КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөдөгү диаспоралардын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

19 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 19-ноябрда өлкөдөн тышкары жашаган кыргыз диаспораларынын жана мекендештердин коомдук уюмдарынын жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Улуу Британия, Египет, Италия, Польша, Түштүк Корея Республикасы, Россия, АКШ, Түркия, Өзбекстан, Франция, Чехия, Швейцария жана Япония мамлекеттеринде жашап, иштеп жүргөн 40тан ашуун мекендештер катышты.

Тынчтык Шайназаров шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңычылдыктар, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

БШК төрагасы билдиргендей, чет өлкөдө добуш берүү үчүн толук ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында чет мамлекеттерде уюштурулган шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата чет өлкөдө 100 шайлоо участкасы ачылып, алардын санын көбөйтүү багытында иштер улантылууда.

Жолугушуунун катышуучулары шайлоо мыйзамдарын колдонуу, чет өлкөлүк шайлоо тилкелеринин ишин уюштуруу, диаспора өкүлдөрүн шайлоо процесстерине тартуу боюнча маселелерге кызыгуу менен кайрылышты. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жарандарды шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу маалымдоо жаатында өз сунуштарын айтышты.

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык суроолорго кеңири жана толук жооп берип, мекендештерге алардын жигердүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктарды активдүү түрдө добуш берүүгө жана алдыдагы шайлоолор тууралуу башка мекендештерди да маалымдоого көмөк көрсөтүүгө чакырды.