КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Р.М. Токтосунов жана каржы боюнча А.Ж. Жумабеков;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Акунова Лиранын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.Н.Эркинбаевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна К.А.Уркунбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

