Сак болуңуздар, КР БШКнын атынан фейк билдирүү тарап жаткандыгын эскертебиз!
05 декабря 2025
Урматтуу мекендештер, талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү!
Акыркы кездерде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жупуева Айдана Садыковнанын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле, пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз.

