Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды
18 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине:
- “Калк ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.Р. Сарымсакова;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан В.М.Богер, А.М.Мамбеталиев, В.А.Кан, Б.Н.Ташбаев, Р.Болотбек уулу, Г.О.Сулайманова, Г.Т.Абакова, И.А.Байназаров жана Д.М.Абыкеев киргизилди.


