КР БШК № 26 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
09 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 26 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 26 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Саккараев Медербек Джаманкулович –11 978 добуш (22,33%);
- Исеналиев Эркинбек Аскеевич – 11 265 добуш (21,00%);
- Исаева Джамиля Кубанычбековна – 5 944 добуш (11,08%);
№ 26 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 84 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 132 278 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 53 664 шайлоочу, же 37,84% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 059 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 37,84% түздү.
3 588 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,72% түздү.
№ 26 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, № 7028, № 7029 жана № 7030 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 81 шайлоо участкасында чыгарылды
№ 26 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 26 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Борончиева Айгерим Шамильевна – 172 добуш (0,32%);
2. Айтимбетова Айсулуу Курманбаевна – 743 добуш (1,38%);
3. Аскарова Айнура Алмасбековна – 1 059 добуш (1,97%);
4. Абакиров Эльдар Курманбекович – 7 067 добуш (13,17%);
5. Сыдыгалиев Нурмухамед Ашымбекович – 1 382 добуш (2,58%);
6. Бейшенбаева Гульниза Джумабековна –695 добуш (1,30%);
7. Абдылас Жаркын – 1 099 добуш (2,65%);
8. Саккараев Медербек Джаманкулович –11 978 добуш (22,33%);
9. Ботобаев Айбек Курманович – 978 добуш (1,82%);
10. Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – 5 784 добуш (10,78%);
11. Исаев Акжол Апсаматович – 1 689 добуш (3,15%);
12. Курманалиева Гульназ Шаршеналиевна – 271 добуш (0,51%);
13. Исеналиев Эркинбек Аскеевич – 11 265 добуш (21,00%);
14. Субанов Айбек Манасбекович – 266 добуш (0,50%);
15. Исаева Джамиля Кубанычбековна – 5 944 добуш (11,08%);
16. Кожомкулов Фархат Айбекович – 116 добуш (0,22%);
17. Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич – 886 добуш (1,65%);
18. “Баарына каршы” – 1 372 добуш (2,56%).
№ 26 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Саккараев Медербек Джаманкулович, Исеналиев Эркинбек Аскеевич жана Исаева Джамиля Кубанычбековна таанылды.
