КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

29 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- Шарапаткан Мажитованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча – М.Ж. Жумалиев, каржы маселелери боюнча – Т.С. Чүкөтаева;
- Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча – Н.А. Токтосунов, каржы маселелери боюнча – К.К. Кубанычбекова;
- Юлдашева Зиядахан Исламовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча – К.К. Нышанов, каржы маселелери боюнча – Г.А. Мурзакулова;
- Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча – Б.С. Козуев;
- Бейшенкул уулу Амантурдун ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча – Кадырсултан уулу Сапарбек.
- Маматаев Эркинбек Садирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча – Б.Ж. Раимбеков.
Ал эми Маматаев Эркинбек Садирбековичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-январындагы № 3 чечими менен катталган Ирисалиев Акпарали Алтымышовичке берилген каттоо ырастамасы жараксыз деп таанылды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.