүү датасынан кийин жети календардык күндѳн кеч эмес берет.
72. Участкалык шайлоо колмиссиясы ѳзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же тийиштүү түрдѳ аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Мамлекеттик сатып алуулар
73. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ишин жана тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынын иштерин, анын ичинде шайлоолорду, референдумдарды [14] даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде камсыз кылуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы борборлоштурулган түрдѳ, мѳнѳнтүнѳн мурда шайлоолорду же референдумдарды ѳткѳрүүнү кошпогондо, тѳмѳндѳгү товарларды, иштерди, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү мамлекеттик сатып алууларды[15] ишке ашырат:
1) байланыш кызматына тѳлѳѳ (уюлдук байланыш, SIM-картка алдын ала тѳлѳѳ);
2) кеңсе керек-жарактарын сатып алуу;
3) интернет байланышы үчүн тѳлѳѳ (анын ичинде автоматтык эсептѳѳчү жабдуулар (АЭЖ) жана планшеттер үчүн;
4) транспорттук чыгымдарга тѳлѳѳ (автотранспорт үчүн ГСМ (талондор/майлар үчүн карттар);
5) басылма продукциялары үчүн кызматтарга тѳлѳѳ;
6) ЖМКда маалыматтарды жарыялоо боюнча кызматтарга акы тѳлѳѳ;
7) жеткирип берүү чыгымдары;
8) шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана иштерин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.
74. Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу бѳлүмдѳрү борборлоштурулган түрдѳ бардык логистикалык опреацияларды жана бардык тийиштүү финансылык документтерди жол-жоболоштурууну жүргүзѳт, стып алынган товардарды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү аймактык шайлоо комиссияларынын ортосунда бѳлүштүрѳт, алар ѳз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен чыгашалардын сметасына же болбосо кызматтык катка ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бѳлүштүрѳт.
5. Кѳзѳмѳл
75. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун, референдумдарын даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ шайлоо комиссияларына бѳлүнгѳн каражаттардын максаттуу чыгымдалышы үчүн кѳзѳмѳл мыйзамдарга ылайык аракеттенген Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында түзүлгѳн кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу тарабынан ишке ашырылат.
6. Корутунду жобо
76. Ушул Жобо кабыл алынган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
77. Ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 13-августундагы №38 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комисиясына, шайлоо комисияларына, референдум комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө» нускама күчүн жоготот.
[1] Мамлекеттик программа – бул Кыргыз Республикасын социалдык- экономикалык ѳнүктүрүү жана улуттук коопрсуздукту камсыз кылуу чѳйрѳсүндѳ артыкчылыктарга жана мамлекеттик максаттарга жетишүүдѳ толтолуу мамлекеттик функцияларды жүзѳгѳ ашыруу алкагында милдеттери, ишке ашыруу мѳѳнѳттѳрү, аткаруучулар жана ресурстар боюнча бири- бирине байланышкан, пландаштырылган иш-чаралардын комплексин жана мамлекеттик саясаттын инструменттерин камтыган стратегиялык пландаштыруунун документи.
[2] Бул жерде: бир шайлоодон экинчисинде кайталанган жана системалык мүнѳз алып жүргѳн шайлоолордун, референдумдардын чыгашалар сметасын пландаштырууга, арифетикалык аракеттерге жана эсептердин эрежелерине карата бирдей мамилени белгилеген нормаларды, коэффициенттерди, лимиттерди, ставкаларды, тарифтерди, стандарттык тутумдарды белгилѳѳ стандарттык каржылоо болуп саналат. Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын оптималдаштыруу жана алады пландаштырууда финасылык ачык-айкындык стандарттык каржылоону пайдалануунун максаты болуп саналат. Каржылоонун стандарттарынын баасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан бекитилген нормалар колдонулдат.
[3] кара: 10 бѳлүм. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 102 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин дептутаттарын шайоодо анын аймагынын тышкары турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун уюштуруу тууралуу жобо.
[4] 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренеси;
[5] Кыргыз Ресрпубликасынын Өкмѳтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген Бирдиктүү казыначылык эсебинин иштѳѳ тартибине ылайык Бирдиктүү казначылык эсеби (БКЭ) колдонулат;
[6] “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссялары жѳнүндѳ” Мыйзамдын 25-беренесине ылайык;
[7] 6 глава. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссялары жѳнүндѳ” Мыйзамдын 25-беренеси;
[8] Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017 –жылдын 28-сентябрындагы № 131 буйругу менен бекитилген «Бюджеттик каражаттарды алуучу» тѳлѳм картасы эсептерин чыгарууну жана ишке ашырууну уюштуруу боюнча иш тартиби жѳнүндѳ» жобого жана КРӨ 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген Бирдиктүү казыначылык эсебинин иштѳѳ тартиби жѳнүндѳ тартипке ылайык;
[9] Кара. Ушул Жобонун жалпы бѳлүмүнүн 9-п;
[10] «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү жѳнүндѳ» КР Финансы министрлигинин 2017 –жылдын 21-декабрындагы № 161-п. буйругуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ;
[11] 3 глава §3. Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча Жободон материалдык жоопкерчилик жѳнүндѳ клишимдерди түзүү;
[12] КР БШКнын 2011-жылдын 14-июлундагы № 23 токому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын ѳкүлү жѳнүндѳ жобого ылайык;
[13] КР БШКнын 2013-жылдын 29-апрелиндеги №62 токому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын системалык администратору жѳнүндѳ жобого ылайык;
[14] “Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
[15] “Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык