Өлкөнүн аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуулары өткөрүлдү

18 февраля 2026

2026-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын аймактарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларынын сериясы өткөрүлдү.

Жолугушуулар Кыргыз Республикасынын БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» жоболорун ишке ашыруунун алкагында, «ПисНексус» фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз жараны аталган Доктринанын курамдык бөлүгү болуп саналат жана улуттук биримдикти бекемдөөгө, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө, баалуулук багыттарын калыптандырууга жана активдүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуулар төмөнкү аймактарда өттү:

  • 2–3-февралда — Жалал-Абад облусунун Масы айылында жана Ош облусунун Араван айылында;
  • 10–12-февралда — Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Чүй облусунун Кант шаарында.

Иш-чаралар ЖБББнун аймактык координаторлорунун катышуусу менен өткөрүлүп, калктын ар түрдүү максаттуу топторун, анын ичинде жаштарды жана аялдарды камтыды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз жаранынын баалуулуктары, жарандык иденттүүлүктүн мааниси, жарандык жоопкерчилик жана коомдук турмушка активдүү катышуунун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди. Айрыкча шайлоо маданиятын калыптандыруу, жарандардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусу, демократиялык процесстердеги ар бир жарандын ролу жана добуш берүүдө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын сериясынын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 350дөн ашуун жаран окутуудан өттү.

Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктарын чыгаруу, жетишилген натыйжаларды талкуулоо жана мындан аркы ишмердүүлүктүн багыттарын аныктоо максатында 2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча Доктринанын (Уңгужол) «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» алкагында Тегерек стол өткөрүлөт.

Тегерек стол өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктарын системалаштырууга, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттерди аныктоого жана жарандык иденттүүлүктү туруктуу калыптандыруу, ошондой эле жарандардын коомдук-саясий турмушка жоопкерчиликтүү катышуусун камсыз кылуу багытындагы аракеттерди координациялоону күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

 

​​​​​​​