КЭРдин байкоочулар миссиясы: Шайлоо ийгиликтүү жана тынч шартта өттү, мыйзам бузуулар аныкталган жок

01 декабря 2025

Кытай Эл Республикасынын байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоонун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу баяндамасын сунуштады.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чакыруусуна ылайык, 2025-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин Кытай Эл Республикасынын байкоочулар миссиясы (мындан ары – Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун (мындан ары – шайлоо) даярдыгы жана өткөрүлүшү боюнча мониторинг жүргүздү.

Миссия өз байкоочулук милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так, өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтоо жана анын ички ишине кийлигишпөө принциптерине таянып аткарды.

Иштин жүрүшүндө Миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, добуш берүүнүн тартиби жана шайлоого даярдык менен таанышты.

Добуш берүү күнү – 30-ноябрда Миссия бир катар шайлоо тилкелеринде болуп, добуш берүү бюллетендерин даярдоого катышкан, шайлоочулардын инсандыгын тастыктоочу документтерин текшерүү жана бюллетендерди берүү процесстерине мониторинг жүргүзгөн, добуш берүүнүн жүрүшүн жана добуштарды саноо процессин байкаган.

Миссиянын мүчөлөрү барган аймактарда шайлоо комиссиялары шайлоо мыйзамдарын жана депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалыматтарды толук жана өз убагында жарыялаганын, шайлоочулардын маалыматка жетүүсү натыйжалуу камсыздалганын аныкташты. Шайлоо процедуралары ММК тарабынан кеңири жана ачык чагылдырылган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Миссия добуш берүү мыйзамдуу, демократиялык, транспаренттүү жана ачык-айкын өткөнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана шайлоо мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине туура келгенин белгилейт. Шайлоо ийгиликтүү жана тынч маанайда өттү, мыйзам бузуулар аныкталган жок, өзүнүн саясий тандоосун добуш берүү жолу менен билдирүү укугуна ээ болгон КР жарандарынын укуктары толук камсыздалды.

Миссия Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын башка түзүмдөрү менен мекемелерине көрсөтүлгөн колдоо жана көмөк үчүн ыраазычылык билдирет».