Бүгүн, 29-ноябрь – шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү»

29 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларын 2025-жылдын 29-ноябрында «жымжырттык күнү» башталганын маалымдайт – бүгүн ар кандай формадагы үгүт иштерине тыюу салынат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, тагыраак айтканда, 2025-жылдын 29-ноябрында саат 8:00дөн тартып токтойт.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- ЖМК, интернет-басылмалар жана социалдык түйүндөр аркылуу үгүт жүргүзүүгө;

- Митингдер, жыйындар, теледебаттар сыяктуу коомдук үгүт иш-чараларын өткөрүүгө;

- Үгүт материалдарын (басма, аудиовизуалдык жана башка) таратууга;

- Мыйзамда каралган башка үгүт формаларына.

Мурда жайгаштырылган үгүт материалдары (плакаттар, билборддор ж.б.), эгер алар шайлоо комиссияларынын имараттарынан тышкары жайгашкан болсо, өз ордунда калат.

Мыйзам бузуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартууга алып келээрин эске салабыз.

«Жымжырттык күнүндө» шайлоо комиссияларынын маалымат берүү иши улантылат - бул мыйзамдын жоболорун жана добуш берүүнүн тартибин түшүндүрүү, ошондой эле шайлоого катышууга чакыруу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт.