Үгүт шарттарын бузган үч талапкерге айып пулдар салынды
28 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карап, үч талапкерге айып пулдарды салды.
КР БШКга № 9 шайлоо округунан талапкер Сардарбек Даут Ахуновдон талапкерлерге үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар түзүлбөй жаткандыгына байланыштуу арызы келип түшкөн.
Арыз ээси ушул эле округдан талапкер Азамжан Джалиловдун тарапташтары тарабынан үгүт материалдарын жайгаштыруу боюнча тоскоолдук болуп жаткандыгын жана кээ бир жарандарга кысым көрсөтүү фактысын текшерип берүүнү суранган.
Бул боюнча КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Өзгөн райондук Ички иштер башкармалыгынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом келип түшкөн. Талапкер С.Даут Ахуновдун баннери «Ажва» дүкөнүнүн фасадына дүкөндүн ээси менен макулдашылган шартта илинген. Бирок талапкер А.Джалиловдун өкүлдөрү С. Даут Ахуновдун баннерин алып салып, өз баннерин гана илүүнү талап кылышкандыгы аныкталган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 28-ноябрындагы отурумунда Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Т.Алишов, талапкерлер А. Джалилов жана С. Даут Ахунов чакырылып, угулду. Жумушчу топ талапкер А.Джалиловго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ № 2 шайлоо округунан талапкер Ы.Атажановдун үгүт китепчеси боюнча билдирүүнү карап, китепче шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү талаптарына каршы келерин аныктады. Китепчеде курулуштар, жол, транспорт, мектеп, мамлекеттик объектилердин оңдолуп-түзөлгөндүгү жана келечекте дагы жасала тургандыгы жөнүндө жазылган.
Жумушчу топ талапкер Ы. Атажановго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренелеринде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында Facebook социалдык тармагында № 12 шайлоо округунан талапкер Бактыбек Сыдыковдун үгүт шарттарын бузган билдирүүсү аныкталды. Талапкер Б. Сыдыков 17 футбол талаасын куруп бергендигин, мындан ары да куруп берүүнү пландап жатканын жана транспорт, жолдор, калкты автобус менен камсыздоо боюнча убадаларды берген.
Жумушчу топ талапкер Б.Сыдыковго карата да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына талапкерлер А.Джалиловго, Ы.Атажановго жана Б.Сыдыковго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
