2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча кыскача маалымат
13 декабря 2025
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча өзүнүн милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык толугу менен кынтыксыз аткарды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планын түзүп, шайлоо процессин Календардык пландын алкагында ырааттуу өткөрдү.
Көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын, округдук шайлоо комиссияларынын курамын бекитти.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого
589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып,
10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.
Ошону менен шайлоого жалпы 460 талапкер катышып, алардын 271 - эркек, 189 - аял талапкер, майыптыгы бар - 16 талапкер.
Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам талаптарынын негизинде шайлоого катышкан талапкерлерге бирдей шарт түздү. Талапкерлердин, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу максатында шайлоо өнөктүгү жарыяланган күндөн тартып мыйзам алкагында иш алып барды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.
Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар парламенттик шайлоого оң баасын берип, шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга ылайык өттү деген оң бааларын беришти.
Алардын баяндамалары менен төмөнкү шилтема аркылуу кирип, таанышсаңыз болот:
https://shailoo.gov.kg/kg/news/8346/
https://shailoo.gov.kg/kg/news/8348/
https://shailoo.gov.kg/kg/news/8345/
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө КР БШКсы жалпысынан 137 ЖМКны аккредитациядан өткөрду, анын ичинен басма сөз – 37, телеканалдар – 41, радио – 19 , интернет басылмалар – 40.
Талапкерлер жана шайлоочулар менен иштөө боюнча КР БШКнын алдында түзүлгөн жумушчу топтор шайлоо процессинин жүрүшүндө ар бир кайрылууга жооп берип, мыйзам чегинде юридикалык жана маалыматтык колдоо көрсөттү.
2025-жылдын 12-декабрына карата Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 274 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко 116 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко 39 материал келип түшкөн, анын ичинен 12 факты боюнча административдик айып салынган.
Ал эми КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобуна 4 билдирүү келип түшсө, анын ичинен 2 факты боюнча административдик айып салынган.
Жыйынтыктап айтканда, КР БШКнын алдындагы жумушчу топторго келген ар бир билдирүү ыкчам түрдө иликтенип, укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү тараптарга жөнөтүлдү. КР БШКга келип түшкөн кайрылуу, арыз, даттануунун бардыгы каралды.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо негизги өзгөчөлүк – аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулду. Аралыктан добуш берүү ыкмасын колдонуунун негизги максаты – шайлоочулардын добуш берүү укугун камсыз кылуу. Бул ыкма аркылуу өзүнүн аймагынан сырткары жүргөн жарандар каалаган шайлоо участокторунда добуш бере алышты.
Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу түзүлдү. Добуш берүү үчүн жайлардын мүмкүн болушунча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында муктаждыктарды жана логистикалык шарттарды талдоонун негизинде ооруканаларда, аскер бөлүктөрдө, убактылуу кармоочу жайларда, соода борборлорунда жана базарларда 27 аралыктан добуш берүү шайлоо участогу ачылды.
Ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо участогун ачылып, мекендештердин шайлоого катышуусуна шарт түздү. Жалпы аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо өлкөдө алгачкы жолу бюллетендерди басып чыгарууга, шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган 6577 комплект принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) сынактан өттү.
Жалпы 2619 шайлоо участогунда 2619 автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ), 2857 акылдуу батарея, 2749 видеокөзөмөл камерасы жана 3025 модем-роутер пайдаланылды.
Жаңы технология убакытты үнөмдөп, добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздады.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.
2025-жылдын 12-декабрында КР БШКсы өзүнүн жыйынында 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.
VIII чакырылыштагы Жогорку Кенешинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталды.
№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган.
Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди КР БШК 2025-жылдын 17-декабрында тапшырат.
