Талапкер Э.Сулаймановдун үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу кайрылган жарандын арызы далилдер менен тастыкталган жок

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 5 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльдар Сулаймановдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу жаран Дилмурат Рахмановдун арызын карады.  

КР БШКга арыз менен кайрылган Д.Рахманов 2025-жылдын 29 ноябрынан 30-ноябрдын саат 02.30га чейин Ош шаарында Достук чек ара постунан баштап Курманжан датка көчөсүнүн боюнда жайгашкан ЛЭД-экрандарда талапкер Э. Сулаймановдун үгүт роликтери көрсөтүлгөн деп билдирген. Арыз ээси бул "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузган деп эсептейт. 

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-декабрындагы жыйынына арыз ээси Д.Рахманов чакырылып, анын пикири угулду. Арыз ээси келтирилген жүйөлөрдү кайталады, бирок ал айткан жагдайды объективдүү тастыктаган документтерди жана башка далилдерди берген жок.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-беренесине ылайык, арыздар (даттануулар) негизделген жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек. Жумушчу топ жаран Д.Рахмановдун арызын изилдеп, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар болжолдуу, баа берүүчү жана тастыкталбаган мүнөздө деп эсептейт, ошондуктан алар далилдөөчү база катары колдонулушу мүмкүн эмес.  

КР БШКсы, жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык жаран Д.Рахмановдун  арызын канааттандыруудан баш тартты.