КР БШК № 25 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 25 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
 № 25 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Шабазов Бахридин Валиевич–10 062 добуш (22,01%);
- Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%);
- Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);
№ 25 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 79 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 141 908 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 46 632 шайлоочу, же 32,86% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 42 703 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 30,09% түздү. 
3 929 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,77% түздү. 
№ 25 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 25 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 25 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1.    Иманов Акан Эрикович – 1 295 добуш (2,83%);
2.    Молдокулова Гулзар Кумаровна, 444 добуш (0,97%);
3.    Солтонбекова Ализа Карыпбековна – 1 257 добуш (2,75%);
4.    Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);
5.    Тердикбаев Эрлис Джекшенович – 2 041 добуш (4,46%);
6.    Таштанбеков Акбокон Дукенович–3 511 добуш (7,68%);
7.    Жунусбеков Торокан Бейшенбекович – 445 добуш (0,97%);
8.    Шерикулова Минара Анарбековна –750 добуш (1,64%); 
9.    Кулмамбетов Бакытбек Чолпонбекович – 954 добуш (2,09%);
10.    Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%);
11.    Карабаева Канымбу Исираиловна– 256 добуш (0,56%);
12.    Алканова Элнура Сайдиракмановна – 2 441 добуш (5,34%);
13.    Асанбеков Жаныбек Асанбекович –3 990 добуш (8,73%);
14.    Шабазов Бахридин Валиевич–10 062 добуш (22,01%);
15.    Молдобаев Бактыбек Садырович–1 300 добуш (2,84%);
16.    Жумалиева Жылдызкан Зайнидиновна – 2 609 добуш (5,71%);
17.    Никитенко Наталья Владимировна – 2 098 добуш (4,59%);
19.    “Баарына каршы” – 1 993 добуш (4,23%).

№ 25 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 28 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. 
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 25 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Шабазов Бахридин Валиевич, Тентишев Бакыт Эркинович жана Сейтказиева Эркеайым Алымовна таанылды.