Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдө бузуулар болду деген маалымат боюнча КР БШКнын билдирүүсү
29 ноября 2025
Депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдөгү бузуулар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу КР БШК, КРнын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, бул аракеттер добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартибин жөнгө салуучу "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык ишке ашырылганын билдирет.
Аталган нормага ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген же майыптыгынан улам шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар үчүн көчмө добуш берүү каралган.
Мында шайлоочу катталган жана көчмө шайлоону өткөрүүчү шайлоо участогунун шайлоочулар тизмесине киргизилген болууга тийиш.
№1130 шайлоо участогунун шайлоочулар тизмесинде турган шайлоочунун I топтогу майыптыгы бар экендигин, шайлоочунун жакын тууганы – кызы үйдөн добуш берүүгө арыз бергендигин билдиребиз.
Шайлоочунун конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында №1130 участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнү анын турган жеринде уюштурду. Комиссия мүчөлөрү көчмө урнаны жеткиришип, шайлоочу бюллетенин таштоого мүмкүнчүлүк алды.
Ошондой эле, №1161 шайлоо участогундагы мыйзам бузуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: төрага "кимге жана кантип добуш берүү керектиги" боюнча көрсөтмө берген деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Участкада жашыруун добуш берүү принциби катуу сакталат, шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жол берилбейт.
“Майда бузуулар” деген дооматтар да негизсиз: шайлоо участогу өз убагында иштей баштады, жабдыктар кадимки тартипте иштеп, бардык процедуралар БШКнын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.
УШК шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактап, ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана шайлоочулардын укуктарынын сакталышын камсыздайт.
