КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Өзбекстан Республикасынын БШК төрагасы Зайнидин Низамходжаев менен жолугушту

29 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайнидин Низамходжаев менен жолугушту.

Т. Шайназаров Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессине көрсөткөн кызыгуусу үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Өзбекстан БШКсынын төрагасы Зайнидин Низамходжаев бүгүн КР БШКсынын төрагасынын эл аралык байкоочулар үчүн презентациясы жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасында кыска убакыт ичинде коюлган милдеттер натыйжалуу ишке ашырылып, шайлоонун ачык-айкын жана уюшкандык менен өтүүсү үчүн шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Зайнидин Низамходжаев мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолор тынч, жогорку деңгээлде болооруна ишенимин билдирди. Ошондой эле 800гө жакын эл аралык байкоочунун катышып жаткандыгын өзгөчө белгилеп, алар Кыргызстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө күбө боло турганын айтты.

Ал кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин, өлкөнүн табигый кооздугун жана маданий өзгөчөлүктөрүн ыраазычылык менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар шайлоо процессин уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташууну улантууга даярдыгын ырасташты.