Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча үч талапкерге, атаандашынын ар намысына шек келтирген бир талапкерге айып пул салынды
21 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган талапкерлер жана атаандашынын ар намысына шек келтирген талапкер боюнча маселелерди карады.
Натыйжада, Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 22 шайлоо округунан талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичке, № 12 шайлоо округунан талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага, № 10 шайлоо округунан талапкер Саматов Жыргалбек Алимбаевичке үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн, ал эми № 6 шайлоо округунан талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичке ушул эле округдан талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы үчүн айып пул салуу чечими кабыл алынды.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында социалдык тармактарда “emilbek_abdykadyrov” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, талапкер Э.Абдыкадыров үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканын аныктаган. Тактап айтканда, талапкердин кесиптик ишмердүүлүгү же кызматтык (милдеттик) ыйгарым укуктарын аткаруу жөнүндө маалымат чыккан.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүттүн жүрүшүндө талапкерлердин кесиптик ишине же алардын кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланышкан ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты таратууга тыюу салынган.
Талапкер Н.Койчуманова жана талапкер Ж.Саматов шайлоо мыйзамдарындагы “Талапкер жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын ичинде, алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт” деген талапты бузушкан. Талапкерлердин үгүт шарттарын бузгандыгы Whatsapp аркылуу таратылган фотоматериалдарга ылайык аныкталган.
Ал эми № 6 шайлоо округунан талапкер Б.Арзибаев ушул эле округдан талапкер А.Кудайбердиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы тууралуу арыз менен КР БШКга А.Кудайбердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Адамбаев кайрылган. Ал Б.Арзибаев шайлоочулар менен жолугушуу учурунда ушундай маалыматты жарыялаганын маалымдаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлер Э.Абдыкадыровго, Н.Койчумановага, Ж.Саматовго 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, Б.Арзибаевге 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.





