КР БШКсы № 26 шайлоо округунан талапкерлер Э.Абакиров, Г.Бейшенбаева жана А.Исаевдин арыздарын канааттандыруудан баш тартты

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 26 шайлоо округунан талапкерлер Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаевдин арыздарын карады.

Алар КР БШКга № 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №1 токтомуна ылайык №7028, №7029 жана №7030 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышкан.

Арыз ээлери №26 шайлоо округунун чечимин кайра карап чыгууну жана алардын добуштарын тиешелүү участкаларда калыбына келтирүүнү өтүнүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар (шайлоочуларды сатып алуу) текшерүү материалдарында аты-жөнү көрсөтүлгөн конкреттүү талапкерге гана тиешелүү экенин белгилешүүдө.

Арызда ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын маалыматы боюнча, бул талапкерге карата 2025-жылдын 30-октябрында кылмыш иши козголгону, ал эми буга чейин ага ушундай эле мыйзам бузуу үчүн расмий эскертүү берилгени белгиленген. Талапкерлер жоопкерчилик чаралары пропорционалдуулук жана тең салмактуулук принциптеринен улам добуш берүүгө катышкан башка адамдардын добуштарын жокко чыгарбастан, мыйзам бузууга жол берген адамга гана карата колдонулушу керек деп эсептешет.

2025-жылдын 8-декабрында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп, анда  КР Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын начальниги  У.Зикиралиевдин жана арыз ээлеринин пикирлери угулду.

Натыйжада Жумушчу топ жогоруда аты аталган талапкерлердин арыздарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады. Анткени, шайлоо комиссиясынын чечими шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган жана компетенттүү органдар тарабынан аныкталган мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына негизделген, каралган жол-жоболорду сактоо менен кабыл алынган.

КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлер Э. Абакировдун, Г. Бейшенбаеванын жана А. Исаевдин №26 шайлоо округунун №1 чечимине карата арыздарын канааттандыруудан баш тартты.