КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобо бекитилди
05 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, комиссиянын сыйлыктары менен сыйлоо тартибин аныктоо максатында КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобону токтом менен бекитти.
Токтомго ылайык төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылды:
- КР БШКнын 1999-жылдын 16-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу” токтому;
- КР БШКнын 2021-жылдын 3-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу” токтому.


