Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп таанылган талапкерлердин эсине!
08 декабря 2025
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин шайланды деп таанылган бул талапкерлерге эскертет.
Шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт
Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана шайланды деп таанылган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

