Үгүт шарттарын бузгандыгы учүн талапкер Ы.Атажановго эки айып пул салынып, эскертүү берилди

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, үгүт шарттарын бузган талапкер тууралуу маселени карап, ага айып пул салуу менен бирге эскертүү берди.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламович жөнүндө таратылып жаткан маалыматтар мыйзам тарабынан белгиленген үгүт жүргүзүү шарттарын бузуп жатканы аныкталды.
Тактап айтканда, Instagram социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» колдонуучусунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкердин шайлоочулар менен мечиттин аймагында жолугушуусу чагылдырылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, диний имараттардын ичинде жана алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Мындан тышкары, WhatsApp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына кире бериштеги аркага талапкердин үгүт баннери орнотулганы аныкталды. Муну менен талапкер мыйзамдагы “тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге, обелисктерге жана имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат” деген талапты бузган.
Ошондой эле Instagram социалдык тармагындагы колдонуучунун «yrysbek.atajanov» баракчасында үгүт видео материалда талапкер Майдан айылынын тургундары үчүн социалдык объектилерди, ошондой эле башка нерселерди курууга убада берип, келишимге кол коюп, жарыялаган.
Мыйзамга ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Жумушчу топ № 2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбекке карата шайлоо мыйзамындагы талаптарды бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну жана эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке айып пул салуу милдетин жүктөдү. Талапкерге КР БШКсы ошондой эле эскертүү берди.