КР БШК № 18 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,
8-декабрда № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 18 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 18 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%);
- Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%);
- Сатиева Гүлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%);
№ 18 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 77 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 140 104 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 49 052 шайлоочу, же 35,01% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 45 461 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 32,45% түздү.
3 591 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,56% түздү.
№ 18 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 16 талапкер катышты.
№ 18 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 18 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%);
2. Эдигеев Женишбек Кубанычбекович – 4 925 добуш (10,19%);
3. Айдаров Манас Мусадинович – 303 добуш (0,63%);
4. Сатиева Гүлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%);
5. Лурова Лейла Хияновна – 3 939 добуш (8,15%);
6. Оскомбаев Азат Кубанычбекович – 3 743 добуш (8,15%);
7. Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевич – 2 617 добуш (5,41%);
8. Мамаджанова Мунара Мамаджановна – 1 047 добуш (2,17%);
9. Бодошев Талантбек Темирханович – 882 добуш (1,85%);
10. Сатыбалдиев Бусурман – 113 добуш (0,23%);
11. Биймырсаева Дамира Байтерековна – 449 добуш (0,93%);
12. Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%);
13. Сартпаев Эдик Өмүрзакович – 1 421 добуш (2,94%);
14. Бийбосунов Эркин Кубатбекович – 6 815 добуш (14,10%);
15. Аширбаев Элкинбек Токтогонович – 631 добуш (1,38%);
16. Султанкулова Алтынай Эркинбековна – 587 добуш (1,21%);
17. “Баарына каршы” – 924 добуш (1,91%).
№ 18 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 18 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 3 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 18 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ханджеза Карим Лемзарович, Чомоев Бакыт Муратбекович жана Сатиева Гүлжан Эркинбековна таанылды.
