№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады

29 января 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00дө 2026-жылдын 1-мартына белгиленген № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.

Жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү (эркектер – 21, аялдар – 10).

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.