КР БШКсы "Сезим" фондунан №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо мезгилине коомдук байкоочуну каттады

05 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 5-февралда өзүнүн жыйынында майыптардын "Сезим" коомдук фондунун 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүсүн карап чыгып, эске алды.

КР БШКнын чечимине ылайык, Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине №13 округдук шайлоо комиссиясында "Сезим" майыптар коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталды.

Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.