КР БШКсы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

23 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин “Тизме" https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2025-жылдын 25-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илинет.

Биротоло тизмеде 4 294 243 шайлоочу, анын ичинен:

- эркектер – 2 081 514, же 48,47%;

- аялдар – 2 212 729, же 51,52%.

Жашы боюнча:

- 18 жаштагылар – 104 693, же 2,44%:

- 19-35 жаштагылар – 1 707 851, же 39,77%

- 36-45 жаштагылар – 923 975, же 21,52%

- 46-55 жаштагылар – 650 851, же 15,16%

- 56-65 жаштагылар – 528 771, же 12,31%

- 66 жаштан жогоркулар – 378 102, же 8,80%.

Эске салсак, шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:

- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

- шайлоо участкасына барып;

- “tizme.gov.kg” сайтында;

- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.