КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттады
18 февраля 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 18-февралда өзүнүн жыйынында “№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө” токтомун кабыл алды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы №14 токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКсы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.
