КР БШК көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
14 марта 2026
Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча шаардык эки айлык ишембиликке катышты.
КР БШКнын кызматкерлери төраганын орун басары Бахадыр Конуровдун жетекчилигинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артында жайгашкан "Театральный" скверинин бекитилген тилкесинде, ошондой эле ага чектеш аймакта ишембилик өткөрүштү.
Иштин жүрүшүндө аймак катуу тиричилик калдыктарынан, кургак бутактардан, пластиктен жана башка таштандылардан тазаланды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү борбордун санитардык абалын жакшыртууга, ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин шаардын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.


