«Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) доктринасын ишке ашыруунун алкагында ЖББШТБ координаторлору үчүн Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган усулдук колдонмо жана видеоматериалдар иштелип чыкты

31 декабря 2025

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖББШТБ) «ПисНексус» фонду менен өнөктөштүктө калкта Кыргыз жараны баалуулуктарын калыптандыруу боюнча ишти уюштуруу боюнча усулдук колдонмону (ЖББШТБнун координаторлору үчүн) иштеп чыгуу иштерин, ошондой эле жарандык иденттүүлүктү жана ар түрдүү максаттуу топтордун жарандык катышуусун жогорулатууга багытталган видеороликтер сериясын даярдоону ийгиликтүү жыйынтыктады.

Усулдук колдонмо жарандарда активдүү жарандык позицияны, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик сезимин, ошондой эле патриотизмди калыптандырууда негизги ролду ойногон ЖББШТБнун координаторлору үчүн атайын иштелип чыккан. Координаторлор жарандарда активдүү жарандык позицияны, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик сезимин, ошондой эле патриотизмди калыптандырууда негизги ролду ойношот. Координаторлор шайлоо системасынын туруктуулугун камсыз кылууда, мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатууда жана калк менен бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо маанилүү звено болуп саналат. Усулдук колдонмо алардын кесиптик компетенцияларын бекемдеп, аймактарда ар түрдүү социалдык топтор менен иштөө үчүн практикалык инструменттерди сунуштайт.

Усулдук колдонмодо калк менен өз ара аракеттенүүнүн сунуштары жана ыкмалары камтылып, алар Кыргыз жараны баалуулуктарын илгерилетүүгө, социалдык биримдикти бекемдөөгө, жарандык катышууну өнүктүрүүгө, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатууга жана ар түрдүүлүк маданиятын колдоого багытталган.

Мындан тышкары, жаштар, аялдар, ишкерлер, эмгек мигранттары, этностук жана диний жамааттардын өкүлдөрү үчүн видеороликтер сериясы даярдалды. Ар бир видеоролик тиешелүү топтун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалган жана жарандык жоопкерчиликти жана маалымдуулукту калыптандырууга жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган.

Иш Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы

№ УП-369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» (Унгужол) доктринасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Усулдук колдонмону жана видеороликтерди иштеп чыгуу эксперттердин, ЖББШТБнун координаторлорунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биргелешкен ишинин жыйынтыгы болду. Материалдарды даярдоодо аймактык өзгөчөлүктөр, координаторлордун практикалык тажрыйбасы, ар кандай максаттуу топтор менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана жарандык билим берүүгө карата заманбап ыкмалар эске алынды.

Алынган материалдар Кыргыз жараны баалуулуктарын илгерилетүү, жарандык аң-сезимди жогорулатуу жана коомдо туруктуу демократиялык маданиятты бекемдөө үчүн инструмент болуп калат.

Кененирээк: https://jaran.kg/ky/jarany/5