КР БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
06 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы №13-көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин «Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды.
Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет.
Биротоло тизмеде 161 347 шайлоочу, анын ичинен:
- эркектер – 80 394, же 49,83%;
- аялдар – 80 953, же 50,17%.
Жашы боюнча:
- 18 жаштагылар – 585, же 0,36%
- 19-35 жаштагылар – 67 435, же 41,80%
- 36-45 жаштагылар – 35 915, же 22,26%
- 46-55 жаштагылар – 23 500, же 14,56%
- 56-65 жаштагылар – 19 687, же 12,20%
- 66 жаштан жогоркулар – 14 225, же 8,82%.
Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) текшере алат:
- 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;
- шайлоо участогунан;
- «tizme.gov.kg» сайтынан;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
