КР БШК № 20 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

     № 20 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);

- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);

- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%).

№ 20 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 24,65% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 27 357 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 21,33% түздү. 4 245 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,31% түздү. 

№ 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 18 талапкерди каттады, 1 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.

№ 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы     № 20 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%); 

2. Курманбекова Бермет Курманбековна – 983 добуш (3,16%);

3. Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна – 442 добуш (1,42%);

4. Алымбеков Максат Джумакадырович – 2 867 добуш (9,23%);

5. Мухидинов Оятулло Нуралиевич – 1 102 добуш (3,55%);

6. Ташибекова Гульнара Адыловна – 840 добуш (2,70%);

7. Алыбаева Жаңыл Ишенбековна – 564 добуш (1,82%);

8. Намазалиев Алтынбек Абдисаламович – 1 790 добуш (5,76%);

9.Кермалиев Таалайбек Женишович – 1 727 добуш (5,56%);

10.    Болгонбаев Азамат Таалайбекович – 1 236 добуш (3,98%);

11.    Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);

12.    Асекова Гулмира Асанкуловна – 810 добуш (2,61%);

13.    Ибраимова Малика Багдатовна – 530 добуш (1,71%);

14.    Разиков Аброр Джононович – 800 добуш (2,58%);

15.    Абдыгулова Асель Мисировна – 523 добуш (1,68%);

16.    Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%);

17.    Ташматов Сапар Планович – 974 добуш (3,14%);

18.    “Баарына каршы” – 1 779 добуш (5,73%).

    Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 20 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 9 билдирүү келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

КР БШК № 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп  Айтиев Темирлан Тынычбекович, Атамбаев Сеидбек Алмазбекович жана Ашымбаева Токтобүбү Абасовна таанылды.