КР БШК № 19 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 19 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
– Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%);
– Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%);
– Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%).
№ 19 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 138 862 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 42 845 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 30,85% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 37 973 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 27,34% түздү. 4 872 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,51% түздү.
№ 19 шайлоо округу боюнча КР БШКсы 25 талапкерди каттады, шайлоого 25 талапкер катышты.
№ 19 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%);
2. Куламбаев Ниязбек Бекжанович – 178 добуш (0,42%);
3. Ибраимова Аселя Раимбековна – 750 добуш (1,78%);
4. Сариев Улан Алмасбекович – 4 746 добуш (11,23%);
5. Толонбаев Таалайбек – 2 006 добуш (4,75%);
6. Осмонов Мирбек Лисбекович – 926 добуш (2,19%);
7. Акимжанова Рысгул Абдыманаповна – 1 298 добуш (3,07%);
8. Баяманов Эркинбек Мусалиевич – 578 добуш (1,37%);
9. Усеинова Нургуль Эмилькановна – 380 добуш (0,90%);
10. Есеналиев Чынгызбек Ырысбекович – 692 добуш (1,64%);
11. Джунусалиев Рамис Майрамбекович – 4 767 добуш (11,28%);
12. Кенжеева Эльмира Жусупбековна – 432 добуш (1,02%);
13. Кыдыров Акай Имаралиевич – 275 добуш (0,65%);
14. Асылбаева Гюльшат Кадыровна – 460 добуш (1,09%);
15. Омурзаков Аманбай Токторович – 994 добуш (2,35%);
16. Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%);
17. Кенжебаев Аманкан Батырбекович – 2 957 добуш (7,00%);
18. Аманбаев Бактыбек Абдилашимович – 2 247 добуш (5,32%);
19. Найзабекова Нуржан Байтемировна – 237 добуш (0,56%);
20. Исабекова Гулзат Жумабаевна – 555 добуш (1,31%);
21. Астаркулов Улан Болотбекович – 1 048 добуш (2,48%);
22. Акматов Сталбек Темирбекович – 1 949 добуш (4,61%);
23. Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%);
24. Кубатова Кульира Идрисовна – 254 добуш (0,60%);
25. Раимбачаева Винера Калыбековна – 600 добуш (1,42%);
26. “Баарына каршы” – 1 676 добуш (3,97%).
№ 19 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 19 округдук шайлоо комиссиясына 1 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн билдирүү каралды жана билдирүү боюнча чечим кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооп берилди.
КР БШКсы, № 19 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Алиев Медербек Кубанычевич, Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич жана Тайгараева Эдита Каныбековна таанылды.



